bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 38
Ezekiel 38
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 37
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 39 →
1
Анан мага Теңирден сөз болду:
2
«Адам уулу! Магок жериндеги Тубал менен Мешехтин башкы төрөсү болгон Гокко жүзүңдү буруп, ага каршы пайгамбарчылык кыл.
3
Ага айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мешех менен Тубалдын башкы төрөсү Гок, Мен сага каршымын.
4
Сени артка бурам, оозуңа ооздук салып, сени жана бүт аскериңди, аттарыңды жана атчандарыңды, башынан аягына чейин куралданган, соот кийген, калкан кармаган, кылыч менен куралданган чоң, сан жеткис аскериңди,
5
алар менен кошо калкан кармаган, туулга кийген персиялыктарды, эфиопиялыктарды, путтуктарды,
6
Гомерди жана анын бүт аскерин, түндүк жеринен Тогарманы жана анын бүт аскерин, көптөгөн элдерди сени менен кошо алып чыгам.
7
Сен өзүңдүн жаныңа чогулган бүт аскериң менен даяр бол, согушка даярдан, сен аларга жол башчы болосуң.
8
Көп күндөрдөн кийин сен чакырыласың. Акыркы жылдары сен кылычтан кутулган жерге, көп элдердин арасынан жыйналган ал жердин тургундарына, дайыма ээн турган Ысрайыл тоолоруна келесиң, бирок эми ал жердин тургундары элдердин арасынан кайрылып келип, коопсуздукта жашашат.
9
Сен өзүңдүн аскериң менен, көп сандаган элиң менен бороондой көтөрүлүп, жерди каптаган булуттай болуп келесиң”.
10
Кудай-Теңир мындай дейт: “Ошол күнү жүрөгүңө бир ой келип, сен бир жаман иш ойлоп таап,
11
мындай дейсиң: «Дубал менен курчалбаган жерге чыгайын, коопсуздукта жашап жаткан бейкапар элге барайын, алардын баары дубалдары жок жашашат, алардын дарбазалары да, кулпулары да жок».
12
Талап-тонош үчүн, олжого тунуш үчүн, кайрадан эл отурукташкан урандыларга кол салыш үчүн, элдердин арасынан жыйналган, жер киндигинде жашап, чарба, соода жүргүзгөн элге кол салыш үчүн келесиң.
13
Шеба, Дыдан жана Таршыш көпөстөрү, алардын жаш арстандары сага: «Сен талап-тонош үчүн келдиңби, өзүңдүн сансыз аскериңди олжо табыш үчүн, алтын-күмүштөрдү тартып алыш үчүн, мал-мүлктөрдү чаап алыш үчүн, чоң олжого тунуш үчүн жыйнадыңбы?» – дешет”.
14
Ошондуктан, адам уулу, пайгамбарчылык кылып, Гокко айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Чыны менен эле, сен ошол күнү Менин элим Ысрайыл коопсуз жашап жатканын билип,
15
өзүңдүн жериң болгон түндүк жеринен чыгып, көптөгөн элдер менен – атчандар менен, жоон топ менен, көп сандаган аскер менен келесиң.
16
Жерди каптаган булутка окшоп, Менин элим Ысрайылга каршы чыгасың. Бул акыркы күндөрү болот. Элдер Мени таанып билиши үчүн, Мен сени, Гок, Өз жериме каршы алып келем, элдердин алдында сен аркылуу Өзүмдүн ыйыктыгымды көрсөтөм”.
17
Кудай-Теңир мындай дейт: “Байыркы күндөрү: «Мен сени аларга каршы алып келем», – деп, ошол убакта пайгамбарчылык кылган Өзүмдүн кулдарым – Ысрайыл пайгамбарлары аркылуу сен жөнүндө айткан эмес белем?
18
Гок Ысрайыл жерине келген күнү, – дейт Кудай-Теңир, – Менин каарым жалындап күйөт.
19
Мен Өзүмдүн кызганычым менен, Өзүмдүн каарым күйүп турганда, мындай деп айткам: Чын эле, ошол күнү Ысрайыл жеринде өтө катуу жер титирөө болот.
20
Ошондо Менин жүзүмдөн деңиз балыктары, асман канаттуулары, талаа жырткычтары, сойлоп жүрүүчү жаныбарлар, жер бетиндеги бардык адамдар титирешет, тоолор урайт, аска-зоолор кулайт, бүт дубалдар жер менен жер болот.
21
Өзүмдүн бардык тоолорумда Гокко каршы кылыч чакырам, – дейт Кудай-Теңир. – Ар бир адамдын кылычы өзүнүн бир тууганына каршы чабылат.
22
Аны жугуштуу оору менен, кан төгүү менен жазалайм, анын үстүнө, анын аскеринин үстүнө, анын жанында жүргөн бүт элдин үстүнө кара нөшөр жана таш мөндүр, от жана күкүрт төгөм.
23
Ошентип, Өзүмдүн улуулугумду жана ыйыктыгымды көрсөтөм, көп элдерге Өзүмдү таанытып билдирем, ошондо Менин Теңир экенимди билишет”.
← Chapter 37
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 39 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48