bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 40
Genesis 40
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 39
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 41 →
1
Ошондон кийин Мисир падышасынын шарап сунуучусу менен нан сунуучусу өздөрүнүн мырзасынын – Мисир падышасынын алдында айыптуу болуп калышты.
2
Ошондо фараон сарайдагы өзүнүн эки кызматчысына: башкы шарап сунуучусу менен башкы нан сунуучусуна ачууланып,
3
аларды сакчылардын башчысынын үйүндөгү Жусуп камалган зынданга каматып салды.
4
Сакчылардын башчысы Жусупту аларга кызмат кылууга дайындады. Жусуп аларга кызмат кылды. Алар бир нече убакыт камакта жатышты.
5
Бир күнү Мисир падышасынын зынданда камалып жаткан шарап сунуучусу менен нан сунуучусу түш көрүштү. Экөө тең бир түндө өз-өзүнчө түш көрдү. Ар бирине өзгөчө мааниси бар түш кирди.
6
Жусуп эртең менен аларга кирип, алардын тынчы кетип турганын көрдү.
7
Ошондо ал мырзасынын үйүндө өзү менен бирге камакта жаткан фараон сарайынын кызматчыларынан: «Эмне үчүн бүгүн маанайыңар пас?» – деп сурады.
8
Алар ага: «Биз түш көрдүк. Чечмелеп берер киши жок», – дешти. Жусуп аларга: «Түштү Кудай чечмелейт эмеспи? Мага айтып бергилечи», – деди.
9
Ошондо Жусупка башкы шарап сунуучу өз түшүн мындай деп айтып берди: «Түшүмдө бет алдымда жүзүм сабагы туруптур.
10
Жүзүм сабагынын үч бутагы бар экен. Ал бүрдөп, гүл ачып, мөмө байлады, анан анын мөмөлөрү бышты.
11
Фараондун чөйчөгү да менин колумда экен. Мен жүзүмдөн алып, фараондун чөйчөгүнө сыгып, чөйчөктү фараонго сундум».
12
Жусуп ага мындай деди: «Түштүн чечмелениши мындай: үч бутак – бул үч күн.
13
Yч күндөн кийин фараон сени бошотуп, кайрадан ордуңа коёт. Ошондо сен мурункудай эле ага чөйчөк сунасың.
14
Сага жакшы болгондо, мени эсте. Мага жакшылык кылып, мен жөнүндө фараондун эсине салып, мени бул үйдөн чыгарып ал.
15
Анткени мен эврейлердин жеринен уурдалып келгем. Зынданга салынгыдай, бул жакта да мен эч нерсе кылган эмесмин».
16
Башкы нан сунуучу Жусуптун түштү жакшы чечмелегенин көрүп: «Мен да түш көрдүм. Түшүмдө тордолгон үч себетти башыма көтөрүп алыптырмын.
17
Yстүнкү себетте фараондун наабайчы жасаган ар кандай тамагы бар экен. Башымдагы себеттеги тамакты канаттуулар чокулап жатышыптыр», – деди.
18
Ошондо Жусуп ага мындай деп жооп берди: «Мунун чечмелениши мындай: үч себет – бул үч күн.
19
Yч күндөн кийин фараон сенин башыңды алып, жыгачка асат. Канаттуулар денеңди чокуп жешет», – деди.
20
Yч күндөн кийин фараондун туулган күнү болуп, ал өзүнүн бардык кызматчыларына той берди. Ошондо ал өзүнүн башкы шарап сунуучусу менен башкы нан сунуучусун эстеди.
21
Шарап сунуучусун мурдагы ордуна койду, ошондо ал чөйчөккө шарап куюп, фараонго сунду.
22
Ал эми башкы нан сунуучусун, Жусуп чечмелегендей, жыгачка астырып салды.
23
Бирок башкы шарап сунуучу Жусуп жөнүндө эстеген жок, аны унутуп койду.
← Chapter 39
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 41 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50