bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 39
Genesis 39
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 38
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 40 →
1
Жусуп болсо Мисирге жеткирилди. Аны алып келген Ысмайыл уулдарынын колунан фараондун сарай кызматчысы, сакчылардын башчысы, мисирлик Потипар сатып алды.
2
Теңир Жусуп менен болду. Ал иштеринде ийгиликке жетти, мисирлик мырзанын үйүндө жашады.
3
Теңир Жусуп менен экенин, кандай иш кылбасын, Теңир анын колуна ийгилик берип жатканын мырзасы көрдү.
4
Ошентип, Жусуп мырзасынан ырайым таап, ага кызмат кылып жүрдү. Ал Жусупту өз үйүнө башкаруучу кылып койду, өзүнүн колундагысынын баарын ага тапшырды.
5
Ал Жусупту өзүнүн үйүнө, колундагысынын баарына башкаруучу кылып койгондон тартып, Теңир Жусуп үчүн мисирлик мырзанын үйүнө батасын берди. Теңирдин батасы анын үйүндөгү жана талаасындагы бардык мал-мүлкүнүн үстүндө болду.
6
Ошентип, ал колундагысынын баарын Жусупка тапшырды. Анын барында ал жеген нанынан башка эч нерсе менен иши болбоду. Жусуп келишимдүү, сулуу жигит эле.
7
Мырзасынын аялынын Жусупка көзү түшүп, ага: «Мени менен жат», – деди.
8
Бирок ал каршы болуп, мырзасынын аялына: «Мырзам менин барымда үйүндө эч нерсе менен иши жок, болгон нерсесинин бардыгын мага тапшырды.
9
Бул үйдө менден чоң эч ким жок. Ал сенден башкасына тыюу салган жок, анткени сен анын аялысың. Кантип мен ушундай жаман ишти кылып, Кудай алдында күнөөгө батам?» – деди.
10
Ал аял Жусупка күн сайын ушинтип айта берсе да, ал аны менен жатууга, аны менен бирге болууга макул болгон жок.
11
Бир күнү Жусуп өз иштерин кылганы үйгө кирди. Ошол учурда үйдүн ичинде үйдөгүлөрдөн эч ким жок эле.
12
Аял аны кийиминен кармап: «Мени менен жат», – деди. Бирок ал сырткы кийимин аялдын колуна калтырып, сыртка качып чыкты.
13
Аял болсо Жусуптун сырткы кийимин калтырган бойдон сыртка качып чыкканын көрүп,
14
үйүндөгүлөрүн чакырып алып: «Карагылачы, ал биздикине бул эврейди бизди шылдыңдатмакка алып келиптир. Ал мени менен жатканы келиптир, бирок мен катуу кыйкырып жибердим.
15
Ал менин кыйкырганымды угуп, сырткы кийимин калтырып, сыртка качып чыкты», – деди.
16
Ошентип, аял мырзасы үйүнө келгенге чейин, Жусуптун сырткы кийимин өзүнө калтырып койду.
17
Анан күйөөсүнө ушул эле сөздөрдү кайталады: «Сен биздикине алып келген эврей кулуң мени шылдыңдаганы келди.
18
Бирок мен чуу көтөрүп кыйкырып жибергенде, ал сырткы кийимин калтырган бойдон сыртка качып кетти».
19
Мырза аялынын оозунан «Сенин кулуң мага ушундай кылды» деген сөздү укканда, абдан ачууланды.
20
Ошондо мырзасы Жусупту падышанын туткундары жаткан зынданга салдырды. Ошентип, ал ошол зынданда жатты.
21
Теңир Жусуп менен болду. Ага ырайымын төгүп, зындан башчысынан ырайым таптырды.
22
Ошондо зындан башчысы зындандагы туткундардын бардыгын Жусуптун колуна берди. Жусуп ал жердеги бардык иштин үстүнөн башкаруучу болду.
23
Зындан башчысы ага тапшырылган иштерге кийлигишчү эмес, анткени Теңир Жусуп менен болуп, ал эмне кылбасын, бардык ишине ийгилик берип жатты.
← Chapter 38
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 40 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50