bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 14
Ezekiel 14
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 15 →
1
Ысрайыл аксакалдарынан бир нече киши келип, менин бет алдыма отурушту.
2
Ошондо мага Теңирден сөз болду:
3
«Адам уулу! Бул адамдар өз жүрөгүнө жасалма кудайлардын кирүүсүнө жол беришти, өздөрүнүн алдына өздөрүнүн күнөөсүнүн азгырыгын коюп алышты: Мен аларга жооп бере аламбы?
4
Ошондуктан алар менен сүйлөшүп мындай деп айт: Кудай-Теңир мындай дейт де: “Эгерде Ысрайылдан ким өз жүрөгүнө жасалма кудайлардын кирүүсүнө жол берсе, өзүнүн алдына өзүнүн күнөөсүнүн азгырыгын коюп алса, анан пайгамбарга келсе, анда Мен, Теңир, ага жасалма кудайларынын көптүгүнө жараша жооп берем”.
5
Ысрайыл өзүнүн жасалма кудайларынан улам Мен үчүн жат болуп калганын өз жүрөгүндө түшүнсүн.
6
Ошондуктан Ысрайылга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Кайрылгыла, жасалма кудайларыңардан баш тарткыла, жүзүңөрдү өзүңөрдүн бардык жийиркеничтериңерден бургула”.
7
Анткени Ысрайыл тукумунан болобу же Ысрайылда жашап жаткан келгиндерден болобу, ким Менден баш тартып, өз жүрөгүнө жасалма кудайлардын кирүүсүнө жол берсе, өзүнүн алдына өзүнүн күнөөсүнүн азгырыгын коюп алса, анан пайгамбарга келип, ал аркылуу Менден сураса, анда Мен, Теңир, ага Өзүм жооп берем.
8
Мен ал адамга каршы Өз жүзүмдү бурам, аны жышаан жана лакап кылам, аны Өз элимдин ичинен жок кылам, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер.
9
А эгерде пайгамбар азгырылып, ал Мен, Теңир, ага үйрөтүп койгонсуп сөз айтса, анда Мен ага каршы Өз колумду сунуп, аны Өз элим Ысрайылдын арасынан жок кылам.
10
Ошентип, алар өздөрүнүн мыйзамсыздыгынын айыбын тартышат. Сурагандын айыбы кандай болсо, пайгамбардын айыбы да ошондой болот.
11
Ысрайыл мындан ары Менден бурулбашы үчүн, өзүн ар кандай мыйзамсыздыктары менен булгабашы үчүн, тескерисинче, Менин элим болуп, Мен болсо анын Кудайы болушум үчүн ошондой болот, – дейт Кудай-Теңир».
12
Анан мага Теңирден сөз болду:
13
«Адам уулу! Кайсы бир жер Менден жүзү каралык менен баш тартып, Менин алдымда күнөө кылса, Мен Өз колумду ага каршы сунуп, анын нан булагын жок кылсам, ага ачарчылык жиберсем, ал жердин элин жана малын кырсам,
14
эгерде ал жерде бул үч адам: Нух, Даниел жана Аюб болсо, анда алар өздөрүнүн адилеттиги менен өз жандарын гана сактап калышмак, – дейт Кудай-Теңир.
15
Же эгерде Мен ал жерге катаал жырткыч айбандарды жиберсем, алар жерди жетим калтырса, ал жер жырткычтардын айынан эч ким өтпөгөн чөлгө айланса,
16
ал жерде бул үч адам болсо да, – Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир, – алар уулдарды да, кыздарды да куткара алышмак эмес, алар өздөрү гана куткарылышмак, жер болсо чөлгө айланмак.
17
Же эгерде Мен ал жерге кылыч жиберип: “Кылыч, бул жерди аралап чык!” – десем, кылыч ал жердин адамдарын жана малын кыра баштаса,
18
ал жерде бул үч адам болсо да, – Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир, – алар уулдарды да, кыздарды да куткара алышмак эмес, алар өздөрү гана куткарылышмак.
19
Же эгерде Мен ал жерге жугуштуу оору жиберсем, ал жердеги адамдарды жана малды кырыш үчүн, ал жерге кан төгүү менен каарымды төксөм,
20
ал жерде Нух, Даниел жана Аюб болсо да, – Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир, – алар уулдарды да, кыздарды да куткара алышмак эмес, алар өздөрүнүн адилеттиги менен өз жандарын гана сактап калышмак».
21
Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен Иерусалимдин адамдары менен малын кырыш үчүн, ага Өзүмдүн төрт оор жазамды – кылыч менен ачкачылыкты, катаал жырткыч айбандар менен жугуштуу ооруну жиберсем да,
22
ошондо да ал жерде анын ичинен алып чыгарылган уулдар менен кыздардан турган калдык калат. Алар силерди тосуп чыгышат, силер алардын жүрүм-турумун жана иштерин көрүп, Менин Иерусалимге каптаткан алааматымдан, Мен ага каршы эмне каптатсам, ошонун баарынан соороносуңар.
23
Силер алардын жүрүм-туруму менен иштерин көрүп соороносуңар. Ошондо силер Мен анын ичинде эмне жасасам, ошонун бардыгын бекер жасабаганымды билесиңер», – дейт Кудай-Теңир.
← Chapter 13
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 15 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48