bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 4
Ezekiel 4
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 5 →
1
«Сен, адам уулу, кыш ал, аны өзүңдүн алдыңа кой, анан ага Иерусалим шаарынын сүрөтүн тарт.
2
Аны курчоого ал, ага каршы чеп кур, анын тегерегине жал үй, кошуун жайгаштыр, тегерете дубал бузгучтарды кой.
3
Темир таба алып, аны өзүң менен шаардын ортосуна темир дубал катары кой, анан шаарга жүзүңдү бур. Ал курчоодо калат, сен аны курчоого ал. Бул Ысрайылга белги болот.
4
Сол капталың менен жат, анан анын үстүнө Ысрайылдын мыйзамсыздыгын кой. Сол капталың менен жаткан күндөрдүн санына жараша сен алардын мыйзамсыздыгын көтөрөсүң.
5
Мен сага алардын мыйзамсыздык кылган жылдарынын санын күндөрдүн саны менен белгилеп бердим: Ысрайылдын мыйзамсыздыгын сен үч жүз токсон күн көтөрөсүң.
6
Муну аткаргандан кийин, кийинки жолу оң капталың менен жат, Жүйүттүн мыйзамсыздыгын кырк күн көтөр, бир күн бир жылга барабар, Мен сага бир күндү бир жылга белгилеп бердим.
7
Жүзүңдү жана жылаңач оң колуңду Иерусалим курчоосуна бур, анан ага каршы пайгамбарчылык кыл.
8
Мен сага кишен салдым, сенин курчоодо турган күндөрүң бүтмөйүнчө, бир капталыңдан экинчи капталыңа оодарылбайсың.
9
Өзүңө буудай, арпа, буурчак, жасмык, таруу жана кара буудай алып, аларды бир идишке салып, алардан капталың менен жаткан күндөрдүн саны боюнча нан жаса. Аларды сен үч жүз токсон күн жейсиң.
10
Жей турган тамагыңды таразага тартып, күнүнө жыйырма шекелден же, аны эртеден кечке чейин өз маалы менен же.
11
Сууну да өлчөмү менен ич, гиндин алтыдан бир бөлүгүн ич. Эртеден кечке чейин өз убагы менен ушинтип ич.
12
Аларды элдин көз алдында арпа нандай кылып адамдын заңына бышырып же».
13
Анан Теңир мындай деди: «Ысрайыл уулдары Мен аларды кайсы элдердин арасына кууп жиберсем, ошол элдердин арасында ушинтип таза эмес нан жешет».
14
Ошондо мен: «Оо Кудай-Теңирим! Менин жаным эч качан булганган эмес, жаш чагымдан ушул күнгө чейин тарпты да, жырткыч тытып кеткенди да жеген эмесмин. Эч кандай таза эмес эт оозума алган эмесмин», – дедим.
15
Ошондо Ал мага: «Мен сага адамдын заңынын ордуна уйдун тезегин уруксат кылам, наныңды ошого бышыр», – деди.
16
Анан мага: «Адам уулу! Мен Иерусалимдеги нан булагын кыйратам. Ошондо алар нанды өлчөп, кайгырып жешет, сууну да өлчөп, көңүлдөрү чөгүп ичишет.
17
Себеби аларда суу менен нан жетишсиз болот. Алар бири-бирине коркунуч менен карашат, өз мыйзамсыздыгы үчүн соолуп жок болушат, – деди.
← Chapter 3
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 5 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48