bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 30
Genesis 30
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 31 →
1
Рахел өзүнүн Жакыпка бала төрөп бербей жатканын көрүп, эжесине көз артып, Жакыпка: «Мага бала бер, болбосо мен өлөм», – деди.
2
Жакып Рахелге ачууланып: «Сага бала бербеген Кудай менминби?» – деди.
3
Рахел ага: «Менин кызматчым Билага жакында, ал менин тиземе төрөп берсин, ал аркылуу мен да балалуу болоюн», – деди.
4
Ошентип, ал өзүнүн кызматчысы Биланы ага аялдыкка берди. Жакып ага жакындады.
5
Биланын боюна бүтүп, Жакыпка уул төрөп берди.
6
Ошондо Рахел: «Кудай мага калыстык кылып, менин үнүмдү угуп, уул берди», – деп, анын атын Дан койду.
7
Рахелдин кызматчысы Биланын дагы боюна бүтүп, Жакыпка экинчи уулун төрөп берди.
8
Ошондо Рахел: «Эжем менен катуу кармашып, жеңип чыктым», – деп, анын атын Напталы койду.
9
Лея өзүнүн төрөтү токтоп калганын көрүп, өз кызматчысы Зилпаны Жакыпка аялдыкка берди.
10
Леянын кызматчысы Зилпа да Жакыпка уул төрөп берди.
11
Ошондо Лея: «Баш кошулду», – деп, анын атын Гат койду.
12
Леянын кызматчысы Зилпа Жакыпка экинчи уулун төрөп берди.
13
Ошондо Лея: «Бул менин багыма. Эми аялдар мени бактылуу дешет», – деп, анын атын Ашыр койду.
14
Рубейин буудайды оруп-жыюу маалында талаага чыгып, мандрагор таап алып, энеси Леяга берди. Ошондо Рахел Леяга: «Уулуң алып келген мандрагорлорду мага берчи», – деди.
15
Бирок Лея ага: «Күйөөмдү тартып алганың аз келгенсип, уулум алып келген мандрагорлорду да тартып алгың келип жатабы?» – деди. Рахел ага: «Андай болсо уулуңдун мандрагорлору үчүн Жакып бүгүн түнү сени менен жатсын», – деди.
16
Жакып кечинде талаадан келе жатканда, Лея алдынан тосуп чыгып: «Меникине кир, анткени мен сени уулумдун мандрагорлоруна сатып алдым», – деди. Бул түнү Жакып Лея менен жатты.
17
Ошондо Кудай Леяны укту. Анын боюна бүтүп, Жакыпка бешинчи уулун төрөп берди.
18
Анан Лея: «Кызматчымды күйөөмө бергеним үчүн Кудай мага тиешемди берди», – деп, анын атын Исахар койду.
19
Леянын дагы боюна бүтүп, Жакыпка алтынчы уулун төрөп берди.
20
Ошондо Лея: «Кудай мага эң сонун белек берди. Эми күйөөм меникинде жашайт, анткени мен ага алты уул төрөп бердим», – деп, анын атын Забулун койду.
21
Андан кийин кыз төрөп, анын атын Дина койду.
22
Кудай Рахелди эстеди. Кудай анын үнүн угуп, аны балалуу кылды.
23
Рахелдин боюна бүтүп, уул төрөп: «Кудай мени шылдыңдан арылтты», – деди.
24
Ал: «Теңир мага дагы башка уул берет», – деп, анын атын Жусуп койду.
25
Рахел Жусупту төрөгөндөн кийин, Жакып Лабанга мындай деди: «Эми мени коё бер, мен өз ордума, өз жериме барайын.
26
Мага аялдарым менен балдарымды бер, мен алар үчүн сага кызмат кылдым. Эми мен кетейин, анткени сен менин сага кылган кызматымды билесиң».
27
Ошондо Лабан: «О, мен сенин алдыңда ырайым тапсам кана! Теңир мага сен үчүн бата бергенин билип турам», – деди.
28
Анан дагы: «Кызмат акыңды айт, эмне сурасаң, ошону берейин», – деди.
29
Жакып ага: «Мен сага кандай кызмат кылганымды, менин убагымда малың кандай көбөйгөнүн билесиң.
30
Мага чейин сенин малың аз эле, азыр көп болуп калды. Мен келгенден тартып, Теңир сага батасын берди. Эми мен качан өз үйүм үчүн иштейм?» – деди.
31
Ошондо Лабан: «Сага эмне берейин?» – деди. «Мага эч нерсе бербей эле кой. Менин айтканымды гана кылсаң, сенин койлоруңду кайрадан кайтарам.
32
Мен бүгүн койлоруңдун баарын аралап чыгам. Сен андан темгили бар, тагы бар малдын баарын, кара койлорду, ошондой эле темгили бар, тагы бар эчкилерди бөлүп кой. Ушундай мал менин кызмат акым болсун.
33
Кийин сен менин кызмат акымды көргөнү келгениңде, сага менин ордума адилеттигим айтып турсун. Мендеги темгили жок, тагы жок ар кандай эчкилер жана кара эмес койлор уурдалган болуп эсептелет», – деди Жакып.
34
«Жакшы болот, сен айткандай болсун», – деди Лабан.
35
Ошентип, Лабан ошол күнү бардык ала-була, тагы бар текелерди, темгили бар, тагы бар эчкилерди, бир аз агы бар эчки-текелердин баарын, кара койлорду бөлүп алып, өзүнүн уулдарынын колуна өткөрүп берди.
36
Анан ал өзү менен Жакыптын ортосуна үч күн жол жүрчү аралыкты белгиледи. Жакып болсо Лабандын калган кой-эчкилерин кайтарып калды.
37
Жакып жаш тал, бадам, чынар чырпыктарын алып, алардын кабыгын тилке-тилке кылып кесип, кесилген жерлерди агарта аарчыды.
38
Анан тилке салынган чыбыктарды малдын алдына, суу куюлуучу аштоолорго таштап койду. Ал жерге мал суу ичкени келчү. Алар ал жерге суу ичкени келип, чыбыктардын бет маңдайында уруктанышчу.
39
Ошентип, чыбыктардын бет маңдайында уруктанган малдан ала-була, темгили, тагы бар мал туулду.
40
Ошондо Жакып козуларды бөлүп алып, алардын бет маңдайына Лабандын ала-була жана кара койлорун койду. Ал өз малын өзүнчө кармап, Лабандын малына кошчу эмес.
41
Тыңыраак мал уруктанарда, чыбыктардын бет маңдайында уруктанышы үчүн, Жакып чыбыктарды малдын алдына, аштоолордун ичине таштап койчу.
42
Ал эми чабыр мал уруктанарда, чыбыктарды таштачу эмес. Ошондуктан Лабанга чабыр мал, Жакыпка тың мал тийип турду.
43
Ошентип, Жакып өтө бай адам болду. Анын көптөгөн майда малы, күңдөрү, кулдары, төөлөрү, эшектери болгон.
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 31 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50