bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 38
Genesis 38
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 37
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 39 →
1
Ошол убакта Жүйүт өз бир туугандарынан бөлүнүп кетип, адуламдык Хира деген кишинин жанына отурукташты.
2
Жүйүт ал жерден Шуа деген канаандык кишинин кызын көрдү. Аны аялдыкка алып, ага жакындады.
3
Анын боюна бүтүп, уул төрөдү. Жүйүт анын атын Эйир койду.
4
Дагы боюна бүтүп, уул төрөдү. Анын атын Онан койду.
5
Анан дагы уул төрөп, анын атын Шейла койду. Аны төрөгөн учурда Жүйүт Хезипте болчу.
6
Анан Жүйүт тун уулу Эйирге аял алып берди. Анын аты Тамар эле.
7
Жүйүттүн тун уулу Эйир Теңирге жакпагандыктан, Теңир аны өлтүрүп салды.
8
Ошондо Жүйүт Онанга мындай деди: «Бир тууганыңдын аялына жакында, кайын ини катары ага үйлөнүп, бир тууганыңдын тукумун ула».
9
Онан ал тукумдун өзүнүкү болбосун билгендиктен, бир тууганынын аялына жакындаганда, бир тууганынын тукумун улабаш үчүн, уругун жерге агызып салчу.
10
Анын бул кылганы Теңирдин алдында жийиркеничтүү болгондуктан, Ал аны да өлтүрүп салды.
11
Ошондо Жүйүт келини Тамарга: «Уулум Шейла эр жеткиче, өз атаңдыкында жесир катары жашап тур», – деди. «Ал да улуу агаларындай болуп өлүп калбасын», – деп ойлоду Жүйүт. Тамар кетип, өз атасыныкында жашап калды.
12
Көп убакыт өткөндөн кийин Шуанын кызы – Жүйүттүн аялы өлдү. Жүйүт сооронгондон кийин, койлорун кыркып жаткандарга өзү менен кошо досу адуламдык Хираны алып, Тимнага кетти.
13
Ошондо Тамарга: «Кайын атаң Тимнага койлорун кырктырганы келе жатат», – деп кабарлашты.
14
Тамар үстүндөгү жесирдин кийимин чечип, чүмбөт жамынып, кымтыланып алып, Тимнага баруучу жолго, Эйнайим дарбазасынын жанына отуруп алды. Анткени Шейла эр жетсе да, өзүнүн ага аялдыкка алып берилбегенин көрдү.
15
Жүйүт аны көргөндө, сойку деп ойлоду. Анткени аял жүзүн жаап алган эле.
16
Жүйүт ага кайрылып келип: «Мен сени менен жатайын», – деди. Анткени келини экенин билген жок. Тамар андан: «Мени менен жатсаң, мага эмне бересиң?» – деп сурады.
17
«Короомдон бир улак берип жиберейин», – деди Жүйүт. Тамар андан: «Улагыңды берип жибергенче, күрөөгө бирдеме калтырасыңбы?» – деп сурады.
18
«Күрөөгө эмне берейин?» – деп сурады Жүйүт. «Мөөрүңдү, куруңду, колуңдагы таягыңды бер», – деди Тамар. Ал анын сураганын берип, ага жакындады. Андан Тамардын боюна бүттү.
19
Тамар турду да, чүмбөтүн алып таштап, жесирдин кийимин кийди.
20
Жүйүт болсо адуламдык досунан улакты берип жиберип, аялдан күрөөнү алдырмакчы болду, бирок ал аялды таппай койду.
21
Ал ошол жердин тургундарынан: «Эйнайимге бара жаткан жолдун боюндагы сойку кайда?» – деп сурады. Алар ага: «Бул жерде сойку болгон эмес», – деп жооп беришти.
22
Ал досу Жүйүткө кайрылып келип: «Мен аны таппай койдум. Ал жердин тургундары да: “Бул жерде сойку болгон эмес”, – дешти», – деди.
23
Ошондо Жүйүт: «Мейли, мен бергендерди ала берсин, элге күлкү болбосок эле болду. Мен улакты берип жибердим, бирок сен аны таппай келдиң», – деди.
24
Арадан үч айга жакын убакыт өткөндөн кийин, Жүйүткө мындай дешти: «Келиниң Тамар бузулуп кетиптир, атүгүл, анын боюна да бүтүп калыптыр». Ошондо Жүйүт: «Аны элдин алдына алып чыгып, өрттөп жибергиле», – деди.
25
Тамарды алып жөнөшкөндө, ал кайын атасына мындай деп айттырды: «Бул буюмдар кимдики болсо, ошондон боюма бүттү». Анан мындай деди: «Бул мөөр, кур, таяк кимдики экенин таанычы».
26
Жүйүт таанып: «Ал мага караганда адилеттүүрөөк, анткени мен аны уулум Шейлага алып берген эмесмин», – деди. Андан кийин ал ага жакындаган жок.
27
Төрөт учурунда аялдын боюнда эгиз бала бар экени билинди.
28
Аял төрөп жатканда, кол көрүндү. Аначы кемпир: «Бул биринчи чыкты», – деп, анын колуна кызыл жип байлап койду.
29
Бирок ал колун кайра тартып алды. Ошондо анын бир тууганы чыкты. Аначы кемпир ага: «Сен кантип биринчи чыктың?» – деди. Анын атын Перес коюшту.
30
Андан кийин колуна кызыл жип байланган бир тууганы чыкты. Анын атын Зерак коюшту.
← Chapter 37
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 39 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50