bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 44
Ezekiel 44
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 43
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 45 →
1
Анан ал мени кайрадан ыйык жайдын чыгышты караган сырткы дарбазасына алып келди, алар бекитилүү болчу.
2
Ошондо Теңир мага мындай деди: «Бул дарбаза бекитилет, ачылбайт, ал аркылуу эч бир адам кирбейт, анткени ал аркылуу Ысрайылдын Кудай-Теңири кирген, ошон үчүн ал бек болот.
3
Төрө болсо падыша катары анын ичинде Теңирдин алдында нан жеш үчүн отурат. Ал ушул дарбазанын жанындагы кире бериш бөлмө аркылуу кирет да, ошол эле жол менен кайра чыгат».
4
Андан кийин ал мени түндүк дарбазасы аркылуу ийбадаткананын бет маңдайына алып келди. Ошондо мен ийбадаткана Теңирдин даңкына толуп турганын көрүп, жүзтөмөндөп жыгылдым.
5
Анан мага Теңир мындай деди: «Адам уулу! Мен сага айтып жаткан ийбадаткананын бардык мыйзамдары менен көрсөтмөлөрүн жүрөгүңө түй, өз көзүң менен көр, өз кулагың менен ук. Ийбадатканага кире турган эшикти жана ыйык жайдан чыга турган эшиктердин баарын көңүл коюп кара.
6
Анан козголоңчул Ысрайыл элине айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ысрайыл эли, жийиркеничтүү иштерди кылганыңар жетишет!
7
Силер жүрөгү сүннөткө отургузулбаган, денеси да сүннөткө отургузулбаган жат элдин уулдарын Менин ыйык жайыма алып кирдиңер. Алар Менин нанымды, майды жана канды тартуулашып, Менин ийбадатканамды булгашты. Ошентип, силер өзүңөрдүн ар кандай жийиркеничтүү иштериңер менен Менин келишимимди буздуңар.
8
Силер Менин ыйык нерселеримдин алдында күзөт кызматын аткарган жоксуңар, аларды өзүңөрдүн ордуңарга Менин ыйык жайымды күзөтүү үчүн койдуңар”.
9
Кудай-Теңир мындай дейт: “Жүрөгү сүннөткө отургузулбаган жана денеси сүннөткө отургузулбаган жат элдин уулдарынын эч бири Менин ыйык жайыма кирбеши керек, ал турсун, Ысрайыл уулдарынын арасында жашап жаткан бөтөн уруунун уулу да кирбесин.
10
Ысрайыл Менден баш тарткан убакта Менден алыстап, өздөрүнүн жасалма кудайларынын артынан кеткен лебилер да өз күнөөсүнүн жазасын алышат.
11
Алар Менин ыйык жайымда ийбадаткананын дарбаза күзөтчүлөрү катары, ийбадаткананын кызматчылары катары кызмат кылышат. Алар эл үчүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жана башка курмандыктарды союшат, элдин алдында туруп, эл үчүн кызмат кылышат.
12
Алардын жасалма кудайларынын алдында аларга кызмат кылышканы үчүн, Ысрайылдын мыйзамсыздык кылуусуна түрткү болушканы үчүн Мен Өзүмдүн колумду аларга каршы көтөрдүм, – дейт Кудай-Теңир, – ошондуктан алар өздөрүнүн күнөөсүнүн жазасын алышат.
13
Алар Мага жакындашпайт, Менин алдымда ыйык кызмат кылышпайт, Менин бардык ыйык нерселериме, ыйыктын ыйыгына жакын келишпейт, тескерисинче, өздөрүнүн абийирсиздигинин, кылган жийиркеничтүү иштеринин жазасын өз моюндары менен тартышат.
14
Аларды ийбадатканага күзөтчүлүккө, анын ичиндеги бардык жумуштарды аткарууга коём.
