bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 45
Genesis 45
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 44
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 46 →
1
Ошондо Жусуп жанында тургандардын алдында өзүн кармай албай: «Менин жанымда турган адамдардын бардыгы чыксын», – деп кыйкырып жиберди. Жусуп бир туугандарына өзүнүн ким экенин айтканда, жанында эч ким жок эле.
2
Ал катуу ыйлап жибергендиктен, аны мисирликтер да, фараондун үй ичи да укту.
3
Анан Жусуп бир туугандарына: «Мен Жусупмун, деги атам тирүүбү?» – деди. Бирок бир туугандары жооп бере албай калышты, анткени алар анын алдында коркуп турушту.
4
Ошондо Жусуп бир туугандарына: «Мага жакын келгилечи», – деди. Алар жакын келишти. Ал: «Мен Жусупмун, силердин Мисирге сатып жиберген бир тууганыңармын.
5
Бирок азыр кайгырбагыла, мени бул жакка сатып жибергениңерге өкүнбөгүлө, анткени Кудай силердин өмүрүңөрдү сактап калыш үчүн, мени бул жакка силерден мурун жиберди.
6
Анткени жер үстүндө ачарчылык башталганына эки эле жыл болду, дагы беш жыл жер да айдалбайт, эгин да орулбайт.
7
Силерди жер үстүндө калтырыш үчүн жана улуу куткаруу иши менен өмүрүңөрдү сактап калуу үчүн, Кудай мени силерден мурун жиберди.
8
Ошондуктан мени бул жакка силер эмес, Кудай жиберди. Ал мени фараондун атасы, анын бүт үйүнүн мырзасы, бүткүл Мисир жеринин эгедери кылып койду.
9
Атама тезирээк баргыла да: Уулуң Жусуп мындай дейт дегиле: “Кудай мени бүткүл Мисир жерине мырза кылып койду. Мага тез кел.
10
Сен Гошен деген жерде жашайсың. Сен уулдарың, уулдарыңдын уулдары, майда жана бодо малың менен, өзүңдүн бардык мүлкүң менен менин жанымда болосуң.
11
Ошол жерде мен сени багам, анткени дагы беш жыл ачарчылык болот. Өзүң да, үйүң да, кишилериң да жакырданып кетпесин”.
12
Силерге өз оозум менен айтып жатканымды өзүңөр да, бир тууганым Бенжемин да өз көзү менен көрүп турат.
13
Атама Мисирдеги бүткүл атак-даңкымды, көргөнүңөрдүн бардыгын айтып баргыла да, атамды тезирээк бул жерге алып келгиле», – деди.
14
Анан ал бир тууганы Бенжеминди мойнунан кучактап ыйлады. Бенжемин да аны мойнунан кучактап ыйлады.
15
Анан бардык бир туугандарын өпкүлөп, аларды кучактап ыйлады. Андан кийин бир туугандары аны менен сүйлөшүштү.
16
Жусуптун бир туугандары келгендиги тууралуу кабар фараондун үйүнө жетти. Бул кабар фараонго да, анын кулдарына да жакты.
17
Ошондо фараон Жусупка мындай деди: «Бир туугандарыңа мындай деп айт: “Малыңарга жүк артып, Канаан жерине жөнөгүлө.
18
Атаңарды да, үй-бүлөңөрдү да алып, мага келгиле. Мен силерге Мисирдин эң жакшы жерин берем, силер семиз жердин жемишинен жейсиңер”.
19
Сага болсо аларга мындай деп айтууңду буйрук кылам: “Мындай кылгыла де: Балдарыңар менен аялдарыңар үчүн Мисир жеринен араба алгыла, атаңарды алып келгиле.
20
Буюмдарыңар үчүн өкүнбөгүлө, анткени силерге бүткүл Мисир жериндеги эң жакшы нерселерди берем”».
21
Ысрайыл уулдары ошондой кылышты. Жусуп аларга фараондун буйругу боюнча арабаларды, жол азыктарын берди.
22
Ар бирине алмаштырып кийгидей кийим берди. Бенжеминге болсо үч жүз күмүш тыйын жана беш сыйра кийим берди.
23
Ал эми атасына Мисирдин эң жакшы жер-жемиштери жүктөлгөн он эшек, эгин жана атасынын жолуна камдалган тамак-аш жүктөлгөн он ургаачы эшек жөнөттү.
24
Жусуп бир туугандарын ошентип коё берди. Алар жөнөп кетишти. Аларга: «Жолдо урушпай баргыла», – деди.
25
Алар Мисирден чыгып, Канаан жерине, атасы Жакыпка келип, ага:
26
«Жусуп тирүү экен, азыр ал бүткүл Мисир жерин башкарып турат», – дешти. Бирок Жакып кош көңүл мамиле кылып койду, анткени аларга ишенген жок.
27
Алар ага Жусуптун айткан сөздөрүнүн бардыгын айтып беришти. Өзүн алып кетиш үчүн Жусуп жөнөткөн арабаларды көргөндөн кийин гана алардын атасы Жакыптын руху жандана түштү.
28
Ошондо Ысрайыл мындай деди: «Уулум Жусуп тирүү экенине эми ишендим, көзүм өтө элегинде барып, аны көрүп калайын».
← Chapter 44
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 46 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50