bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 43
Ezekiel 43
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 42
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 44 →
1
Анан ал мени дарбазага – чыгышты караган дарбазага алып келди.
2
Ысрайыл Кудайынын даңкы чыгыштан келе жатты. Анын үнү чоң суулардын дабышындай эле, Анын даңкынан жер жарык болуп турду.
3
Бул көрүнүш мен көргөн мурунку көрүнүштөй эле, ал шаардын кыйрашын кабарлап келгенимде көргөн көрүнүшкө окшош эле, ал Кебар дарыясынын жээгинде көргөн көрүнүштөргө окшош эле. Ошондо мен жүзтөмөндөп жыгылдым.
4
Теңирдин даңкы чыгышты караган дарбаза аркылуу ийбадатканага кирди.
5
Ошондо рух мени көтөрүп, ички короого киргизди. Ийбадаткана бүт бойдон Теңирдин даңкына толду.
6
Мен кимдир бирөөнүн ийбадаткананын ичинен мага сүйлөп жатканын уктум, ал киши болсо менин жанымда турган эле.
7
Ошондо Теңир мага мындай деди: «Адам уулу! Бул – Менин тагым турган жер, Менин бутум турган жер, бул жер Менин Ысрайыл уулдарынын арасында түбөлүккө жашай турган жерим. Ысрайыл мындан ары Менин ыйык ысымымды булгабайт, алар өзүлөрү да, алардын падышалары да өздөрүнүн бузуктугу менен, өздөрүнүн падышаларынын өлүктөрү менен, бутканалары менен Менин ыйык ысымымды мындан ары булгашпайт.
8
Алар өздөрүнүн босогосун Менин босогомдун жанына коюшкан, өздөрүнүн эшиктерин Менин эшигимдин жанына коюшкан, ошондуктан Мени менен алардын ортосун бир эле дубал бөлүп турчу. Алар өздөрүнүн жийиркеничтүү иштери менен Менин ыйык ысымымды булгашчу. Ошон үчүн Мен аларды Өз каарым менен кырып салгам.
9
Эми алар өздөрүнүн бузуктугун, падышаларынын өлүктөрүн Менден четтетишет, ошондо Мен алардын арасында түбөлүк жашайм.
10
Өздөрүнүн мыйзамсыздыктарынан уялышы үчүн, ийбадаткананын ченемин алышы үчүн, сен, адам уулу, Ысрайылга ушул ийбадаткана жөнүндө жарыя кыл.
11
Эгерде алар өздөрүнүн бардык иштеринен уялышса, анда аларга ийбадаткананын көрүнүшүн, түзүлүшүн, андан чыга турган жана ага кире турган эшиктерин, бүт сүрөттөрүн, бүт көрсөтмөлөрүн, бардык көркөм сүрөттөрүн, бүт мыйзамдарын көрсөт. Алар анын түзүлүшүн жана бүт көрсөтмөлөрүн сактап, ошолорду аткарышы үчүн, алардын көзүнчө жаз.
12
Ийбадаткананын мыйзамы мындай: тоонун чокусундагы ал турган жердин тегерегиндеги бүт мейкиндик – ыйыктын ыйыгы. Ийбадаткананын мыйзамы ушул!»
13
Чыканак менен ченегенде курмандык чалынуучу жайдын ченеми мындай болду (бир чыканак алакан менен чыканакты кошконго барабар): пайдубалы бир чыканак, туурасы да бир чыканак, тегерете курчап турган кырдын эни бир карыш. Курмандык чалынуучу жайдын арткы тарабы мындай:
14
анын пайдубалынан төмөнкү урчугуна чейин эки чыканак, ал эми анын туурасы бир чыканак. Кичине урчугунан чоң урчугуна чейин төрт чыканак, ал эми анын туурасы бир чыканак.
15
Курмандык чалынуучу жайдын өзүнүн бийиктиги төрт чыканак. Курмандык чалынуучу жайдын үстүнөн төрт мүйүз чыгып турат.
16
Курмандык чалынуучу жайдын узундугу он эки, туурасы он эки чыканак. Анын төрт тарабы бирдей, ал төрт бурчтуу.
17
Анын аянтчасынын узундугу он төрт чыканак, туурасы он төрт чыканак, аны тегерете курчап турган кыр жарым чыканак, ал эми пайдубалы бир чыканак. Ага чыгуучу тепкичтер болсо чыгыш тараптан.
18
Анан ал мага мындай деди: «Адам уулу! Кудай-Теңир мындай дейт: “Курмандык чалынуучу жайдын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалып туруу үчүн, үстүнө кан чачып туруу үчүн, курмандык чалынуучу жай жасалып бүткөн күнү берилген көрсөтмө мындай:
19
Мага кызмат кылуу үчүн жакындаган Садок уруусунан, Леби уулдарынан чыккан ыйык кызмат кылуучуларга күнөө үчүн курмандыкка бир букачар бер, – дейт Кудай-Теңир.
20
Букачардын канынан алып, курмандык чалынуучу жайдын төрт мүйүзүнө, аянтчанын төрт бурчуна, тегерете курчап турган кырына чач, сен аны ушинтип тазала, ушинтип ыйыкта.
21
Күнөө үчүн чалынган букачарды алып, аны ыйык жайдын сыртында, үйдүн атайы белгиленген жеринде өрттө.
22
Ал эми эртеси күнү күнөө үчүн курмандыкка кемчиликсиз бир теке чал. Курмандык чалынуучу жайды букачар менен кандай тазалашса, аны менен да ошондой тазалашсын.
23
Тазалагандан кийин, кемчиликсиз бир букачар жана кемчиликсиз бир кочкор алып кел.
24
Аларды Теңирдин алдына алып кел. Аларга ыйык кызмат кылуучулар туз чачып, Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалышат.
25
Күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка жети күн бою, күнүнө бир текеден чал. Ошондой эле күнүнө бирден букачар жана бирден кемчиликсиз кочкор чалышсын.
26
Курмандык чалынуучу жайды жети күн бою тазалашсын, ыйыкташсын жана өз колдорун толтурушсун.
27
Ушул күндөр бүткөндөн кийин, сегизинчи күнү жана андан ары ыйык кызмат кылуучулар курмандык чалынуучу жайда бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңарды жана тынчтык курмандыктарыңарды чалышат. Ошондо Мен силерге ырайым кылам”», – дейт Кудай-Теңир.
← Chapter 42
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 44 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48