15
Ал эми Ысрайыл уулдары Менден баш тартып кеткен убакта Леби уруусунан чыккан ыйык кызмат кылуучулар, Садоктун уулдары, Менин ыйык жайымда ар дайым күзөттө турушкан. Мага ошолор жакындашат, Мага ошолор кызмат кылышат, Менин алдымда туруп, Мага май менен кан тартуулашат, – дейт Кудай-Теңир.
16
Алар Мага кызмат кылыш үчүн, Менин күзөт иштеримди аткарыш үчүн, Менин ыйык жайыма киришет, Менин дасторконума жакындашат.
17
Алар ички короонун дарбазасынын алдына келишкенде, зыгыр буласынан токулган кийим кийишет. Ийбадаткананын ичинде жана ички короонун дарбазаларынын алдында кызмат өтөө учурунда алардын үстүндө жүндөн токулган кийим болбосун.
18
Алардын баштарындагы селделер да зыгыр кездемеден болсун, алардын белиндеги ички кийимдер да зыгыр кездемеден болсун. Алар тердете турган кур курчанышпасын.
19
Ал эми сырткы короого, сырткы короодо турган элге чыгуу керек болгондо, кызмат кылганда кийген кийимдерин чечип, ыйык бөлмөлөргө калтырышсын, ыйык кийимдерин элге тийгизбеш үчүн, башка кийимдерди кийишсин.
20
Алар чачтарын кырышпасын жана өстүрүшпөсүн, бирок чачтарын үзгүлтүксүз кыркып турушсун.
21
Ички короого бара жатканда, бир да ыйык кызмат кылуучу шарап ичпеши керек.
22
Алар өздөрүнө аялдыкка жесирди да, күйөөсү менен ажырашканды да албашы керек, аларга бир гана Ысрайыл урууларынын кыздарын же ыйык кызмат кылуучунун жесир калган аялын алганга болот.
23
Алар Менин элиме ыйыкты ыйык эместен ажыратууну үйрөтүшсүн, эмне таза, эмне таза эмес экенин түшүндүрүшсүн.
24
Алар талаш-тартыш иштер болгондо сот жүргүзүшсүн, аларды Менин мыйзамдарым боюнча соттошсун, Менин мыйзамдарымды, Менин майрамдарым жөнүндөгү буйруктарымды аткарышсын, Менин ишемби күндөрүмдү ыйык тутушсун.
25
Таза эмес болуп калбаш үчүн, алардын эч кимиси өлгөн кишиге жакындабашы керек. Атасы же энеси, уулу же кызы, эркек бир тууганы же күйөөгө тие элек кыз бир тууганы өлгөндө гана өздөрүн таза эмес кылса болот.
26
Андан тазалангандан кийин, ага дагы жети күн санап бөлүп коюу керек.
27
Ыйык жайда кызмат кылыш үчүн, ички короодогу ыйык жайга келген күнү ал күнөө үчүн чалынуучу курмандык чалышы керек, – дейт Кудай-Теңир.
28
Алардын энчиси жөнүндө айта турган болсом, алардын энчиси Менмин. Ысрайыл жеринде алардын үлүшүнө жер бербегиле, алардын үлүшү Менмин.
29
Алар нан курмандыктарынан, күнөө үчүн чалынуучу курмандыктардан жана айып үчүн чалынуучу курмандыктардан жешет. Ысрайылда Теңирге арналган нерсенин баары аларга таандык.
30
Бардык жемиштериңердин биринчи түшүмү жана ар кандай тартууларыңар, ал тартууларыңар эмнеден гана турбасын, ыйык кызмат кылуучуларга таандык. Yйүңөрдөн Кудайдын батасы кетпеш үчүн, эгин бастырганыңарда биринчи түшүмдү ыйык кызмат кылуучуга бергиле.
31
Эч кандай тарпты, канаттуу болобу, мал болобу, жырткыч тытып кеткенди ыйык кызмат кылуучулар жебеши керек.
← Chapter 43
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 45 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48