bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 27
Ezekiel 27
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 28 →
1
Анан мага Теңирден сөз болду:
2
«Сен да, адам уулу, Тир үчүн ыйла.
3
Деңиз булуңдарыңда жайланышкан, көп аралдардагы элдер менен соода жүргүзгөн Тирге айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Тир! Сен: «Мен сулуулуктун жеткен чегимин!» – дейсиң.
4
Сенин чек араларың деңиздердин жүрөгүндө. Куруучуларың сенин сулуулугуңду жеткилеңдикке жеткиришкен:
5
Сенин бүт такталарыңды Сенирдин кипарис жыгачынан жасашкан. Сага мамыларды жасаш үчүн, Лебанондон кедр алышкан.
6
Калактарыңды Башандын эмен жыгачынан жасашкан. Отургучтарыңды бук жыгачынан жасашкан, алардын алкактарын Китим аралдарынан алынып келинген пил сөөгүнөн жасашкан.
7
Парустарың Мисирдин гүлдүү зыгыр кездемесинен жасалды, алар сага желек катары болду, жабууларың Элиша аралдарынын көк жана кочкул кызыл түстөгү кездемелеринен болду.
8
Сидон менен Арбат тургундары калакчыларың болду. Тир, сенде акылман адамдар бар эле. Алар сенин кеме башкаруучуларың болду.
9
Гебалдын аксакалдары менен акылмандары сенин кемелериңдин тешиктерин бүтөөчүлөр эле. Деңиздеги бардык кемелер жана кеме айдоочулар аркылуу сенин соодаң жүрүп турган.
10
Сенин аскерлериңдин арасында персиялыктар, луттуктар, путтуктар бар эле, алар сенин жоокерлериң эле. Алар сага калкан жана туулга илишчү, сага алар көрк берип турчу.
11
Арбат уулдары менен сенин аскерлериң дубалдарыңдын үстүнө тегерете турушчу, гамдыктар сенин мунараңдын үстүндө турушчу. Алар сенин дубалдарыңды айланта өз саадактарын илишчү, алар сенин сулуулугуңду чегине жеткиришти.
12
Ар кандай байлыктын молдугунан Таршыш сени менен соода жүргүзчү. Сенин товарларыңа күмүш, темир, калай, коргошун беришчү.
13
Жабан, Тубал жана Мешех сени менен соода жүргүзүп, сенин товарларыңа адамдар менен жез идиштерди алмашышчу.
14
Тогарма үйүнөн сенин товарларыңдын ордуна жылкыларды, минги аттарды, качырларды беришчү.
15
Сени менен Дыдан уулдары соода жүргүзчү. Көп аралдар сени менен товар алмашып турчу. Пил сөөгүн жана кара жыгачты сага төлөм кылып жиберип турушчу.
16
Сен көп нерселерди өндүрүп чыгаргандыктан, сени менен арамейликтер соода жүргүзчү. Алар сенин товарларыңдын ордуна зымырыт, кочкул кызыл кездеме, саймалуу кездеме, зыгыр кездеме, маржан, лаал беришчү.
17
Сени менен Ысрайыл жери жана Жүйүт аймагы соода-сатык жүргүзчү. Сенин товарларыңдын ордуна Минит буудайын, бал, таттуу нерселерди, жыгач майын, бальзам беришчү.
18
Сен көп нерселерди өндүрүп чыгаргандыктан, ар кандай байлыгың мол болгондуктан, Дамаск сени менен соода жүргүзүп, сенин товарларыңдын ордуна Хелбон шарабын жана ак жүн берчү.
19
Бедан менен Жабан сенин товарларыңдын ордуна жип беришчү; сенин товарларыңа иштетилген темир, корица жана жыпар жыттуу камыш алмашып турушчу.
20
Дыдан сени менен ат үстүнө жабылуучу кымбат баалуу ат жабуулары менен соода кылчу.
21
Аравия жана Кейдардын бардык төрөлөрү сени менен товар алмашып турушчу: сенин товарларыңа козуларды, койлорду жана эчки-текелерди алмашышчу.
22
Шеба менен Раманын көпөстөрү сенин товарларыңа ар кандай жыпар жыттуу заттарды, ар кыл асыл таштарды жана алтын беришчү.
23
Сени менен Харан, Каней, Эден жана Шеба көпөстөрү, Ашур жана Килмат соода жүргүзүп турчу.
24
Алар сени менен кымбат баалуу кийимдер менен, жибек жана саймалуу кездемелер менен соода кылып турушчу. Аларды сенин базарларыңа кедр жыгачынан жасалган сандыктарга салып, жакшылап таңып алып келишчү.
25
Таршыш кемелери сенин соодаң үчүн сага кербен болуп турушкан. Ошентип, сен деңиз ортосунда бай жана атактуу болуп калдың.
26
Калакчыларың сени чоң сууларга алып киришти, бирок чыгыш шамалы сени деңиздердин ортосунда талкалады.
27
Сенин байлыгың да, товарларың да, сактоочу кампаларың да, кеме айдоочуларың да, кеме башкаруучуларың да, кеме тешиктерин бүтөөчүлөрүң да, соодаңды башкаруучуларың да, жоокерлериң да, көп сандаган элиң да сен кулаган күнү сени менен кошо деңиз түбүнө түшөт.
28
Сенин кеме башкаруучуларыңдын өкүрүгүнөн тегеректегилер солкулдайт.
29
Калакчылар, кеме айдоочулар, кеме башкаруучулар өз кемелеринен түшүп, жерде турушат.
30
Сени жоктоп катуу кыйкырышат, баштарына күл чачып, топуракка оонап, катуу онтошот.
31
Сени жоктоп, чачтарын такырайта кырдырышат, белдерине зумбал курчанышат, сени жоктоп, жандары кейип, өксүп ыйлашат.
32
Сени жоктоп кайгырып, минтип кошок кошуп ыйлашат: «Деңиздин ортосунда Тирге окшоп кыйраган шаар барбы?!»
33
Деңиздерден товарларың келип турганда, сен көп элдерди тойгузчу элең. Мол байлыгың менен, соодаң менен жердеги падышаларды байытып турчу элең.
34
Эми сени деңиздер талкалады, товарларың жана ичиңдеги көп сандаган элиң айлампага чөктү.
35
Сен жөнүндө укканда, аралдарда жашагандардын баарынын үрөйү учту, алардын падышалары титиреп, өңдөрү бузулду.
36
Башка элдердин соодагерлери сен жөнүндө ышкырышты. Сен коркунучка айландың, эми сен түбөлүккө жок болосуң”».
← Chapter 26
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 28 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48