bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 36
Ezekiel 36
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 35
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 37 →
1
Сен, адам уулу, Ысрайыл тоолоруна пайгамбарчылык кыл: Ысрайыл тоолору! Теңирдин сөзүн уккула.
2
Кудай-Теңир мындай дейт: “Душман силер жөнүндө: «И-и! И-и! Түбөлүк тоолор биздин энчибизге тийди», – деп жатышат”.
3
Ошон үчүн пайгамбарчылык кылып айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер башка элдердин энчиси болуп калышыңар үчүн, адамдарга жаманатты, ушак болушуңар үчүн, душмандар силерди кыйратып, туш-туштан жеп-жутушту.
4
Мына ошон үчүн, ошон үчүн гана, Ысрайыл тоолору, Кудай-Теңирдин сөзүнө кулак салгыла”. Тегерек-четтеги башка элдердин шылдыңына калып, олжосуна айланган тоолорго, адырларга, дарыяларга, өрөөндөргө, кыйратылган, таланып-тонолгон, ээн калган шаарларга Кудай-Теңир мындай дейт:
5
Ошон үчүн Кудай-Теңир мындай дейт: “Менин жеримди өзүнө кубанып энчи кылып алган, аны ичинен жек көрүп, өзүнө олжо кылып алган башка элдерге каршы, бүт Эдомго каршы Мен Өзүмдүн кызганычымдын оту менен сүйлөдүм”.
6
Ошондуктан Ысрайыл жери жөнүндө пайгамбарчылык кыл, тоолорго жана адырларга, дарыяларга жана өрөөндөргө мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен бул сөздү кызганычым менен, Өзүмдүн каарым менен айттым, анткени силер элдердин шылдыңын көтөрүп жатасыңар”.
7
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Өз колумду көтөрүп, тегерегиңердеги элдердин шылдыңы өздөрүнүн башына келет деп ант бердим.
8
Силер болсо, Ысрайыл тоолору, бутагыңарды жаясыңар, Менин элим Ысрайылга мөмө бересиңер, анткени алар жакында келишет.
9
Анткени мына, Мен силерге кайрылам, силер иштетилесиңер, силерге үрөн себилет.
10
Силердин үстүңөргө көп сандаган элди, бүт Ысрайыл элин, жайгаштырам, шаарларга эл отурукташат, урандылар тургузулат.
11
Силердин үстүңөрдө адамдарды жана малды көбөйтөм, алар тукумдап көбөйүшөт, силерге мурунку убактагыдай жайгаштырам, силерге мурунку убактагыга караганда көбүрөөк ырайым көрсөтөм, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер.
12
Силердин үстүңөргө адамдарды, Өзүмдүн элим Ысрайылды алып келем, алар сени ээлешет! Сен алардын мурасы болосуң, мындан ары аларды балдарынан ажыратпайсың”.
13
Кудай-Теңир мындай дейт: “Сага: «Сен адамдарды жеген, өз элиңди баласыз калтырган жерсиң», – деп айтышканы үчүн,
14
сен мындан ары адамдарды жебейсиң, мындан ары өз элиңди балдарынан ажыратпайсың, – дейт Кудай-Теңир.
15
Мындан ары элдерден шылдың укпайсың, мындан ары уруулардан кордук көрбөйсүң, мындан ары өз элиңди мүдүрүлтпөйсүң”», – дейт Кудай-Теңир.
16
Анан мага Теңирден сөз болду:
17
«Адам уулу! Ысрайыл өз жеринде жашап турганда, ал жерди ал өзүнүн жүрүш-турушу менен, өзүнүн иштери менен булгады. Алардын жолу Менин алдымда аялдын тазаланып жаткан убагындагы таза эместигиндей эле.
18
Мен аларга Өз каарымды төктүм, анткени алар бул жерге кан төгүштү, бул жерди өздөрүнүн жасалма кудайлары менен булгашты.
