bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 12
Ezekiel 12
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 13 →
1
Анан мага Теңирден сөз болду:
2
«Адам уулу! Сен козголоңчул тукумдун арасында жашап жатасың. Алардын көрө турган көзү бар, бирок көрүшпөйт, алардын уга турган кулагы бар, бирок угушпайт, себеби алар – козголоңчул тукум.
3
Ал эми сен, адам уулу, көчүүгө керектүү нерселериңди даярда, анан алардын көз алдында күндүз көчүп кет, алардын көз алдында өзүң турган жерден башка жерге көчүп кет. Алар козголоңчул тукум болгонуна карабастан, балким, түшүнүшөр.
4
Өзүңдүн буюмдарыңды көчүүгө керектүү буюмдар катары алардын көз алдында күндүз алып чык, өзүң да көчүп бараткандай болуп, алардын көз алдында кечинде чык.
5
Алардын көз алдында дубалды теш, буюмдарыңды ошол тешик аркылуу алып чык.
6
Алардын көз алдында жүгүңдү ийиниңе салып, аны караңгыда алып чык, жерди көрбөш үчүн, жүзүңдү жаап ал, анткени Мен сени Ысрайылга белги катары койдум».
7
Ошондо мага кандай буйрук берилсе, мен ошондой кылдым: буюмдарымды көчүүгө керектүү буюмдар катары күндүз алып чыктым, кечинде болсо дубалды колум менен тешип, караңгыда жүктү алып чыгып, алардын көз алдында ийиниме салдым.
8
Эртең менен мага Теңирден сөз болду:
9
«Адам уулу! Козголоңчул Ысрайыл сенден: “Эмне кылып жатасың?” – деп сураган жокпу?
10
Аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт де: “Бул пайгамбарчылык Иерусалимдеги башкаруучуга жана ал жерде жашаган бүт Ысрайылга тиешелүү”.
11
Айт: “Мен силер үчүн жышаанмын. Мен эмне кылсам, аларга ошондой болот, алар көчүрүлөт, туткунга кетет”.
12
Алардын арасындагы башчы жүгүн ийинине салып, караңгыда чыгат. Аны дубал аркылуу жөнөтүш үчүн, дубалды тешишет. Ал бул жерди көрбөш үчүн, жүзүн жаап алат.
13
Мен ага торумду жаям, ал Менин торума түшөт, Мен аны Бабылга, Каздим жерине, алып келем, бирок ал аны көрбөйт, ошол жерде өлөт.
14
Ал эми анын тегерегиндеги жактоочуларын жана бүт аскерин туш тарапка сапырып жиберем, анан алардын артынан кылычты кынынан сууруйм.
15
Мен аларды элдердин арасына чачып жибергенде, жер-жерлерге сапырып жибергенде, алар Менин Теңир экенимди билишет.
16
Алар кайсы элдердин арасына барышса, ошол элдердин арасында өздөрүнүн бардык жийиркеничтери жөнүндө айтып беришсин үчүн, Мен алардын ичинен бир аз сандагы адамдарды кылычтан, ачарчылыктан жана жугуштуу оорудан сактап калам. Ошондо алар Менин Теңир экенимди билишет».
17
Анан мага Теңирден сөз болду:
18
«Адам уулу! Наныңды титиреп же, сууңду калтырап жана кайгырып ич.
19
Анан бул жердин элине айт: Кудай-Теңир Иерусалимдин тургундары жөнүндө, Ысрайыл жери жөнүндө мындай дейт де: Алар өз нанын кайгы менен жешет, өз суусун сарсанаа болуп ичишет, анткени алардын жери анда жашагандардын кыянат иштери үчүн бардык молчулуктан ажырайт.
20
Эл отурукташкан шаарлар бүлгүнгө учурап, жер ээн калат, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер».
21
Анан мага Теңирден сөз болду:
22
«Адам уулу! Силердин Ысрайыл жеринде: “Көп күндөр өтөт, анан ар кандай пайгамбарчылык жок болот”, – деп айтып жүргөн макалыңар эмне деген макал?
23
Ошондуктан аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Бул макалды жок кылам, ошондон кийин Ысрайылда мындай макал айтышпайт, бирок аларга айт: «Ал күндөрдүн келерине жана ар бир пайгамбарчылыктын аткарыларына аз калды»”.
24
Анткени Ысрайылда мындан ары эч кандай жалган көрүнүш жана жалган пайгамбарчылык болбойт.
25
Анткени Мен Теңирмин, Мен айтып жатам, Мен айткан сөз аткарылат, кийинкиге калтырылбайт. Силердин күндөрүңөрдө, козголоңчул тукум, Мен эмнени айтсам, ошону аткарам», – дейт Кудай-Теңир.
26
Анан мага Теңирден сөз болду:
27
«Адам уулу! Ысрайыл мындай деп жатат: “Ал көргөн пайгамбарчылык көрүнүш көп күндөрдөн кийин аткарылат, ал алыскы мезгилдер жөнүндө пайгамбарчылык кылып жатат”.
28
Ошондуктан аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мындан ары Менин сөзүмдүн бири да кийинки мөөнөткө калтырылбайт. Бирок Мен айткан сөз аткарылат”», – дейт Кудай-Теңир.
← Chapter 11
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 13 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48