bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 12
Genesis 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 13 →
1
Теңир Ыбрамга мындай деди: «Өз жериңен, өз туугандарыңан, атаңдын үйүнөн бөлүнүп чыгып, Мен көрсөткөн жерге бар.
2
Мен сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берип, атыңды даңазалайм, сен аркылуу башкалар бата алышат.
3
Сага бата бергенге Мен батамды берем, сени каргаганды Мен каргайм. Жер жүзүндөгү бүт элдер сен аркылуу бата алышат».
4
Ыбрам Теңирдин айтканы боюнча жолго чыкты. Аны менен Лот да жолго чыкты. Ыбрам Харандан чыкканда, жетимиш беш жашта эле.
5
Ыбрам өзү менен кошо аялы Сараны, бир тууганынын уулу Лотту, Харанда тапкан бардык мал-мүлкүн, өздөрүнүн бардык кишилерин алып, Канаанды көздөй жол тартып, Канаан жерине келди.
6
Ыбрам Канаан жерин аралап өтүп, Шекем деген жерге чейин, Море деген эмен токоюна чейин келди. Ошол убакта ал жерде канаандыктар жашашчу.
7
Ошондо Теңир Ыбрамга келип, мындай деди: «Бул жерди Мен сенин укум-тукумуңа берем». Ыбрам Теңир келген жерге Ага арнап курмандык чалынуучу жай курду.
8
Ал жерден ал Бейтелдин чыгыш жагындагы тоого барып, ошол жерге өз чатырын тикти. Бейтел батыш тарапта, ал эми Ай чыгыш тарапта калды. Ал Теңирге курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирдин атын чакырды.
9
Анан Ыбрам жыйналып, түштүктү көздөй жолун улантты.
10
Ошол өлкөдө ачарчылык болду. Ачарчылык күчөгөндүктөн, Ыбрам Мисирге жашап туруу үчүн жөнөдү.
11
Ал Мисирге жакындаганда, аялы Сарага мындай деди: «Сен келишимдүү, сулуу аялсың.
12
Мисирликтер сени көргөндө: “Бул – анын аялы”, – деп, мени өлтүрүп, сени тирүү калтырышат.
13
Сен карындашымын дегин, сенин аркаң менен мага жакшы болсун, сенин аркаң менен тирүү калайын».
14
Ыбрам Мисирге келгенде, мисирликтер Саранын абдан сулуу аял экенин көрүштү.
15
Сараны фараондун төрөлөрү да көрүп, фараонго мактап барышты. Анан Сараны фараондун үйүнө алдырып келишти.
16
Ошондо Саранын аркасы менен Ыбрамга жакшы болду. Ага майда жана бодо малдар, эшектер, кулдар, күңдөр, качырлар жана төөлөр берилди.
17
Бирок Теңир Ыбрамдын аялы Сара үчүн фараонго жана анын үй ичине катуу ооруларды жиберди.
18
Ошондо фараон Ыбрамды чакырып, мындай деди: «Бул эмне кылганың? Эмне үчүн Саранын аялың экенин айткан жоксуң?
19
Эмне үчүн: “Ал менин карындашым”, – дедиң? Мен аны аялдыкка алып коё жаздадым. Мына, аялың, аны алгын да, кеткин».
20
Анан фараон Ыбрам жөнүндө өзүнүн кишилерине буйрук берди. Алар аны аялы жана колунда болгон бардык мал-мүлкү менен узатып жиберишти.
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 13 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50