bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 6
Genesis 6
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 7 →
1
Жер бетинде адамдар көбөйө баштаганда, алардан кыздар төрөлдү.
2
Кудайдын уулдары адамдардын кыздары чырайлуу экенин көрүп, ар бири өзүнүн тандаганын аялдыкка ала баштады.
3
Ошондо Теңир: «Менин Рухум адамдын ичинде түбөлүккө болбойт, анткени алар – дене. Алардын жашы жүз жыйырма жыл болсун», – деди.
4
Ошол кезде жер бетинде алп адамдар болгон. Кудайдын уулдары адамдардын кыздарына жакындашканда, алар төрөп, алп адамдар көбөйгөн. Алар байыртадан эле күчтүү, атактуу адамдар болушкан.
5
Теңир жер бетиндеги адамдардын абдан бузулганын, алардын бардык ойлору, жүрөгүндөгү каалоолору ар убакта жамандык экенин көрдү.
6
Ошондо Теңир жер бетине адамды жаратканына өкүнүп, Өз ичинен өтө кайгырды.
7
Анан Теңир мындай деди: «Мен Өзүм жараткан адамдарды жер бетинен жок кылам, адамдан тартып малга чейин: жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларды, асман канаттууларын жок кылам, анткени Мен аларды жаратканыма өкүнүп жатам».
8
Нух болсо Теңирдин алдында ырайым тапты.
9
Нухтун жашоосу мындай эле: Нух өз замандаштарынын ичинен адил, кемчиликсиз адам болгон. Нух Кудайдын алдында түз жүргөн.
10
Нухтун Шем, Хам, Жепет деген үч уулу болгон.
11
Жер бети Кудайдын алдында бузулуп, жаман иштерге толуп кетти.
12
Кудай жерге көз жиберип, жердин абдан бузулганын, жердеги ар бир жандын терс жолго түшкөнүн көрдү.
13
Ошондо Кудай Нухка мындай деди: «Менин алдымда ар бир жандын күнү бүттү, анткени жер бети алардын жаман иштерине толуп кетти. Эми Мен аларды жер бетинен жок кылам.
14
Сен өзүңө гофер жыгачынан туюк кеме жаса. Кеменин ичин бөлүктөргө бөлүп, ичи-тышын чайыр менен капта.
15
Сен аны мындай жаса: кеменин узундугу үч жүз чыканак, туурасы элүү чыканак, ал эми бийиктиги отуз чыканак болсун.
16
Кеменин жогору жагын оюп, бир чыканак терезе чыгар, капталына эшик жаса. Ичин үч кабат кылып кур.
17
Эми Мен асман астындагы өмүр деми бар тирүү жандын баарын жер бетинен жок кылыш үчүн, топон суу каптатам. Жер бетиндегинин бардыгы өмүрүнөн ажырайт.
18
Бирок Мен сени менен келишим түзөм. Кемеге сени менен кошо уулдарың, аялың жана уулдарыңдын аялдары кирсин.
19
Ошондой эле сени менен бирге тирүү калыш үчүн, кемеге бардык жаныбарлардан эркек-ургаачы кылып, түгөйлөп киргиз.
20
Тирүү калышы үчүн, канаттуулардын түр-түрүнөн, малдардын түр-түрүнөн, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарлардын түр-түрүнөн түгөйү менен киргиз.
21
Анан жегенге жарактуу ар кандай азыктан жыйып ал. Ал сага да, аларга да азык болот».
22
Нух бардыгын жасады: Кудай кандай буйруса, ал так ошондой жасады.
← Chapter 5
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 7 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50