bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 11
Genesis 11
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 12 →
1
Жер жүзүндө бир эле тил болгон, адамдар бир эле тилде сүйлөшкөн.
2
Алар чыгыштан көчүп чыгып, Шинар жеринен түздүк таап, ошол жерге отурукташышты.
3
Анан алар бири-бирине: «Келгиле, кыш куюп, отко бышыралы», – дешти. Алар таш ордуна кыш, акиташ ордуна жер чайырын колдонушту.
4
Алар дагы: «Бүт жер жүзүнө тарап кетпешибиз үчүн, өзүбүзгө шаар жана асман тиреген мунара куралы, атыбызды чыгаралы», – дешти.
5
Ошондо Теңир адам уулдары куруп жаткан шаар менен мунараны көргөнү төмөн түштү.
6
Теңир мындай деди: «Мына, бир эл, бардыгынын тили бир. Булардын баштаган иши ушул. Булар кылам дегенинен кайтышпайт.
7
Төмөн түшүп баралы да, бири-биринин тилин түшүнбөгүдөй кылып, ошол жерде булардын тилдерин аралаштырып салалы».
8
Ошентип, Теңир аларды ал жерден бүт жер жүзүнө таратып жиберди. Ошондо алар шаар курууну токтотушту.
9
Ошондон улам ага Бабыл деген ат берилди, анткени Теңир жер жүзүндөгү бардык тилдерди ошол жерде аралаштырды, Теңир аларды бүт жер бетине ошол жерден таратып жиберди.
10
Шемдин санжырасы мындай: топон суу каптагандан кийин, эки жыл өткөндө, Шем жүзгө чыкканда, андан Арпакшат төрөлдү.
11
Арпакшат төрөлгөндөн кийин, Шем беш жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
12
Арпакшат отуз беш жашка чыкканда, андан Шелах төрөлдү.
13
Шелах төрөлгөндөн кийин, Арпакшат төрт жүз үч жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
14
Шелах отуз жашка чыкканда, андан Эйбер төрөлдү.
15
Эйбер төрөлгөндөн кийин, Шелах төрт жүз үч жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
16
Эйбер отуз төрт жашка чыкканда, андан Пелек төрөлдү.
17
Пелек төрөлгөндөн кийин, Эйбер төрт жүз отуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
18
Пелек отуз жашка чыкканда, андан Рейу төрөлдү.
19
Рейу төрөлгөндөн кийин, Пелек эки жүз тогуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
20
Рейу отуз эки жашка чыкканда, андан Серук төрөлдү.
21
Серук төрөлгөндөн кийин, Рейу эки жүз жети жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
22
Серук отуз жашка чыкканда, андан Нахор төрөлдү.
23
Нахор төрөлгөндөн кийин, Серук эки жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
24
Нахор жыйырма тогуз жашка чыкканда, андан Терах төрөлдү.
25
Терах төрөлгөндөн кийин, Нахор жүз он тогуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.
26
Терах жетимиш жашка чыкканда, андан Ыбрам, Нахор жана Аран төрөлдү.
27
Терахтын санжырасы мындай: Терахтан Ыбрам, Нахор жана Аран төрөлдү. Арандан Лот төрөлдү.
28
Аран өз атасы Терах тирүү кезинде, өзү туулган жерде, каздимдердин Ур шаарында көз жумган.
29
Ыбрам менен Нахор аял алышты. Ыбрамдын аялынын аты Сара, Нахордун аялынын аты Милка эле. Милка Арандын кызы болчу. Аран – Милка менен Исканын атасы.
30
Саранын боюна бүтпөгөндүктөн, балдары жок эле.
31
Канаан жерине баруу үчүн, Терах өз уулу Ыбрамды, Арандын уулу, небереси Лотту, өз уулу Ыбрамдын аялы, келини Сараны алып, каздимдердин Ур шаарынан чыкты. Харанга барып, ошол жерде туруп калышты.
32
Терах эки жүз бешке чыгып, Харанда көз жумду.
← Chapter 10
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 12 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50