bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 17
Ezekiel 17
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 18 →
1
Анан мага Теңирден сөз болду:
2
«Адам уулу! Ысрайылга табышмак айт, бир мисал келтир.
3
Аларга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Канаттары чоң жана узун, жүнү коюу жана түркүн түстүү бир чоң бүркүт Лебанонго учуп келип, кедр дарагынын учунан үзүп алды.
4
Ал анын жаш бутактарынын жогорку учунан үзүп алып, аны Канаан жерине алып келип, соодагерлер шаарына койду.
5
Анан ошол жердин уругунан алып, түшүмдүү талаага отургузду, тал отургузгандай, чоң суунун боюна отургузду.
6
Ал өсүп, бою жапыз, жайылган жүзүм сабагы болду. Анын бутактары аны көздөй ийилип турду, тамырлары анын астында эле. Ошентип, ал жүзүм сабагы болду, жаш бутактары чыгып, бутак жайды.
7
Канаттары чоң, жүнү коюу дагы бир бүркүт бар эле. Бүркүт өзүнүн бак-дарактарынын жөөктөрүнөн сугарып турушу үчүн, бул жүзүм сабагы өз тамырлары менен ага тартылып, ага өзүнүн бутактарын жайды.
8
Ал бутактарын жайып, жемиш бериш үчүн, эң сонун жүзүм сабагы болуш үчүн, жакшы талаага, чоң суунун боюна отургузулган эле”.
9
Аларга мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ал ийгиликке жетеби? Анын тамырларын жулуп салышпайбы? Анын жемиштерин үзүп алышпайбы? Ошондо ал куурап калбайбы? Андан өсүп чыккан жаш бутактардын баары куурап калат. Аны көп күч жумшабай эле, көп кишинин жардамысыз эле түп-тамыры менен жулуп салышат.
10
Ал отургузулду, бирок ийгилик болобу? Ал чыгыш шамалы согору менен куурап калбайбы? Ал өзү өскөн жөөктө куурап калат”».
11
Анан мага Теңирден сөз болду:
12
«Козголоңчул тукумга мындай де: “Мунун мааниси эмнеде экенин билбейсиңерби?” Аларга мындай де: “Бабыл падышасы Иерусалимге келип, анын падышасы менен төрөлөрүн өзүнүн жерине, Бабылга, алып кетти.
13
Падыша тукумунан бир кишини алып, аны менен келишим түзүп, андан убада алды. Анан өзү менен кошо ал жердин күчтүүлөрүн алып кетти.
14
Падышачылык моюн сунушу үчүн, баш көтөрбөшү үчүн, келишим сакталып, бузулбай турушу үчүн ошентти.
15
Бирок ал Мисирге өз элчилерин жиберип, өзүнө ат жана көп адам сурап, Бабыл падышасына каршы чыкты. Ал ийгиликке жетеби? Муну кылган адам өзү тирүү калабы? Ал келишимди бузду, эми ал тирүү калабы?
16
Мен тирүүмүн! – дейт Кудай-Теңир. – Өзүн падыша кылып койгон Бабыл падышасынын жеринде ал өзүнүн ага берген антын жек көрүп, аны менен түзгөн келишимин бузду. Ал анын жери, Бабылда өлөт.
17
Көп адам өлтүрүлүшү үчүн жал үйүлүп, курчоо мунаралары курулуп калганда, фараон өзүнүн зор күчү менен, көп сандаган эли менен ага бул согушта эч нерсе кыла албайт.
18
Келишимди бузуш үчүн, ал өзү берген антты жек көрдү. Ал колун берип, ушунун баарын кылды, эми ал тирүү калбайт”».
19
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен тирүүмүн! Ал жек көргөн Менин антымды, ал бузган Менин келишимимди Мен анын өз башына бурам.
20
Ага Өз торумду жаям, ал Менин торума түшөт. Анан аны Бабылга алып келем. Мага ишенимсиз болгондугу үчүн ошол жерде Мен аны менен соттошом.
21
Ал эми анын бардык кошуундарынан качкан качкындарынын баары кылычтан өлөт, калгандары болсо туш тарапка сапырылат. Ошондо силер муну Мен, Теңир, айтканымды билесиңер».
22
Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен бийик кедрдин учунан жаш бутак алып отургузам. Анын жогорку бутактарынан жаш бутак үзүп алып, бийик жана даңктуу тоонун үстүнө отургузам.
23
Аны Ысрайылдын бийик тоосуна отургузам, ошондо ал бутак жайып, мөмө берет, эң сонун кедр болот, анын түбүнө ар кыл куштар уялашат, анын бутактарынын көлөкөсүнө ар кыл канаттуулар уялашат.
24
Ошондо бардык талаа дарактары Менин Теңир экенимди билишет, Мен бийик даракты жапыз кылам, жапыз даракты бийик кылам, көгөргөн даракты кууратам, куураган даракты гүлдөтөм. Мен Теңирмин, айтканымды аткарам».
← Chapter 16
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 18 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48