bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 18
Genesis 18
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 19 →
1
Теңир Мамрей деген эмен токоюнун жанында Ыбрайымга келди. Ал күн ысыкта чатырдын кире беришинде отурган.
2
Ал башын көтөрүп караса, тушунда үч эркек киши турган экен. Аларды көрүп, чатырдын кире беришинен утурлай чуркап барып, аларга жерге чейин башын ийип таазим этти.
3
Анан мындай деди: «Эгедерим! Эгерде мен Сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом, кулуңдун жанынан кыя өтпө.
4
Азыр бир аз суу алып келип, бутуңарды жууп беришет. Ушул дарактын түбүндө эс алгыла.
5
Мен тамак-аш алып келейин, кубаттанып алып, жолго чыккыла, анткени кулуңардын жанынан өтүп баратасыңар». Алар ага: «Айтканыңдай кыл», – дешти.
6
Ошондо Ыбрайым чатырга шашып кирип, Саарага мындай деди: «Бол тезирээк, эң жакшы ундан үч сата камыр жууруп, ачыткысыз нан жасай кой».
7
Анан Ыбрайым бадага чуркап барып, бир жакшы жаш музоону алып келип, уланга карматты. Улан аны даярдаганга шашты.
8
Анан май, сүт, бышырылган музоо этин алып келип, алардын алдына койду. Алар тамак жеп жатышканда, өзү алардын жанында, дарактын түбүндө турду.
9
Алар андан: «Аялың Саара кайда?» – деп сурашты. Ал: «Ушул жерде, чатырда», – деп жооп берди.
10
Алардын бири мындай деди: «Мен келерки жылы ушул эле убакта сеникинде болом, ошондо аялың Саара уулдуу болот». Саара болсо анын артындагы чатырдын оозунда угуп турган эле.
11
Ыбрайым менен Саара картайып, улгайып калышкан эле. Сааранын аялдарга мүнөздүү нерсеси токтоп калган болчу.
12
Саара ичинен күлүп: «Картайып калганда, мага ушундай сооронуч болмок беле? Мырзам да кары», – деди.
13
Ошондо Теңир Ыбрайымга мындай деди: «“Картайып калганымда кантип эле төрөйүн?” – деп, Саара эмне үчүн күлдү?
14
Теңир үчүн кыйын нерсе барбы? Келерки жылы, айтылган мөөнөттө Мен сеникинде болом, ошондо Саара уулдуу болот».
15
Саара болсо: «Мен күлгөн жокмун», – деп, мойнуна албай койду. Анткени ал коркуп кеткен эле. Бирок Ал: «Жок, сен күлдүң», – деди.
16
Анан алар орундарынан турушту да, ал жерден Содомго жөнөштү. Ыбрайым аларды узатып коюу үчүн, алар менен кошо жөнөдү.
17
Ошондо Теңир мындай деди: «Мен кыла турган ишимди Ыбрайымдан жашырмак белем!
18
Ыбрайымдан улуу жана күчтүү эл чыгары анык. Жер жүзүндөгү бардык элдер ал аркылуу бата алышат.
19
Анткени Мен аны өз уулдарына жана өзүнөн кийинки укум-тукумуна чындык жана адилеттүүлүк менен жашоону, Теңирдин жолунда жүрүүнү осуяттасын деп тандап алдым. Теңир Ыбрайымга айтканын орундатат».
20
Анан Теңир мындай деди: «Содом менен Амордун күнөөсү абдан оор, алардан кордук көргөндөрдүн ыйы катуу.
21
Түшүп көрөйүн, алардын кылып жаткан иштери Мага жеткен ыйчалык бекен же жокпу, билейин».
22
Ошентип, алар ал жерден бурулуп, Содомго кетишти. Ыбрайым болсо дагы эле Теңирдин алдында турду.
23
Анан Ыбрайым Теңирге жакын келип, мындай деди: «Кантип эле Сен адил адамды мыйзамсыз менен бирге жок кыласың?
24
Балким, бул шаарда элүү адил адам бардыр? Кантип эле Сен ал жердеги элүү адил адам үчүн аларга ырайым кылбай жок кыласың?
25
Мыйзамсызга эмне болсо, адилге да ошол болбошу үчүн, Сен адилди мыйзамсыз менен бирге жок кылбайсың, Сен эч качан андай кылбайсың! Бүт жер жүзүнүн Соту адилетсиз сот жүргүзмөк беле?»
26
Ошондо Теңир мындай деди: «Эгерде Мен Содом шаарынан элүү адил адам тапсам, анда Мен алар үчүн ал жерге ырайым кылам».
27
Ыбрайым: «Мен топурак жана күл болсом да, Эгедериме сүйлөгөнгө батындым.
28
Эгерде элүү адилге бешөө жетпей калса, жетпеген беш адам үчүн Сен бүтүндөй шаарды кыйратасыңбы?» – деп сурады. Теңир ага: «Эгерде андан кырк бешти тапсам, кыйратпайм», – деп жооп берди.
29
Ыбрайым Теңир менен сүйлөшүүсүн улантып: «Мүмкүн, ал жерден кырк адил адам табылар», – деди. Теңир ага: «Кырк адам үчүн да андай кылбайм», – деди.
30
Ыбрайым дагы: «Менин айта турган сөзүмө Эгедерим каарданбаса экен. Мүмкүн, ал жерден отузу табылар?» – деди. Теңир ага: «Эгер отузу табылса да, андай кылбайм», – деди.
31
Ыбрайым дагы: «Мен Эгедериме сүйлөгөнгө батындым. Мүмкүн, ал жерден жыйырмасы табылар?» – деди. Теңир ага: «Жыйырмасы үчүн да андай кылбайм», – деди.
32
Ошондо Ыбрайым Теңирге: «Мен дагы бир жолу айтсам, Эгедерим каарданбаса экен. Мүмкүн, ал жерден ону табылар?» – деди. Теңир ага: «Ону үчүн да жок кылбайм», – деди.
33
Ошондо Теңир Ыбрайым менен сүйлөшүүсүн токтотуп, анын жанынан кетти. Ыбрайым болсо өз үйүнө кайтып келди.
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 19 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50