bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 7
Genesis 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 8 →
1
Ошондо Теңир Нухка мындай деди: «Бүт үй-бүлөң менен кемеге кир, анткени замандаштарыңдын ичинен сени Өзүмдүн алдымда адил деп таптым.
2
Жер үстүндө тукумун сактап калыш үчүн, ар бир адал малдын эркек-ургаачысынан жетини, адал эмес малдын эркек-ургаачысынан экини,
3
асман канаттууларынын эркек-ургаачысынан жетини ал.
4
Анткени жети күндөн кийин Мен жер бетине кырк күн, кырк түн жамгыр төгүп, Өзүм жараткан тирүү жандардын баарын жер бетинен жок кылам».
5
Теңир эмнени буйруса, Нух ошонун бардыгын жасады.
6
Жер бетин топон суу каптаганда, Нух алты жүз жашта эле.
7
Топон суу каптардын алдында Нух уулдары, аялы, келиндери менен кемеге кирди.
8
Адал жана адал эмес малдар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарлар,
9
Кудай Нухка буйрук кылгандай, түгөй-түгөйү менен, эркек-ургаачы болуп, Нухтун кемесине киришти.
10
Жети күн өткөндөн кийин жер бетин топон суу каптады.
11
Нухтун өмүр сүргөнүнө алты жүз жыл болгондо, экинчи айдын он жетинчи күнү зор туңгуюктун бардык булактары атырылып ачылды, асман терезелери да ачылды.
12
Жер бетине кырк күн, кырк түн жамгыр төгүп турду.
13
Так ошол күнү Нух уулдары Шем, Хам, Жепет менен, аялы жана келиндери менен кемеге кирди.
14
Алар менен кошо бардык жаныбарлар, түр-түрү менен малдар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарлар, түр-түрү менен бардык учуп жүрүүчүлөр, бардык канаттуулар, бардык куштар,
15
өмүр деми бар тирүү жандыктардын баары түгөйү менен Нухтун кемесине киришти.
16
Кудай Нухка буйругандай, бардык жаныбарлар эркек-ургаачы болуп кемеге киришти. Ошондо алардын артынан Теңир эшикти жапты.
17
Жер бетинде топон суу кырк күнгө созулду. Суу көбөйүп, кемени көтөрдү. Кеме жерден жогору көтөрүлдү.
18
Суу болсо күчөп, көбөйгөндөн көбөйө берди. Кеме суунун үстүндө калкып калды.
19
Суу жер бетинде күчөгөндүктөн, асман астындагы бардык бийик тоолор суу астында калды.
20
Суу тоолордон он беш чыканактай жогору көтөрүлүп, аларды басып калды.
21
Жер бетиндеги кыбыр эткен бардык тирүү жандар: канаттуулар, малдар, жаныбарлар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарлар жана бардык адамдар өмүрүнөн ажырады.
22
Кургактыкта жашаган, таноосунда өмүр рухунун деми бар тирүү жандардын бардыгы кырылды.
23
Жер үстүндөгү тирүү жандын бардыгы кырылды: адамдан тартып малга чейин, сойлоп жүрүүчү жаныбарлар, асман канаттуулары – бардыгы кырылып, жер бетинен жок болду. Нух менен кемеге киргендер гана тирүү калышты.
24
Жер бетинде суунун деңгээли жүз элүү күн бою улам жогорулап турду.
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50