bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 48
Ezekiel 48
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 47
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
1
«Уруулардын аттары мындай: түндүк тараптан, Хетлонду карай кеткен жолдун жанындагы, Хаматка алып баруучу жолдон Дамаск чек арасындагы Хатсар-Эйнанга чейинки, түндүктү карай кеткен Хаматтын жанындагы жерлер, чыгыштан деңизге чейин жаткан ушул жердин баары – Дандын үлүшү.
2
Дандын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Ашырдын үлүшү.
3
Ашырдын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Напталынын үлүшү.
4
Напталынын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Менашенин үлүшү.
5
Менашенин чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Эпрайымдын үлүшү.
6
Эпрайымдын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Рубейиндин үлүшү.
7
Рубейиндин чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Жүйүттүн үлүшү.
8
Жүйүттүн чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан, туурасы жыйырма беш миң таяк, узундугу чыгыштан батышка чейин жаткан башка үлүштөрдүн узундугуна барабар болгон жер – ыйык жер. Анын ортосунда ыйык жай болот.
9
Силердин Теңирге арнай турган жериңердин узундугу жыйырма беш миң, туурасы он миң таяк болот.
10
Түндүктү карай жыйырма беш миң, деңизди карай туурасы он миң, чыгышты карай туурасы он миң, түштүктү карай узундугу жыйырма беш миң таяк болгон бул ыйык жер ыйык кызмат кылуучуларга таандык, анын ортосунда Теңирдин ыйык жайы болот.
11
Аны Садоктун уулдарынан чыккан ыйык кызмат кылуучуларга арнагыла, анткени алар Менин күзөтүмдө турушкан, Ысрайыл уулдары Менден баш тарткан убакта башка лебилердей болуп Менден баш тартышкан эмес.
12
Аларга лебилердин чек арасынын жанындагы ыйыктын ыйыгы болгон ыйык жердин бир бөлүгү таандык.
13
Ошондой эле лебилер да ыйык кызмат кылуучулардын жеринин жанынан узундугу жыйырма беш миң, туурасы он миң таяк жер алышат. Бардыгы болуп узундугу жыйырма беш миң, туурасы он миң таяк жер.
14
Алардын бул үлүштү сатууга да, алмашууга да укугу жок. Жердин бул эң жакшы үлүшү башкаларга өтпөшү керек, анткени бул жер – Теңирдин ыйыгы.
15
Ал эми туурасы беш миң, узундугу жыйырма беш миң таяк болгон калган жер шаар үчүн, жалпы пайдалануу үчүн, отурукташуу үчүн, тегерек-чет үчүн болот. Анын ортосунда шаар болот.
16
Анын өлчөмү мындай: түндүк жагы төрт миң беш жүз, түштүк жагы төрт миң беш жүз, чыгыш жагы төрт миң беш жүз, батыш жагы төрт миң беш жүз таяк.
17
Ал эми шаардын түндүк жагындагы жер эки жүз элүү, чыгыш жагындагы жер эки жүз элүү, түштүк жагындагы жер эки жүз элүү, батыш жагындагы жер эки жүз элүү таяк.
18
Ал эми ыйык жердин чыгыш тарабындагы он миң, батыш тарабындагы он миң таяк жердин түшүмү шаарда иштегендердин азыгы болсун.
19
Шаарда болсо Ысрайылдын бардык урууларынан чыккан жумушчулар иштей алышат.
20
Туурасы жыйырма беш миң, узундугу жыйырма беш миң таяк болгон, төрт бурчтуу, өзүнчө бөлүнгөн жерди шаар ээлеген жер менен кошо ыйык жер үчүн бөлүп койгула.
21
Ал эми калган жер – ыйык жерден тышкаркы, шаар ээлеген жерден тышкаркы жер төрөгө таандык. Төрөнүн үлүшүнө ыйык жердин батыш тарабынан батыш чек арага чейинки жыйырма беш миң таяк жер жана ыйык жердин чыгыш тарабынан чыгыш чек арага чейинки жыйырма беш миң таяк жер таандык. Ыйык жер менен ыйык жай анын ортосунда болот.
22
Ошондой эле лебилердин үлүшү менен шаар ээлеген жердин ортосундагы калган жер да төрөгө таандык. Жүйүттүн чек арасы менен Бенжеминдин чек арасынын ортосундагы жер да төрөгө таандык.
23
Уруулардан калган, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Бенжеминдин үлүшү.
24
Бенжеминдин чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Шымондун үлүшү.
25
Шымондун чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Исахардын үлүшү.
26
Исахардын чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Забулундун үлүшү.
27
Забулундун чек арасына жанаша, чыгыштан батышка чейин жаткан жер – Гаттын үлүшү.
28
Түштүк чек ара Гаттын чек арасынын жанынан, түштүк тараптан өтүп, Тамарадан Кадеш сууларына чейин, сууну бойлоп, Улуу деңизге чейин кетет.
29
Ысрайыл урууларынын өкчөмө таш боюнча бөлүп ала турган жери ушул, алардын үлүштөрү ушулар», – дейт Кудай-Теңир.
30
«Шаардан сыртка чыгуучу жерлер булар: түндүк жагынан узундугу төрт миң беш жүз ченем.
31
Шаардын дарбазалары Ысрайыл урууларынын ысымдары менен аталат. Түндүк жагында үч дарбаза: Рубейин дарбазасы, Жүйүт дарбазасы, Леби дарбазасы.
32
Чыгыш жагынан төрт миң беш жүз ченем, үч дарбаза: Жусуп дарбазасы, Бенжемин дарбазасы, Дан дарбазасы.
33
Түштүк жагынан да төрт миң беш жүз ченем, үч дарбаза: Шымон дарбазасы, Исахар дарбазасы, Забулун дарбазасы.
34
Деңиз тарабынан да төрт миң беш жүз ченем, үч дарбаза: Гат дарбазасы, Ашыр дарбазасы, Напталы дарбазасы.
35
Тегерете бардыгы болуп он сегиз миң ченем. Ошол күндөн баштап шаардын аты “Теңир ошол жерде” болот».
← Chapter 47
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48