bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 5
Ezekiel 5
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 6 →
1
Сен, адам уулу, өзүңө бир курч бычак ал. Аны өзүңө сакал алгыч устара катары алып, аны менен башыңдагы чачыңды, сакалыңды ал. Анан тараза алып, чачыңды үч бөлүккө бөл.
2
Курчоо күндөр бүткөндө, анын үчтөн бир бөлүгүн шаардын ортосунда өрттө. Yчтөн бир бөлүгүн шаардын тегерегине бычак менен кескилеп сал. Yчүнчү бөлүгүн шамалга сапырып жибер. Мен болсо алардын артынан кылычты кынынан сууруйм.
3
Бир аз чач алып, аларды өзүңдүн этегиңе байлап ал.
4
Алардан да алып, отко ыргытып өрттөп жибер. Ошол жерден бүт Ысрайылга каршы от чыгат».
5
Кудай-Теңир мындай дейт: «Бул – Иерусалим! Мен аны элдердин арасына койдум, ал эми анын тегерегинде – өлкөлөр.
6
Ал болсо Менин буйруктарыма каршы бутпарастардан да жаман иш кылды, Менин мыйзамдарыма каршы өзүнүн айланасындагы өлкөлөрдөн да жаман иш жасады, анткени алар Менин буйруктарымды четке кагышты, Менин мыйзамдарым боюнча жүрүшкөн жок».
7
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Силер айланаңардагы бутпарас элдерден да көп мыйзамсыздык кылдыңар, Менин мыйзамдарым боюнча жүргөн жоксуңар, Менин буйруктарымды аткарган жоксуңар, жада калса, өзүңөрдүн тегерегиңерде жашаган бутпарас элдердин мыйзамдары боюнча жүргөн жоксуңар.
8
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: Мен да сага каршымын, Мен Өзүм сени бутпарас элдердин көз алдында жазалайм.
9
Сенин бардык ыпылас иштериң үчүн Мен сага эч качан кылбаган жана мындан ары да кылбай турган нерсени кылам.
10
Ошон үчүн сенин ичиңде аталары балдарын, балдары аталарын жешет. Сени жазалайм, сенин бүт калдыгыңды туш тарапка сапырам.
11
Ошон үчүн – дейт Кудай-Теңир, – Мен тирүүмүн, сен Менин ыйык жайымды өзүңдүн бардык жийиркеничтериң жана ыпыластыктарың менен булгагандыгың үчүн Мен сени азайтам, Менин көзүм сени аябайт, Мен сага ырайым кылбайм.
12
Сенин элиңдин үчтөн бир бөлүгү жугуштуу оорудан өлөт, сенин ичиңде ачкачылыктан кырылат. Yчтөн бир бөлүгү сенин айланаңда кылычтан кырылат. Ал эми үчтөн бир бөлүгүн туш тарапка сапырып, алардын артынан кылычты кынынан сууруйм.
13
Ошентип, Мен бүт каарымды төгөм; ошентип, Өзүмдүн аларга болгон каарымды кандырам; ошентип, Мен канагаттанам. Менин аларга болгон бүт каарым төгүлгөндө, Мен, Теңир, аларга кызганчаактык менен айтканымды билишет.
14
Сени өзүңдүн тегерегиңде жашаган элдердин арасында, сенин жаныңдан өткөндөрдүн көз алдында чөлгө айландырам, маскара кылам.
15
Мен сени Өзүмдүн каарым менен, ачуум менен, катуу жазалар менен жазалап жатканда, сен өзүңдүн тегерегиңде жашаган элдерге шылдың, маскара, сабак жана коркунуч болосуң, муну Мен, Теңир, айттым.
16
Сага каршы ачкачылыктын катаал жебелерин жиберем, алар сени жок кылат, ачкачылыкты күчөтөм, нан булактарыңды кыйратам.
17
Сага ачкачылык жана катаал жырткычтарды жиберем, алар сени балдарыңдан ажыратат. Сени жугуштуу оору жана кан аралап өтөт, сага каршы кылыч жиберем, муну Мен, Теңир, айттым».
← Chapter 4
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 6 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48