bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 30
Ezekiel 30
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 31 →
1
Анан мага Теңирден сөз болду:
2
«Адам уулу! Пайгамбарчылык кылып айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ыйлагыла! Кайгылуу күн келе жатат!
3
Анткени ал күн жакындап калды! Теңирдин күнү – кайгылуу күн жакын калды. Элдерди жазалоо күнү келе жатат.
4
Мисирге кылыч келе жатат, Мисирде өлтүрүлгөндөр кулаганда, анын байлыктары алынып кеткенде, анын негиздери кыйраганда, Эфиопияны коркунуч каптайт.
5
Алар менен кошо Эфиопия да, Пут да, Лут да, ар кошкон элдер да, Хуп да, алар менен келишим түзгөн өлкөлөрдүн уулдары да кылычтан өлүшөт”.
6
Теңир мындай дейт: “Мисирдин тирөөчтөрү кулайт, анын күч-кубатынын сыймыгы төмөн түшөт. Мигдолдон тартып Себейнейге чейин жашагандар кылычтан өлүшөт, – дейт Кудай-Теңир.
7
Ал кыйраган жерлердин арасында ээн калат, анын шаарлары кыйраган шаарлардын арасында калат.
8
Мисирге от жибергенде, анын бардык тирөөчтөрү кыйратылганда, Менин Теңир экенимди билишет.
9
Бейкапар жаткан эфиопиялыктарды коркутуу үчүн, ошол күнү Менден кемелер менен кабарчылар барышат, аларды, Мисирге алаамат түшкөн күндөгүдөй, коркунуч каптайт, анткени мына, ал күн келе жатат”.
10
Кудай-Теңир мындай дейт: “Бабыл падышасы Небухаданасардын колу менен көп элдүү Мисирдин акырына чыгам.
11
Аны элдердин арасында эң катаал болгон эли менен ушул жерди кыйратыш үчүн алып келем. Алар Мисирге каршы кылычтарын кындарынан сууруп, жерди өлүккө толтурушат.
12
Дарыяларды кургактыкка айландырып, жерди катаал адамдардын колуна берем, жерди жана анда болгондун бардыгын чет жерликтердин колу менен кыйратам. Муну Мен, Теңир, айттым”.
13
Кудай-Теңир мындай дейт: “Буркандарды жок кылам, Ноптогу жалган кудайларды талкалайм, мындан ары Мисир жеринен башчы чыкпайт, Мисир жерине коркунуч каптатам.
14
Патросту урандыга айлантам, Соанга от жиберем, Нону жазалайм.
15
Мисирдин сепили болгон Синге Өзүмдүн каарымды төгөм, Нонун көп сандаган элин жок кылам.
16
Мисирге от жиберем. Син титирейт, Но урайт, душмандар Нопко чак түштө кол салышат.
17
Абен менен Пи-Бесеттин жаш уландары кылычтан өлүшөт, калгандары туткундалып кетет.
18
Мен Такпанкесте Мисирдин моюнтуругун кыйраткандан кийин, ал жерде күн караңгылайт, ал жерде анын күч-кубатынын сыймыгы талкаланат. Аны булут жабат, анын кыздары туткундалып кетет.
19
Мен Мисирди ушинтип жазалайм, ошондо Менин Теңир экенимди билишет”».
20
Он биринчи жылдын биринчи айынын жетинчи күнү мага Теңирден сөз болду:
21
«Адам уулу! Мен Мисир падышасы фараондун каруу-булчуңун талкаладым. Ал айыгышы үчүн дагы эле таңыла элек, кылыч кармаганга күч алышы үчүн, таңгычтар менен таңыла элек».
22
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен Мисир падышасы фараонго каршымын, анын соо каруу-булчуңун да, сынган каруу-булчуңун да талкалайм, ошондо анын колунан кылычы түшүп калат.
23
Мисирликтерди элдердин арасына чачам, жер-жерлерге сапырам.
24
Ал эми Бабыл падышасынын каруу-булчуңдарын күчтүү кылам, анын колуна Өзүмдүн кылычымды берем, фараондун каруу-булчуңдарын болсо кыйратам, оор жарадар болгон адам кандай онтосо, ал анын алдында ошондой онтойт.
25
Бабыл падышасынын каруу-булчуңдарын чыңдайм, ал эми фараондун каруу-булчуңдары шалдаят. Мен Өзүмдүн кылычымды Бабыл падышасынын колуна бергенде, ал аны Мисир жерине сунганда, Менин Теңир экенимди билишет.
26
Мисирликтерди элдердин арасына таратам, жер-жерлерге сапырам, ошондо Менин Теңир экенимди билишет».
← Chapter 29
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 31 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48