19
Мен аларды элдердин арасына чачып жибердим, Мен аларды жер-жерлерге сапырдым. Мен аларды өздөрүнүн жолдоруна жана иштерине жараша жазаладым.
20
Алар элдердин арасына барганда, Менин ыйык ысымымды булгашты, анткени алар жөнүндө: “Булар – Теңирдин эли, Анын жеринен чыгышты”, – деп айтып жатышат.
21
Ошондо Мен Ысрайыл барган жерлердеги элдердин арасында булганган Өзүмдүн ыйык ысымымды аядым.
22
Ошондуктан Ысрайылга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ысрайыл, Мен муну силер үчүн эмес, силер элдердин арасына барганда булгаган Өзүмдүн ыйык ысымым үчүн кылам.
23
Силер элдердин арасында булгаган, элдердин арасында даңктабаган Өзүмдүн улуу ысымымды ыйык кылам, элдердин көз алдында силерге Өзүмдүн ыйыктыгымды көрсөтөм, ошондо алар Менин Теңир экенимди билишет, – дейт Кудай-Теңир.
24
Силерди элдердин арасынан алып чыгам, бардык өлкөлөрдөн жыйнайм, силерди өз жериңерге алып келем.
25
Yстүңөргө таза суу чачам, ошондо силер таза болосуңар, силерди бардык таза эмес нерселериңерден жана бардык жасалма кудайларыңардан тазалайм.
26
Силерге жаңы жүрөк берем, ичиңерге жаңы рух салам. Силердин денеңерден таш жүрөктү алып салып, эт жүрөк берем.
27
Силердин ичиңерге Өз рухумду салам, силерди Менин мыйзамдарым менен жүргүдөй, Менин буйруктарымды сактагыдай жана аткаргыдай кылам.
28
Ошондо Мен силердин ата-бабаларыңарга берген жерде жашайсыңар, Менин элим болосуңар, Мен силердин Кудайыңар болом.
29
Силерди бардык таза эмес нерселериңерден бошотом, дан өсүмдүктөрүн өстүрөм, аларды мол кылам, силерде ачкачылык болбойт.
30
Бак-дарактардын мөмөлөрүн, дан өсүмдүктөрүн мол кылам, мындан ары ачкачылыктын айынан элдерге шылдың болбойсуңар.
31
Ошондо өзүңөрдүн жаман жолдоруңарды, кыянат иштериңерди эсиңерге түшүрөсүңөр, силер өзүңөрдүн мыйзамсыздыгыңар үчүн, ыпылас иштериңер үчүн өзүңөрдөн жийиркенесиңер.
32
Билип койгула, муну Мен силер үчүн жасабайм, – дейт Кудай-Теңир. – Ысрайыл эли, өзүңөрдүн жолдоруңардан уялгыла, кызаргыла”.
33
Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен силерди бардык мыйзамсыздыгыңардан тазалаган күнү шаарларыңарга эл отурукташтырам, урандылар кайра тургузулат.
34
Нары-бери өткөн адамдын көзүнө чөл болуп көрүнгөн, ээн калган жерлер иштетилет.
35
Ошондо: «Бул ээн калган жер Эйден багындай болуп калды, бул кыйратылган, ээн калган, таланып-тонолгон шаарлар бекемделди, ага эл отурукташты», – деп айтышат.
36
Ошондо силердин тегерегиңерде калган элдер Менин уратылганды кайра тургузган, ээн калган жерди элдүү кылган Теңир экенимди билишет. Мен Теңирмин, Мен айтканымды кылам”.
37
Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Ысрайылга дагы мындай ырайым кылам: анын адамдарын короо-короо койлордой көп кылам.
38
Майрам убагында Иерусалимде курмандыкка чалынуучу койлор кандай көп болсо, ээн калган шаарларда да эл ошондой көп болот, ошондо Менин Теңир экенимди билишет”».
← Chapter 35
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 37 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48