bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 23
Genesis 23
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 24 →
1
Саара жүз жыйырма жети жыл жашады.
2
Ал Кирийат-Арбада, Канаан жериндеги азыркы Хеброндо көз жумду. Ыбрайым Саараны жоктоп ыйлап аза күтүү үчүн келди.
3
Анан Ыбрайым маркумдун жанынан кетип, Хет уулдарына мындай деп айтты:
4
«Мен силердин араңарда келгинмин, жер которуп келген кишимин. Маркумумду көмүү үчүн, араңардан менчикке жер бергиле».
5
Хет уулдары Ыбрайымга мындай деп жооп айтышты:
6
«Мырзабыз, бизди укчу. Сен биздин арабызда Кудайдын төрөсүсүң. Маркумуңду биздин көрүстөнүбүздүн эң жакшы жерине кой. Маркумуңду көрүстөнүбүзгө коюуга эч кимибиз каршы болбойбуз».
7
Ошондо Ыбрайым ордунан туруп, ал жердин элине – Хет уулдарына таазим кылды.
8
Анан аларга мындай деп айтты: «Эгерде силер менин маркумумду коюуга макул болсоңор, анда менин сөзүмдү угуп, мен үчүн Сохар уулу Эпрондон сурап бергиле.
9
Ал мага талаасынын четиндеги Махпел үңкүрүн силердин көзүңөрчө өз баасына менчикке сатсын, аны көрүстөн кылам».
10
Эпрон болсо Хет уулдарынын арасында отурган. Ошондо хеттик Эпрон өзүнүн шаарынын дарбазасынан кирген Хет уулдарынын баарына угуза Ыбрайымга мындай жооп айтты:
11
«Жок, мырзам, уксаң мени. Мен сага талаамды да берем, андагы үңкүрдү да берем, сага аны өз элимдин уулдарынын көзүнчө бекер эле берем, маркумуңду кой».
12
Ыбрайым ал жердин адамдарына таазим этип,
13
ал жердин элине угуза Эпронго мындай деп айтты: «Эгерде тил алсаң, сага талаа үчүн күмүш берейин. Аны ал, мен ал жерге маркумумду коёюн».
14
Эпрон Ыбрайымга мындай деп жооп айтты:
15
«Мырзам! Уксаң мени. Жер төрт жүз шекел күмүш турат. Мен үчүн да, сен үчүн да бул эмне болуп калыптыр? Маркумуңду көмө бер».
16
Ыбрайым Эпрондун айтканын угуп, Хет уулдарына угуза канча деп айтса, көпөстөр колдонгон төрт жүз шекел күмүштү Эпронго таразага тартып берди.
17
Ошентип, Мамрейдин каршысындагы Махпелдеги Эпрон талаасы, ал жердеги үңкүр, ошондой эле талаадагы жана анын бардык тегерек-четиндеги бак-дарактардын баары
18
анын шаарынын дарбазасы менен кирген бардык Хет уулдарынын көз алдында Ыбрайымдын ээлигине өттү.
19
Ошондон кийин Ыбрайым аялы Саараны Канаан жериндеги Мамрейдин (азыркы Хеброн) каршысындагы Махпел талаасындагы үңкүргө койду.
20
Ошентип, Хет уулдарынан алган андагы талаа менен үңкүр Ыбрайымдын менчик көрүстөнү болуп калды.
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 24 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50