bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 29
Ezekiel 29
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 28
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 30 →
1
Онунчу жылдын онунчу айынын он экинчи күнү мага Теңирден сөз болду:
2
«Адам уулу! Мисир падышасы фараонго жүзүңдү бур, ага жана бүт Мисирге каршы пайгамбарчылык кыл.
3
Мындай деп айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мисир падышасы фараон, өзүнүн дарыяларынын ортосунда жатып алып, «Бул менин дарыям, мен аны өзүм үчүн жараттым» деген чоң жаныбар, Мен сага каршымын.
4
Бирок Мен сенин оозуңа илмек салып, дарыяларыңдагы балыктарды кабырчыгыңа жабыштырам, дарыяларыңдагы кабырчыгыңа жабышкан бардык балыктарың менен кошо сени дарыядан чыгарам.
5
Сени дарыяларыңдагы бүт балыктарың менен кошо чөлгө ыргытам, сен ачык талаага түшөсүң, сени жыйнашпайт да чогултушпайт, сени талаа жырткычтарына жана асман канаттууларына жем кылам.
6
Ошондо Мисир тургундарынын баары Менин Теңир экенимди билишет, анткени алар Ысрайыл үйүнө камыш тирөөч болушкан.
7
Алар сени колу менен кармашканда, сен сынып, алардын бүт далысын жараладың. Алар сага таянганда, сен сынып, алардын белин кокустаттың”.
8
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен сага кылыч жиберип, адамдарыңды да, малыңды да кырам.
9
Ошентип, Мисир жери чөлгө жана урандыга айланат. Ошондо Менин Теңир экенимди билишет. Анткени ал: «Дарыя меники, аны мен жараттым», – деди.
10
Мына ошондуктан Мен сага каршымын, сенин дарыяларыңа каршымын, Мигдолдон тартып Себейнейге чейин жана Эфиопиянын чек арасына чейин жаткан Мисир жерин чөлдүн чөлүнө айлантам.
11
Ал жерден адам буту баспайт, ал жерден мал туягы өтпөйт, ал жерде кырк жыл эч ким жашабайт.
12
Урандыга айланган жерлердин арасында Мисир жерин да урандыга айлантам. Кыйраган шаарлардын арасында анын шаарлары да кырк жыл ээн калат. Мисирликтерди элдердин арасына чачам, аларды жер-жерлерге сапырам”.
13
Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: “Кырк жыл өткөндөн кийин, Мен элдердин арасына чачылган мисирликтерди чогултам.
14
Мисирдин туткундалып кеткен элин кайра алып келем, аларды өздөрүнүн туулган жери – Патрос жерине алып келем. Алар ошол жерде күчсүз падышачылык болушат.
15
Ал падышачылык башка падышачылыктардан күчсүз болот. Ошондон кийин ал элдердин үстүнөн көтөрүлбөйт. Алар элдердин үстүнөн үстөмдүк кылбаш үчүн, Мен аларды азайтам.
16
Ошондон кийин алар Мисирге кайрылып мыйзамсыздык кылган Ысрайыл үчүн анын мыйзамсыздыгын эске салуучу жөлөк болушпайт. Ошондо Менин Кудай-Теңир экенимди билишет”».
17
Жыйырма жетинчи жылдын биринчи айынын биринчи күнү мага Теңирден сөз болду:
18
«Адам уулу! Бабыл падышасы Небухаданасар өз аскерин Тирге каршы чоң иштерди кылдырып кыйнады. Баарынын чачтары түштү, баарынын ийиндери тытылды, бирок Тирге каршы иштерди кылгандыгы үчүн Тирден ага да, анын аскерине да сыйлык болгон жок».
19
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен Бабыл падышасы Небухаданасарга Мисир жерин берем, ал анын байлыгын алып кетет, олжосун тартып алат, анын талап-тоноп алган мүлкүн талап-тоноп алат, бул анын аскерине сыйлык болот.
20
Мен ага Тирде жүргүзгөн иштери үчүн Мисир жерин сыйлык кылып берем, анткени алар муну Мен үчүн кылышты, – дейт Кудай-Теңир.
21
Ошол күнү Ысрайыл үчүн мүйүз өстүрүп чыгарам, алардын арасында сенин оозуңду ачам, ошондо Менин Теңир экенимди билишет».
← Chapter 28
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 30 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48