bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 50
Genesis 50
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 49
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
1
Жусуп атасын басып жыгылып, ыйлап, аны өпкүлөдү.
2
Анан Жусуп дарыгер кызматчыларына атасын бальзамдоого буйрук берди. Дарыгерлер Ысрайылды бальзамдашты.
3
Арадан кырк күн өттү, анткени бальзамдап катырууга кырк күн керек эле. Мисирликтер жетимиш күн аза күтүп ыйлашты.
4
Аны жоктоп ыйлаган күндөр аяктагандан кийин, Жусуп фараон сарайындагыларга мындай деп кайрылды: «Эгерде мен силердин алдыңарда ырайым тапкан болсом, анда фараонго мындай дегиле:
5
“Атам менден мындай деп ант алган эле: "Менин көзүм өтүп бара жатат. Мени Канаан жеринде өзүм үчүн казган көргө койгула". Мен эми ошол жерге барып, атамды коюп келүүнү каалар элем”».
6
Ошондо фараон: «Атаңа берген антың боюнча барып, атаңды коюп кел», – деди.
7
Жусуп атасын койгону жөнөдү. Аны менен фараондун кызматчылары, үйүндөгү аксакалдар жана Мисир жериндеги аксакалдар,
8
өзүнүн бүт үй-бүлөсү, бир туугандары жана атасынын үйүндөгүлөр кетишти. Гошен жеринде балдары менен майда жана бодо малдарын гана калтырышты.
9
Аны менен бирге арабалар менен атчандар кошо жөнөшкөндүктөн, эл абдан көп болду.
10
Алар Иордандын жанындагы Горен-Аататка жеткенде, ал жерде да чоң ый, чоң өкүрүк болду. Жусуп атасын жоктоп жети күн ыйлады.
11
Ошондо ал жерде жашаган канаандыктар Горен-Аататтагы ыйды угуп: «Мисирликтер аябай жоктоп ыйлашты», – дешти. Ошондуктан ал жер Иордандагы «мисирликтердин ыйы» деп аталып калды.
12
Жакыптын уулдары атасы кандай айтса, ошондой кылышты.
13
Уулдары аны Канаан жерине алып барып, Мамрейдин алдындагы, Махпел талаасындагы үңкүргө коюшту. Ыбрайым аны талаа менен бирге хеттик Эпрондон менчик көрүстөн кылыш үчүн сатып алган.
14
Атасын койгондон кийин, Жусуп бир туугандары менен, өзү менен бирге атасын койгону баргандар менен Мисирге кайтып келди.
15
Жусуптун бир туугандары атасы өлгөндөн кийин: «Жусуп бизди жек көрүп калса эмне болот? Ага кылган жамандыгыбыз үчүн өч алгысы келсечи?» – дешип,
16
Жусупка мындай деп айттырып жиберишти: «Атаң өлөр алдында:
17
“Жусупка минтип айткыла: "Бир туугандарың сага жамандык кылышты, алардын айыбы менен күнөөсүн кечир", – деген. Эми атаңдын Кудайынын кулдарынын айыбын кечир”». Бул сөздөрдү айтып жатышканда, Жусуп ыйлады.
18
Бир туугандары өздөрү да келип, анын алдына жыгылып: «Эми биз сенин кулуңбуз», – дешти.
19
Жусуп аларга: «Коркпогула, анткени мен Кудайдан корком.
20
Силер мага жамандык ойлодуңар эле, Кудай аны жакшылыкка айлантты. Көп сандаган адамдардын өмүрүн сактап калыш үчүн, ушуну ишке ашырды.
21
Ошондуктан коркпогула. Мен силерди бала-бакыраңар менен кошо багам», – деди. Ошентип, Жусуп алардын көңүлүн тынчтандырып, жүрөк жылыткан сөздөрдү айтты.
22
Жусуп Мисирде атасынын үй-бүлөсү менен жашады. Ал жүз он жыл жашады.
23
Ал Эпрайымдын үчүнчү тукумуна чейин көрдү, ошондой эле Менашенин уулу Махирдин уулдары да анын көзү тирүүсүндө төрөлүштү.
24
Жусуп бир туугандарына мындай деди: «Менин ичер суум, көрөр күнүм аз калды, бирок Кудай силерге келип, силерди бул жерден алып чыгып, Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка убада кылган жерге жеткирет».
25
Анан Жусуп Ысрайыл уулдарынан мындай деп ант алды: «Кудай силерге келет, ошондо силер менин сөөгүмдү бул жерден алып кеткиле».
26
Ошентип, Жусуп жүз он жашында көз жумду. Аны Мисирде бальзамдап, табытка салып коюшту.
← Chapter 49
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50