bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 17
Genesis 17
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 18 →
1
Ыбрам токсон тогуз жашка чыкканда, Теңир ага келип, мындай деди: «Мен кудуреттүү Кудаймын. Менин алдымда түз жүр, кемчиликсиз бол.
2
Мен сени менен келишим түзөм, сени абдан көбөйтөм».
3
Ошондо Ыбрам жүзтөмөндөп жыгылды. Кудай аны менен сүйлөшүүсүн улантып, мындай деди:
4
«Сени менен түзгөн Менин келишимим – бул Мен. Сен көптөгөн элдердин атасы болосуң.
5
Сенин атың мындан ары Ыбрам эмес, Ыбрайым болот, анткени Мен сени көптөгөн элдердин атасы кылам.
6
Мен сенин тукумуңду абдан көбөйтүп, сенден элдерди чыгарам, сенден падышаларды чыгарам.
7
Сенин, сенин тукумуңдун Кудайы Мен болом деп, Мен сени менен, сенин тукумуң менен түбөлүк келишим түзөм.
8
Ошентип, сага жана сенин тукумуңа сен келгин болуп жашап жаткан Канаан жерин түбөлүккө берем, алардын Кудайы болом».
9
Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди: «Сен Менин келишимимди сакта, сенин тукумуң да муундан муунга Менин келишимимди сактасын.
10
Мени менен силердин, сенин тукумуңдун, ортосунда түзүлгөн, силер сактай турган Менин келишимим бул: бардык эркектериңер сүннөткө отургузулсун.
11
Сүннөткө отургузулгула, бул силер менен Менин ортомдогу келишимдин белгиси болот.
12
Сенин уругуңдан чыкпаган, күмүшкө сатылып алынган, бөтөн элдик жана сенин үйүңдө туулган ар бир эркек бала төрөлгөнүнө сегиз күн болгондо сүннөткө отургузулсун. Бул муундан муунга сакталсын.
13
Сенин үйүңдө төрөлгөн жана күмүшкө сатылып алынган эркек аттуулар, сөзсүз, сүннөткө отургузулууга тийиш. Ошентип, Менин келишимим силердин денеңерде түбөлүк келишим болот.
14
Сүннөткө отургузулбаган эркек өз элинин арасынан жок кылынат, анткени ал Менин келишимимди бузду».
15
Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди: «Аялың Сараны Сара дебе, анын аты Саара болот.
16
Мен ага батамды берем. Андан сага уул берем. Саарага батамды берем, андан элдер, элдердин падышалары чыгат».
17
Ошондо Ыбрайым жүзтөмөндөп жыгылып: «Кантип эле жүзгө чыккан адамдан уул төрөлсүн? Токсон жаштагы Саара кантип эле төрөсүн?» – деп, ичинен күлдү.
18
Ыбрайым Кудайга минтип айтты: «О, Сенин алдыңда Ысмайыл эле тирүү жүрсө экен!»
19
Кудай мындай деди: «Сага аялың Саара өзү уул төрөп берет. Сен ага Ыскак деген ат коёсуң. Мен аны менен жана анын кийинки укум-тукуму менен түбөлүктүү келишим түзөм.
20
Мен сенин Ысмайыл жөнүндө айтканыңды да уктум. Эми Мен ага батамды берип, аны кайрып келем да, абдан көп кылып көбөйтөм. Андан он эки уруу башчысы төрөлөт. Мен андан улуу эл чыгарам.
21
Бирок Мен келишимимди келерки жылы ушул маалда Саара сага төрөп бере турган Ыскак менен түзөм».
22
Ошондон кийин Кудай Ыбрайым менен сүйлөшүүсүн токтотуп, анын жанынан жогору көтөрүлүп кетти.
23
Ыбрайым өз уулу Ысмайылды, өз үйүндө төрөлгөндөрдү, күмүшүнө сатып алгандарды, өзүнүн үйүндөгү эркек аттуулардын баарын дал ошол күнү Кудай айткандай кылып, сүннөткө отургузду.
24
Сүннөткө отургузулганда, Ыбрайым токсон тогуз жашта эле.
25
Ал эми анын уулу Ысмайыл сүннөткө отургузулганда, он үч жашта эле.
26
Так ошол күнү Ыбрайым да, анын уулу Ысмайыл да сүннөткө отургузулду.
27
Аны менен бирге анын үйүндөгү эркек аттуулардын баары, анын үйүндө төрөлгөндөр жана бөтөн уруудан күмүшкө сатылып алынгандар сүннөткө отургузулду.
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50