bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 33
Genesis 33
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 34 →
1
Жакып көз чаптырып, Эйсаптын келе жатканын көрдү. Анын жанында төрт жүз адам бар экен. Ошондо ал Леянын, Рахелдин жана эки күңдүн балдарын өз-өзүнчө бөлүп койду.
2
Күңдөрүн жана алардын балдарын алдыга койду, Леяны жана анын балдарын алардын артына, ал эми Рахел менен Жусупту алардын артына койду.
3
Өзү болсо алардын алдына өтүп, бир тууганына жакын келгенче, жети ирет жерге чейин башын ийип таазим этти.
4
Ошондо Эйсап ага утурлай чуркап, аны мойнунан кучактап өпкүлөдү, анан экөө тең ыйлашты.
5
Эйсап анын аялдары менен балдарын көрүп: «Буларың ким?» – деп сурады. «Кудайдын кулуңа берген балдары», – деп жооп берди Жакып.
6
Ошондо күңдөр менен алардын балдары жакын келип, ага таазим кылышты.
7
Лея да балдары менен келип таазим этти. Акырында Жусуп менен Рахел да келип таазим этишти.
8
Анан Эйсап андан: «Сен бул көп сандаган малды кандай максат менен жибердиң?» – деп сурады. Жакып ага: «Мырзамдын алдында ырайым табуу үчүн», – деп жооп берди.
9
Ошондо Эйсап ага: «Бир тууганым, өзүмдүкү жетиштүү, өзүңдүкү өзүңдө калсын», – деди.
10
«Жок, эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, белектеримди кабыл ал, анткени жүзүңдү көргөндө, Кудайдын жүзүн көргөндөй болдум, сен мага ырайым кылдың.
11
Менин сага алып келген тартуумду кабыл ал, анткени Кудай мага берди, менде баары бар», – деп, Жакып аны көндүрдү, Эйсап кабыл алды.
12
Анан Эйсап: «Ордубуздан туруп жөнөйлү. Мен сени менен жөнөйүн», – деди.
13
Жакып ага: «Мырзам өзү көрүп турат, балдарым жаш, ал эми майда жана бодо малым саан. Эгерде малды күнү бою айдасак, анда бардык мал өлүп калат.
14
Мырзам өз кулунун алдында кете берсин, ал эми мен алдымда бара жаткан малдын жүрүшүнө жараша, балдарымдын басыгына жараша жай жол жүрүп, мырзама, Сеирге келейин», – деди.
15
«Жанымдагы кишилердин бир нечесин сени менен калтырайын», – деди Эйсап. «Алардын кереги эмне? Мен мырзамдын алдында ырайым тапсам эле болду», – деди Жакып.
16
Ошентип, Эйсап ошол эле күнү өз жолу менен Сеирге кайтты.
17
Жакып болсо Сукотко келип, ошол жерде өзүнө үй куруп, малына бастырма тургузду. Ошондуктан ал жерди Сукот деп атады.
18
Жакып Месопотамиядан чыккандан кийин, Канаан жериндеги Шекем шаарына аман-эсен жетип, ошол шаарга жакын жайланышты.
19
Анан ал Шекемдин атасы Хамордун балдарынан жүз тыйынга жер сатып алып, чатырын тикти.
20
Ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, ал жерди «Ысрайылдын Кудайы – кудуреттүү Кудай» деп атады.
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 34 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50