bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 20
Genesis 20
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 21 →
1
Ыбрайым ал жерден чыгып, түштүккө келип, Кадеш менен Шурдун ортосуна жайгашып, Герар жеринде убактылуу жашап турду.
2
Ыбрайым өз аялы Саараны: «Бул менин карындашым», – деди. Ошондо Герар падышасы Абы-Мелек киши жиберип, Саараны алдыртты.
3
Кудай Абы-Мелекке түн ичинде түшүндө келип, ага мындай деди: «Эми сен алган бул аял үчүн өлөсүң, анткени анын күйөөсү бар».
4
Абы-Мелек болсо Саарага тийген жок. Ал мындай деди: «Эгедерим! Кантип эле Сен айыпсыз элди жок кыласың?
5
Ыбрайым мага: “Бул менин карындашым”, – деп, өзү айтпады беле? Саара да: “Ал менин агам”, – деген. Мен муну таза жүрөк, таза кол менен кылгам».
6
Ошондо Кудай түшүндө ага мындай деди: «Сен муну таза жүрөк менен кылганыңды Мен билемин, ошондуктан сени ага тийгизбей, Мага каршы күнөө кылуудан сактап калдым.
7
Аялды күйөөсүнө азыр эле кайтарып бер, анткени ал – пайгамбар, ал сен үчүн сыйынсын, ошондо сен тирүү каласың. Эгерде кайтарып бербесең, анда билип кой, сен бардык адамдарың менен кошо, сөзсүз, өлөсүң».
8
Ошондо Абы-Мелек эртең менен эрте туруп, өзүнүн бардык кулдарын чакырып алып, бул сөздөрдүн бардыгын аларга угуза айтып берди. Алар абдан коркуп кетишти.
9
Анан Абы-Мелек Ыбрайымды чакырып алып, ага: «Эмне үчүн сен бизге мындай кылдың? Мага жана менин падышачылыгыма чоң күнөө келтиргидей, сага эмне күнөө кылдым эле? Сен туура эмес иш кылдың.
10
Сен бул ишти кандай ой менен кылдың эле?» – деди.
11
Ыбрайым мындай жооп берди: «Бул жерде Кудайдан коркуу жок болгондуктан, мени аялымдын айынан өлтүрүп коюшат деп ойлодум.
12
Ал, чын эле, менин карындашым. Экөөбүз аталаш бир тууганбыз, энебиз башка. Азыр болсо ал менин аялым.
13
Кудай мени атамдын үйүнөн жер кезүүгө алып чыкканда, мен ага: “Мага ырайым кылып, кайсы жерге келсек да, бардык жерде сен мени: 'Бул менин агам' де”, – деп айткан элем».
14
Ошондо Абы-Мелек Ыбрайымга майда жана бодо мал, кулдарды жана күңдөрдү берди. Аялы Саараны да ага кайра берди.
15
Анан Абы-Мелек мындай деди: «Мына, менин жерим сенин алдыңда. Каалаган жериңде жаша».
16
Саарага да мындай деди: «Мына, мен бир тууган агаңа миң күмүш шекел бердим. Бул сенин бүт элдин алдында ак экениңди билдирет, сен бардыгынын алдында акталдың».
17
Анан Ыбрайым Кудайга сыйынды. Ошондо Кудай Абы-Мелекти, анын аялын, күңдөрүн сакайтты, алар төрөй башташты.
18
Анткени Теңир Ыбрайымдын аялы Саара үчүн Абы-Мелектин үйүндөгү бардык аялдарды төрөбөс кылып салган эле.
← Chapter 19
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 21 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50