bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 1
Ezekiel 1
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 2 →
1
Мындай болду: отузунчу жылдын төртүнчү айынын бешинчи күнү Кебар дарыясынын жанында, көчүрүлгөндөрдүн арасында жүргөндө, асман ачылды, ошондо мен Кудайдын көрүнүштөрүн көрдүм.
2
Айдын бешинчи күнү (Жайахин падышанын туткундалып кеткенине беш жыл болгондо),
3
Каздим жеринде, Кебар дарыясынын жанында, ыйык кызмат кылуучу Бузинин уулу Жезекиелге Теңирден сөз болду. Ошол жерде Теңирдин колу анын үстүндө болду.
4
Ошондо мен муну көрдүм: түндүктөн дуулдаган шамал келди, зор булут, алоолонгон от жана булуттун тегерегинде жарык.
5
Ал эми анын ортосунан чыккан жарык оттун ичинен чыккан жалындын жарыгындай эле. Анын ортосунан төрт тирүү жандык көрүндү, алардын кебетелери адамдыкына окшош эле.
6
Ар биринин төрттөн бети жана төрттөн канаты бар эле.
7
Ал эми алардын буттары болсо түптүз экен, алардын буттарынын таманы музоонун буттарынын таманындай экен, алар жалтырак жездей жаркылдап турган эле.
8
Алардын төрт капталында, канаттарынын астында адамдыкындай колдору бар экен.
9
Төртөөнүн тең беттери жана канаттары бар эле. Алардын канаттары бири-бирине тийишип турат экен. Жүрүп бара жатышканда, алар артына бурулушкан жок, ар бири өзүнүн бет алды жагын карай жүрдү.
10
Алардын беттеринин окшоштугу болсо мындай: аларда адамдын бети, төртөөнүн тең оң жагында арстандын бети, төртөөнүн тең сол жагында буканын бети, төртөөндө тең бүркүттүн бети бар эле.
11
Алардын беттери да, алардын канаттары да жогору жагынан бөлүнгөн, бирок ар биринин эки канаты бири-бирине тийишип турат экен, ал эми калган эки канаты алардын денелерин жаап турат экен.
12
Алардын ар бири өзүнүн бет алды жагын карай жүрдү. Рух кайда кааласа, ошол жакка жүрүштү. Жүрүп бара жатышканда, алар артына бурулушкан жок.
13
Бул жаныбарлардын сырткы көрүнүшү күйүп жаткан көмүрдүн көрүнүшүндөй, чырактандын көрүнүшүндөй экен. От жаныбарларды аралап жүрдү, оттон жаркыроо жана чагылган чыгып турду.
14
Жаныбарлар чагылган жаркылдагандай, тиги жакка да, бул жакка да тез жылып жүрүштү.
15
Мен жаныбарларды карап турдум, жерде, бул төрт жаныбардын жанында, алардын төрт бетинин алдында бирден дөңгөлөк турду.
16
Алардын дөңгөлөктөрүнүн көрүнүшү жана түзүлүшү топаз ташына окшош экен, төртөөнүн тең түрү бир. Алардын көрүнүшү жана түзүлүшү дөңгөлөктүн ичинде дөңгөлөк тургандай.
17
Алар жүрүшкөндө, өз бет алдынча төрт тарапка жүрүштү. Жүрүү убагында артына бурулушкан жок.
18
Алардын алкактары бийик да, коркунучтуу да эле. Төртөөнүн тең алкактары тегерете көзгө толгон.
19
Жаныбарлар жүргөндө, алардын жанында дөңгөлөктөр да жүрдү. Жаныбарлар жерден көтөрүлгөндө, дөңгөлөктөр да көтөрүлдү.
20
Рух каякка жүргүсү келсе, алар да ошол жакка жүрүштү. Рух кайда барбасын, дөңгөлөктөр да алар менен бирдей көтөрүлдү, анткени жаныбарлардын руху дөңгөлөктөрдө эле.
21
Тигилер жүргөндө, булар да жүрүштү. Тигилер токтогондо, булар да токтошту. Тигилер жерден көтөрүлгөндө, дөңгөлөктөр да алар менен бирдей көтөрүлдү, анткени жаныбарлардын руху дөңгөлөктөрдүн ичинде эле.
22
Жаныбарлардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асманга окшогон нерсе укмуштуу кристаллдай эле, ал жогорудан алардын баштарынын үстүнө жайылып турду.
23
Ал эми көмкөрүлгөн асмандын астында алардын канаттары бири-бирине түз жайылып турду, ар биринин өздөрүн жапкан экиден канаты бар эле, ар биринин эки канаты денелерин жаап турду.
24
Алар жүргөндө, канаттарынын дабышын уктум. Ал дабыш чоң суулардын дабышындай, Кудуреттүүнүн үнүндөй, аскер кошуунунун чуусундай эле. Алар токтогондо, канаттарын түшүрүп коюп жатышты.
25
Алар токтоп, канаттарын түшүрүшкөндө, алардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асмандан үн чыкты.
26
Алардын баштарынын үстүндөгү көмкөрүлгөн асмандын үстүндө болсо жакут таштан жасалган тактыга окшош нерсе бар эле. Ал эми тактыга окшош нерсенин үстүндө адамга окшош бирөө отурган.
27
Мен анын ичинен тегерете чыгып жаткан от сыяктуу, жалындаган металлга окшош нерсени көрдүм. Анын белинен өйдө жана белинен ылдый кандайдыр бир отту көрдүм, анын айланасы жаркырап турду.
28
Жамгыр жаап жатканда, булут бетиндеги көк желенин көрүнүшү кандай болсо, анын тегерегиндеги жаркырактын көрүнүшү да ошондой эле.
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 2 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48