bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 31
Ezekiel 31
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 30
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 32 →
1
Он биринчи жылдын үчүнчү айынын биринчи күнү мага Теңирден сөз болду:
2
«Адам уулу! Мисир падышасы фараонго жана анын элине айт: “Улуулугуң менен сен өзүңдү кимге теңейсиң?
3
Ашур Лебанондо бутактары кооз, жалбырактары көлөкөлүү, бийик кедр болчу. Анын чокусу булуттар арасында эле.
4
Аны суулар өстүрдү, туңгуюк жогору көтөрдү; анын дарыялары көчөттөрүнүн айланасында акчу, ал өзүнүн агымдарын бүт талаа дарактарына жиберип турчу.
5
Ал өскөндө, бийиктиги бүт талаа дарактарынан бийик болду, суу көп болгондуктан, бутактары жыш болду, шактары калың болду, бутактары узарды.
6
Анын бутактарына ар кандай асман канаттуулары уя салышты, анын бутактарынын астында талаа жырткычтары төлдөштү, анын көлөкөсүнүн астында ар кандай көп сандаган элдер жашашты.
7
Ал өзүнүн бийиктиги, бутактарынын узундугу менен көрктүү болду, анткени анын тамыры чоң суулардын жанында эле.
8
Кудайдын багындагы кедрлер ага көлөкө түшүргөн жок. Кызыл карагайлар анын бутактарына да тең келе албады, чынарлар анын шактарына да тең келе албады, өзүнүн кооздугу менен Кудайдын багындагы бир да дарак ага тең келе албады.
9
Мен аны бутактарынын көптүгү менен кооз кылдым, Кудайдын багындагы бардык Эйден дарактары ага көз артышчу”.
10
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Ал бийик болуп өстү, чокусу булуттар арасына жетти, өзүнүн бийиктиги менен жүрөгү да көтөрүлдү.
11
Ошон үчүн Мен аны элдердин эң күчтүүсүнүн колуна бердим. Ал ага анын иштерине жараша мамиле кылды. Мен аны мыйзамсыздыгы үчүн кууп чыктым.
12
Элдердин ичинен эң каардуу болгон чет жерликтер аны кыйып, таштап салышты. Анын шактары тоолорго жана бүт өрөөндөргө түштү. Бутактары жердин бардык кокту-колотторунда талкаланып калды, анын көлөкөсүнүн астында жашаган элдердин баары аны таштап кетип калышты.
13
Анын сынган бутактарынын арасына ар түркүн асман канаттуулары уя салышты, анын шактарына ар кандай талаа жырткычтары жайгашты.
14
Суу жээгиндеги бир да дарак өзүнүн бийиктиги менен менменсинбеши үчүн, чокуларын булуттар арасына жеткирбеши үчүн, суу ичкендердин баары анын бийиктигин көрүп, анын артынан көтөрүлбөшү үчүн ушундай болду. Анткени булардын баары өлүм жазасына тартылып, көргө кирген адамдар менен бирге өлгөндөр жаткан жайга кетишет”.
15
Кудай-Теңир мындай дейт: “Ал өлгөндөр жаткан жайга кирген күнү Мен ал үчүн аза күттүм, ал үчүн туңгуюкту жаптым, анын дарыяларын токтоттум, чоң сууларды тостум, ал үчүн Мен Лебанонду кайгыга салдым, ал үчүн бүт талаа дарактары кайгыга батты.
16
Ал кулаганда чыккан дабыш менен Мен элдерди титиреттим, аны көрдөгүлөргө коштум, өлгөндөр жаткан жайга түшүрдүм. Ошондо өлгөндөр жаткан жайдагы Эйден дарактарынын баары, Лебанондун тандамал, эң кооз дарактарынын баары, суу ичкендердин баары сооронушту.
17
Анткени булар да, элдердин ичинен анын көлөкөсүнүн астында жашаган шериктештери да аны менен кошо өлгөндөр жаткан жайга, кылычтан өлгөндөрдүн жанына түшүштү.
18
Ошентип, сен өзүңдүн даңкың жана бийиктигиң менен Эйден дарактарынын кайсынысына тең келе алдың? Бирок эми сен Эйден дарактары менен кошо өлгөндөр жаткан жайга түшүрүлөсүң, кылычтан өлгөндөр менен кошо сүннөткө отургузулбагандардын арасына жатасың. Булар – фараон жана анын көптөгөн эли”», – дейт Кудай-Теңир.
← Chapter 30
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 32 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48