bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 14
Genesis 14
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 15 →
1
Шинар падышасы Амрапелдин, Эласар падышасы Ариохтун, Эйлам падышасы Кедорламердин жана Гоим падышасы Тидалдын убагында мындай болду:
2
алар Содом падышасы Берага, Амор падышасы Биршага, Адма падышасы Шинапка, Себоим падышасы Шемейберге жана Бела (Соар) падышасына каршы согуш ачышты.
3
Алардын бардыгы азыркы Туздуу деңиз турган Соар өрөөнүнө чогулушту.
4
Алар он эки жыл бою Кедорламердин алдында кулчулукта болуп, он үчүнчү жылы козголоң чыгарышты.
5
Он төртүнчү жылы Кедорламер менен бирге падышалар келишти да, Аштарот-Карнайымдагы репалыктарды, Гамдагы зуздуктарды, Шабей-Кирийатайимдеги эймимдерди,
6
ошондой эле өздөрүнүн Сеир тоосунда жашаган хориликтерди чөлдүн жанындагы Эл-Паранга чейин талкалашты.
7
Алар ал жактан кайтып келишкенден кийин, Эйин-Мишпат булагына (Кадеш) келишип, амалыктыктардын бүт өлкөсүн жана ошондой эле Хасатсон-Тамарда жашаган аморлуктарды кыйратышты.
8
Анан Содом, Амор, Адма, Себоим жана Бела падышалары Соар өрөөнүндө аларга каршы согуш ачышты,
9
Эйлам падышасы Кедорламер, Гоим падышасы Тидал, Шинар падышасы Амрапел, Эласар падышасы Ариох болуп, төрт падыша бешөөнө каршы чыкты.
10
Соар өрөөнүндө чайыр чуңкурлары көп эле. Содом менен Амордун падышалары качып баратып, ошол чуңкурларга түшүп кетишти. Ал эми калгандары тоолорго качып кетишти.
11
Жеңгендер Содом менен Амордун бардык мал-мүлкүн жана болгон азыгын талап-тоноп кетишти.
12
Содомдо жашаган Ыбрамдын иниси Лотту да мал-мүлкү менен кошо алып кетишти.
13
Тирүү калгандардан бирөө келип, эврей Ыбрамга кабар берди. Ал ошол кезде Ыбрамдын шериктештери болгон Эшкол менен Анейирдин бир тууганы аморлуктардын Мамрей деген эмен токоюнун жанында жашачу.
14
Ыбрам тууганынын туткунга алынганын укканда, үйүндө төрөлүп өскөн үч жүз он сегиз кулун куралдандырып, душмандарын Данга чейин кууп барды.
15
Ал кулдары менен топ-топко бөлүнүп алып, аларды түн ичинде кол салып талкалады. Аларды Дамасктын түндүк жагындагы Хобага чейин кууп барды.
16
Ошентип, ал өзүнүн тууганы Лотту, анын бүт мал-мүлкүн, ошондой эле аялдарды жана элди кайра алып келди.
17
Ал Кедорламерди жана аны менен жүргөн падышаларды жеңип келе жатканда, «падыша өрөөнү» деп аталган Шабей өрөөнүндө Содом падышасы анын алдынан тосуп чыкты.
18
Ошондо Шалем падышасы Малки-Седек нан менен шарап көтөрүп чыкты. Ал бардыгынан жогору турган Кудайдын ыйык кызмат кылуучусу эле.
19
Ал Ыбрамга мындай деп батасын берди: «Бардыгынан жогору турган Кудай, асман менен жердин Эгедери Ыбрамга батасын берсин,
20
душмандарыңды колуңа салып берген бардыгынан жогору турган Кудайга алкыш!» Ошондо Ыбрам ага бардык мал-мүлкүнүн ондон бир бөлүгүн берди.
21
Содом падышасы Ыбрамга: «Адамдарымды бер, мал-мүлктү алып кал», – деди.
22
Бирок Ыбрам Содом падышасына минтип айтты: «Сен: “Мен Ыбрамды байыттым”, – деп айтпашың үчүн, жигиттердин жегендеринен жана мени менен бирге барган кишилердин үлүшүнөн башка сенин эч нерсеңди, жибиң турмак, бут кийимиңдин боосун да албайм деп,
23
бардыгынан жогору турган Кудай-Теңирге, асман менен жердин Эгедерине колумду көтөрөм.
24
Анейир, Эшкол, Мамрей үчөө өз үлүштөрүн ала берсин».
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 15 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50