bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 32
Genesis 32
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 31
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 33 →
1
Жакып болсо өз жолу менен кетти. Жолдо ага Кудайдын периштелери жолукту.
2
Жакып аларды көрүп: «Кудайдын аскерлери», – деди. Анан ал жерди Маханайим деп атады.
3
Жакып өзүнөн мурун Эдом аймагына, Сеир жериндеги бир тууганы Эйсапка кабарчыларын жөнөттү.
4
Аларга мындай буйрук берди: «Мырзам Эйсапка кулуң Жакып мындай дейт дегиле: “Мен Лабандыкында бүгүнкү күнгө чейин жашап турдум.
5
Менин өгүздөрүм, эшектерим, майда малым, кулдарым, күңдөрүм бар. Мен сенин алдыңда ырайым табуу үчүн, өзүм жөнүндө мырзама кабарлап коюуга киши жибердим”».
6
Кабарчылар Жакыпка кайра келип: «Биз бир тууганың Эйсапка бардык. Ал сени тосуп келе жатат, жанында төрт жүз адам бар», – деп айтышты.
7
Жакып абдан коркуп, тынчы кетти. Ал өзүнүн адамдарын, майда жана бодо малын, төөлөрүн эки топко бөлдү.
8
Ал: «Эгер Эйсап кол салып бир топту талкаласа, экинчи топ кутулуп кете алат», – деп ойлоду.
9
Анан Жакып Кудайга мындай деп кайрылды: «О, атам Ыбрайымдын Кудайы жана атам Ыскактын Кудайы, Теңирим, Сен мага: “Өз жериңе, мекениңе кайт, Мен сени колдойм!” – дедиң эле.
10
Сенин Өз кулуңа кылган бардык ырайымың менен жакшылыгыңа татыксызмын, анткени мен бул Иордандан жалгыз таягым менен өттүм эле, азыр болсо эки станым бар.
11
Мени бир тууганым Эйсаптын колунан куткар, анткени мен андан корком, ал келип, мени жана балдарымды энелери менен кошо өлтүрүп койбосун.
12
Сен мага: “Мен сени колдоп, укум-тукумуңду деңиз кумундай көбөйтүп, көптүгүнөн санап чыккыс кылам”, – деп айткансың».
13
Жакып ал түнү ошол жерде түнөдү. Анан ал өзүнүн мал-мүлкүнөн бир тууганы Эйсапка белек кылуу үчүн буларды алды:
14
эки жүз эчки, жыйырма теке, эки жүз кой, жыйырма кочкор,
15
отуз иңген ботолору менен, кырк уй, он өгүз, жыйырма ургаачы, он эркек эшек.
16
Кулдарына ар бир үйүрдү өзүнчө бөлүп берип, аларга: «Менин алдыма түшкүлө, үйүрлөрдүн ортосунда аралык болсун», – деди.
17
Анан биринчи адамга минтип буйруду: «Бир тууганым Эйсап алдыңан чыгып: “Кимдин кулусуң? Кайда бара жатасың? Айдаган малың кимдики?” – деп сураса, сен:
18
“Сенин кулуң Жакыптыкы. Булар – мырзам Эйсапка жиберилген белек. Ал өзү да биздин артыбызда келе жатат”, – де».
19
Ошондой эле экинчисине да, үчүнчүсүнө да, үйүр-үйүр малдын артында бара жаткандардын бардыгына: «Эйсапка жолуксаңар, ушундай дегиле», – деп буйрук берди.
20
«Дагы мындай дегиле: “Кулуң Жакып да биздин артыбызда келе жатат”», – деди. Анткени ал ичинен: «Жөнөтүп жиберген белектерим менен анын жүрөгүн жумшартайын, андан соң жүз көрүшөйүн. Мүмкүн, мени кабыл алар», – деп ойлогон.
21
Ошентип, белектерин жөнөтүп жиберди. Ал эми өзү ошол түнү станда түнөп калды.
22
Ошол түнү ордунан туруп, эки аялын, эки күңүн, он бир уулун алып, Жабок суусун кечип өттү.
23
Аларды шар суудан алып өттү, өзүнүн бардык мал-мүлкүн өткөрдү.
24
Ошентип, Жакып жалгыз калды. Ошондо таң атканга чейин Бирөө аны менен кармашты.
25
Ал Жакыпты жеңе албастыгын көрүп, аны менен кармашып жатканда, жамбаш тарамышына тийип, мертинтип койду.
26
Анан Ал: «Коё бер Мени, таң атып кетти», – деди. Жакып Ага: «Мага батаңды бермейинче, коё бербеймин Сени», – деди.
27
Ал Жакыптан: «Атың ким?» – деп сурады. Ал: «Жакып», – деп жооп берди.
28
Ошондо Ал мындай деди: «Ушундан тартып сенин атың Жакып эмес, Ысрайыл болот, анткени сен Кудай менен, адамдар менен кармашып, жеңип чыктың».
29
Жакып да: «Атыңды айт», – деди. Ал: «Эмне үчүн Менин атымды сурап жатасың?» – деди да, ошол жерде ага батасын берди.
30
Анан Жакып: «Мен Кудайды бетме-бет көрдүм, бирок тирүү калдым», – деп, ал жерди Пенуел деп атады.
31
Ал Пенуелден өтүп бара жатканда, күн чыкты. Ал жамбашынан сылтып бара жатты.
32
Ошондуктан Ысрайыл уулдары азыркыга чейин жамбаштын тарамыштарын жешпейт, анткени Кармашуучу Жакыптын жамбаш тарамышына тийип, мертинтип койгон.
← Chapter 31
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 33 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50