bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 26
Genesis 26
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 27 →
1
Ыбрайымдын убагында болгондой эле, жер бетинде дагы ачарчылык болду. Ыскак Пелишти падышасы Абы-Мелекке бармак болуп, Герар жерине жөнөдү.
2
Теңир ага келип, мындай деди: «Мисирге барба, Мен сага айткан жерде жаша.
3
Ошол жерде келгин катары жаша. Мен сени менен болом, сага батамды берем, анткени сага жана сенин тукумуңа ошол жердин баарын берем, Мен сенин атаң Ыбрайымга берген антымды орундатам.
4
Сенин укум-тукумуңду асмандагы жылдыздардай көбөйтөм. Сенин укум-тукумуңа бул жердин баарын берем. Жер жүзүндөгү бардык элдер сенин уругуң аркылуу бата алышат.
5
Анткени Ыбрайым Менин айтканымды угуп, Мен аткар деп осуят кылганды, Менин буйруктарымды, көрсөтмөлөрүмдү, мыйзамдарымды аткарды».
6
Ошентип, Ыскак Герарга отурукташты.
7
Ал жердин тургундары анын аялы жөнүндө сурашканда, ал: «Бул менин карындашым», – деп жооп берди. Ребека үчүн бул жердин тургундары мени өлтүрүп коюшат деп ойлоп, ал аны «менин аялым» деп айткандан коркту, анткени ал сулуу аял эле.
8
Бирок ал жерде көп убакыт жашагандан кийин, Пелишти падышасы Абы-Мелек терезеден Ыскактын өз аялы Ребека менен ойноп жатканын көрдү.
9
Ошондо Абы-Мелек Ыскакты чакырып: «Бул сенин аялың турбайбы, аны “карындашым” деп кантип айттың?» – деди. «Аялым үчүн мени өлтүрүп коюшат деп ойлодум», – деп жооп берди Ыскак.
10
Бирок Абы-Мелек: «Бул эмне кылганың? Эл арасынан бирөө сенин аялыңа жакындап коё жаздады, аз жерден бизди күнөөгө түртүп коё жаздадың», – деди.
11
Анан Абы-Мелек бүт элге буйрук берип, мындай деди: «Ким бул адамга жана анын аялына тийсе, ал өлүм жазасына тартылат».
12
Ыскак ошол жерге арпа сээп, ошол жылы жүз эселеп түшүм алды, анткени Теңир ага ушинтип батасын берди.
13
Ошентип, Ыскак бай адам болду. Анын байлыгы көбөйгөндөн көбөйүп, абдан бай болду.
14
Анын майда жана бодо малы, айдоо жерлери көп болгондуктан, пелиштиликтер көз арта башташты.
15
Атасы Ыбрайымдын көзү тирүүсүндө, атасынын кулдары казган кудуктардын баарын пелиштиликтер уратып, топуракка толтуруп салышты.
16
Абы-Мелек да Ыскакка: «Бизден алыс кет, анткени бизден алда канча күчтүү болуп алдың», – деди.
17
Ошондо Ыскак ал жерден кетип, чатырларын Герар өрөөнүнө тигип, ошол жерде отурукташып калды.
18
Атасы Ыбрайымдын убагында казылып, ал өлгөндөн кийин пелиштиликтер топурак толтуруп салган кудуктарды Ыскак кайрадан казып, аларды атасы атаган аттар менен атады.
19
Ыскактын кулдары өрөөндү казып жатып, ал жерден суусу бар кудук табышты.
20
Ошондо Герардын койчулары менен Ыскактын койчулары: «Бул биздин суу», – деп талашышкандыктан, ал анын атын Эйсек деп атады.
21
Дагы бир кудук казышты. Ал тууралуу да талашышкандыктан, ал анын атын Ситна деп атады.
22
Ошондо ал бул жерден кетип, башка кудук казды. Ал тууралуу талаш болгон жок. Ошондо ал: «Эми Теңир бизге кенен жер берди, биз эми жер бетинде көбөйө баштайбыз», – деп, ал кудукту Рехобот деп атады.
23
Ал жерден ал Бейер-Шебага көчтү.
24
Ошол түнү Теңир ага келип, мындай деди: «Мен сенин атаң Ыбрайымдын Кудайымын. Коркпогун, анткени Мен сени мененмин. Кулум Ыбрайым үчүн сага батамды берип, сенин тукумуңду көбөйтөм».
25
Ошондо Ыскак ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирдин атын чакырды. Ошол жерге чатырын тикти. Кулдары ошол жерге кудук казышты.
26
Ага Герардан Абы-Мелек өзүнүн досу Акузат жана аскер башчысы Пихол менен келди.
27
Ыскак аларга: «Силер мени жек көрүп, өзүңөрдүн араңардан кууп жибергенден кийин, мага эмнеге келдиңер?» – деди.
28
«Теңир сени менен экенин ачык көрдүк, ошон үчүн биз сени менен антташып, келишим түзөлү.
29
Анткени биз сага тийбей, жакшылык гана кылып, сени тынчтык менен коё бергендей эле, сен да бизге жамандык кылба. Сен азыр Теңирдин батасына ээсиң», – дешти алар.
30
Ыскак алар үчүн той өткөрдү. Алар ичип-жешти.
31
Эртеси эртең менен эрте туруп, алар бири-бирине ант беришти. Ыскак аларды коё берди, алар аныкынан тынчтык менен жөнөп кетишти.
32
Ошол эле күнү Ыскактын кулдары келип, өздөрү казган кудук тууралуу: «Биз суу таптык», – деп кабарлашты.
33
Ыскак ал кудукту Шеба деп атады. Ошондуктан ушул күнгө чейин ал шаардын аты Бейер-Шеба деп аталат.
34
Эйсап кырк жашка чыкканда, хеттик Бейердин кызы Жейудитти жана хеттик Эйлондун кызы Басыматты аялдыкка алды.
35
Алар Ыскак менен Ребеканын башына түшкөн кайгы болду.
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 27 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50