bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Genesis 8
Genesis 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 9 →
1
Кудай Нухту жана кемедеги бардык жаныбарлар менен малдарды эстеп, жер бетине шамал жиберди, ошондо суу тартыла баштады.
2
Түпсүздүктөгү булактар менен асман терезелери жабылып, асмандан куйган жамгыр басылды.
3
Суу болсо акырындап жер бетинен кайта баштады. Жүз элүү күндөн кийин суу тартыла баштады.
4
Кеме жетинчи айдын он жетинчи күнү Арарат тоолорунун үстүнө токтоду.
5
Суу онунчу айга чейин тынымсыз тартылып, онунчу айдын биринчи күнү тоо чокулары көрүндү.
6
Кырк күндөн кийин Нух кемедеги өзү жасаган терезени ачып,
7
бир карганы коё берди. Карга кемеден учуп чыгып, жер кургагыча учуп кетип, кайра учуп келип турду.
8
Суунун жер бетинен тартылганын билиш үчүн, андан кийин көгүчкөндү коё берди.
9
Бирок көгүчкөн бутун коёрго жер таппай, кемеге кайрылып келди, анткени бүт жер бетин дагы эле суу каптап турган эле. Нух колун сунуп, көгүчкөндү кармап, кемеге киргизип алды.
10
Анан дагы жети күн коё туруп, көгүчкөндү кайрадан коё берди.
11
Көгүчкөн ага кечке маал кайрылып келди. Анын тумшугунда зайтун дарагынын жаңы үзүлгөн жалбырагы бар эле. Ошондо Нух жер бетиндеги суунун тартылганын билди.
12
Ал дагы жети күн коё туруп, көгүчкөндү коё берди, бирок ал ага кайрылып келген жок.
13
Нух алты жүз бир жашка чыкканда, биринчи айдын биринчи күнүнө караганда, жер бетиндеги суу тартылды. Нух кеменин үстүн ачып караса, жердин үстү кургап калыптыр.
14
Экинчи айдын жыйырма жетинчи күнүнө караганда, жер кургады.
15
Ошондо Кудай Нухка мындай деди:
16
«Кемеден сени менен кошо аялың, уулдарың жана келиндериң чыксын.
17
Жаныңдагы бардык тирүү жандыктарды: жаныбарларды, канаттууларды, малдарды, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларды кошо алып чык. Алар жер бетине тарап, тукумдап көбөйүшсүн».
18
Ошентип, Нух менен бирге уулдары, аялы жана уулдарынын аялдары кемеден чыгышты.
19
Бардык жаныбарлар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарлар, бардык канаттуулар, жер бетинде кыбыр эткен бардык тирүү жандыктар түр-түрү менен кемеден чыгышты.
20
Ошондо Нух Теңирге курмандык чалынуучу жай куруп, ар кандай адал малдан, ар кандай адал канаттуудан алып келип, курмандык чалынуучу жайдын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалды.
21
Теңир жагымдуу жытты искеди да, жүрөгүндө мындай деди: «Мындан ары адам үчүн жерди каргабайм, анткени адамдын ойлору жаш чагынан эле жаман. Мындан ары бардык тирүү жандарды топон суу менен кырбайм.
22
Мындан ары жерде жашоо болуп турганда, эгүү-себүү менен оруу-жыюу, суук менен ысык, жай менен кыш, күн менен түн токтобойт».
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50