bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 3
Ezekiel 3
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 4 →
1
Ал мага: «Адам уулу! Сенин алдыңда эмне турса, ошону же, бул түрмөк китепти же, анан бар, Ысрайыл үйүнө айт», – деди.
2
Ошондо мен оозумду ачтым, Ал мага бул түрмөк китепти жегенге берди.
3
Ал мага: «Адам уулу! Мен берип жаткан бул түрмөк китепке курсагыңды тойгуз жана ичиңди толтур», – деди. Ошондо мен аны жедим, ал оозумдун ичинде балдай таттуу эле.
4
Анан Ал мага мындай деди: «Адам уулу! Тур, Ысрайылга бар, аларга Менин сөздөрүмдү айт.
5
Анткени сен татаал, түшүнүксүз тилде сүйлөгөн элге жиберилип жаткан жоксуң, сен Ысрайылга жиберилип жатасың.
6
Сен сөздөрүн түшүнө албаган, татаал, түшүнүксүз тилде сүйлөгөн көп элдерге жөнөтүлүп жаткан жоксуң. Эгерде Мен сени аларга жиберген болсом, алар сени угушмак.
7
Ысрайыл болсо сени уккусу келбейт, анткени алар Мени уккусу келбейт. Анткени бүт Ысрайылдын чекеси катуу, жүрөгү таш.
8
Мен алардын жүздөрүнө каршы сенин жүзүңдү катуу кылдым жана алардын чекесине каршы сенин чекеңди катуу кылдым.
9
Мен сенин чекеңди таштан да катуу болгон алмаздай кылдым. Алардан коркпо, алардын жүздөрүнөн үрөйүң учпасын, анткени алар – козголоңчул тукум».
10
Анан Ал мага мындай деди: «Адам уулу! Менин сага айта турган сөздөрүмдүн баарын жүрөгүң менен кабыл ал, кулагың менен ук.
11
Тур, өз элиңдин туткунда жүргөн уулдарына бар, алар менен сүйлөш, аларга айт: “Кудай-Теңир мындай дейт!” Алар укса да, укпаса да айт».
12
Анан мени рух көтөрдү. Ошондо мен өзүмдүн артымдан «Теңирдин даңкы өз ордунда баталуу!» деген күркүрөгөн катуу үндү уктум.
13
Ошондой эле жаныбарлардын бири-бирине тийишип турган канаттарынын дабышын, алардын жанындагы дөңгөлөктөрдүн түкүлдөгөнүн жана катуу добушту уктум.
14
Мени рух көтөрүп алып кетти. Мен капаланып, тынчсызданган рухум менен бара жаттым. Теңирдин менин үстүмдөгү колу күчтүү эле.
15
Мен Тел-Абипте туткунда жүргөндөргө, Кебар дарыясынын жээгинде жашап жаткандарга келдим, алар жашаган жерге келип токтодум. Алардын арасында таң калуу менен жети күндү өткөрдүм.
16
Жети күн өткөндөн кийин мага Теңирден сөз болду:
17
«Адам уулу! Мен сени Ысрайылга сакчы кылып койдум, сен Менин оозумдан чыккан сөздөрдү угуп, аларды Менин атымдан эскертесиң.
18
Мен мыйзамсыз адамга: “Сен өлөсүң”, – деп айтканда, сен аны алдын ала эскертпесең, мыйзамсыз адам тирүү калыш үчүн, аны мыйзамсыз жолунан сакташ үчүн, аны менен сүйлөшпөсөң, анда мыйзамсыз адам өзүнүн мыйзамсыздыгы үчүн өлөт, анын канынын кунун Мен сага төлөтөм.
19
Эгерде сен мыйзамсыз адамды алдын ала эскерткен болсоң, бирок ал өзүнүн мыйзамсыздыгынан, өзүнүн мыйзамсыз жолунан бурулбаса, анда ал өз мыйзамсыздыгы үчүн өлөт, сен болсо өз жаныңды сактап калдың.
20
Эгерде адил адам өзүнүн адилдигинен четтеп, мыйзамсыздык кылса, анда Мен анын алдына тоскоолдук коём, ошондо ал өлөт. Сен аны алдын ала эскертпеген болсоң, ал өзүнүн күнөөсү үчүн өлөт, анын адил иштери эске алынбайт. Анын канынын кунун Мен сага төлөтөм.
21
Адил адам күнөө кылбашы үчүн, сен ага алдын ала эскертсең, ал күнөө кылбаса, анда ал тирүү болот, анткени ал эскертилди. Сен да өз жаныңды сактап калдың».
22
Ошол жерде Теңирдин колу менин үстүмдө эле. Ал мага: «Тур, талаага чык, Мен сени менен ошол жерде сүйлөшөм», – деди.
23
Мен туруп, талаага чыктым. Ошол жерде Кебар дарыясынын жээгинен мен көргөн даңкка окшош Теңирдин даңкы турган экен. Ошондо мен жүзтөмөндөп жыгылдым.
24
Мага рух кирип, мени өйдө тургузду. Ал мени менен сүйлөшүп, мындай деди: «Үйүңө барып бекин.
25
Адам уулу, сени жип менен байлап салышат, сен аларга бара албай каласың.
26
Мен сенин тилиңди таңдайыңа жабыштырам, ошондо сен дудук болуп, алардын айыбын ашкере кылуучу болбойсуң, анткени алар – козголоңчул тукум.
27
Бирок Мен сени менен сүйлөшкөндө, сенин оозуңду ачам, ошондо сен аларга айтасың: “Кудай-Теңир мындай дейт!” Кимдин уккусу келсе, ал уксун. Кимдин уккусу келбесе, ал укпай эле койсун, анткени алар – козголоңчул тукум».
← Chapter 2
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 4 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48