bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 47
Ezekiel 47
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 46
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 48 →
1
Анан ал мени кайрадан ийбадаткананын дарбазасына алып келди. Ийбадаткананын босогосунун астынан чыгышты карай суу агып турат экен. Анткени ийбадаткана чыгышты карап турчу. Суу ийбадаткананын оң жак капталынын астынан чыгып, курмандык чалынуучу жайдын түштүк жагына агат экен.
2
Анан ал мени түндүк дарбазасы аркылуу чыгарып, сырткы жол менен, чыгышты көздөй кеткен жол менен алып өтүп, сырткы дарбазаларга алып келди. Суу ийбадаткананын оң тарабынан агып чыгат экен.
3
Ал адам чыгышты карай басып, колундагы жип менен миң чыканак ченеп, мени суу менен алып жүрдү. Суу кызыл ашыктан эле.
4
Анан дагы миң чыканак ченеп, мени суу менен алып жүрдү. Суу тизеден эле. Анан дагы миң чыканак ченеп, мени алып жүрдү. Суу белден эле.
5
Анан дагы миң чыканак ченеди, ал жерде мен өтө албаган суу бар экен, суу ушунчалык терең болгондуктан, сүзүүгө туура келди, ал сууну кечип өтүү мүмкүн эмес болчу.
6
Ал мага: «Адам уулу, көрдүңбү?» – деди. Анан ал мени кайра суунун жээгине чыгарды.
7
Мен кайра артка келгенимде, суунун жээктеринде, суунун наркы өйүзүндө да, берки өйүзүндө да абдан көп дарак бар экен.
8
Анан ал мага мындай деди: «Бул суу жердин чыгыш тарабына агат, түздүккө түшүп, деңизге куюлат. Ошондо деңиз суусу таза болуп калат.
9
Эки агым кирген жерде деңиздеги ар кандай тирүү жандыктар, сойлоп жүрүүчүлөр тирүү болот. Балык өтө көп болот, анткени бул суу ошол жакка куюлат, ошондо деңиздин суусу таза болуп калат. Бул суу кайда куюлса, ал жерде баары тирүү болот.
10
Анын жээгинде, Эйин-Гедиден тартып Эйин-Эглайымга чейин балыкчылар торлорун салышат. Ал жерде чоң деңиздегидей ар кандай балыктар болот, балыктар ал жерде абдан көп болот.
11
Анын саздары менен чөөттөрү тазаланбайт, алар туз үчүн калтырылат.
12
Суунун жанында, наркы жана берки жээгин бойлото жемиш берүүчү ар түрлүү дарактар өсөт. Алардын жалбырактары куурабайт, алардын жемиштери түгөнбөйт. Ай сайын жаңы жемиш бышып турат, анткени суу алар үчүн ыйык жайдан агып келет. Алардын жемиштери тамак-ашка, ал эми жалбырактары дарылыкка пайдаланылат».
13
Кудай-Теңир мындай дейт: «Силер жерди Ысрайылдын он эки уруусуна мына бул чек аралар боюнча мурас кылып бөлүп аласыңар: Жусупка эки үлүш.
14
Ар бириңер анын бир тууганы катары жерди мураска алгыла, анткени Мен Өзүмдүн колумду көтөрүп, бул жерди силердин ата-бабаларыңарга берем деп убада кылгам, ошондуктан бул жер силердин мурасыңар болот.
15
Бул жердин чек аралары мындай: түндүк чек ара Улуу деңизден баштап, Хетлон аркылуу Седатка карай кеткен жолго чейин;
16
Дамаск жана Хамат чек араларынын ортосундагы Хамат, Бейрот, Сибрайым, Хабран чек арасынын жанындагы Хатсейир-Атикон.
17
Деңизден тартып, Дамаск чек арасынын жанындагы Хатсар-Эйнанга чейин, түндүктө түндүктү карай кеткен Хамат чек арасы. Бул – түндүк чек ара.
18
Ал эми чыгыш чек арасын Хабран менен Дамасктын, Гилат менен Ысрайыл жеринин ортосунан, Иордан бою менен, түндүк чек арадан Чыгыш деңизине чейин белгилегиле. Бул – чыгыш чек ара.
19
Түштүк чек ара түштүк жактагы Тамарадан Кадеш сууларына чейин, агын сууну бойлоп, Улуу деңизге чейин кетет. Бул – түштүк чек ара.
20
Батыш чек ара болсо – Улуу деңиз, түштүк чек арадан Хаматка алып баруучу жолдун каршысындагы жерге чейин. Бул – батыш чек ара.
21
Мына ушул жерди өз ара, Ысрайыл уруулары арасында бөлүп алгыла.
22
Ал жерди өкчөмө таш боюнча өзүңөргө жана араңарда жашап жаткан, силердин жериңерде балалуу болгон чет жерликтерге мурас кылып бөлүп бергиле. Алар Ысрайыл уулдарынын арасында жергиликтүү тургундар катары эсептелишсин: Ысрайыл урууларынын арасында силер менен бирге мурас бөлүп алышсын.
23
Чет жерлик адам кайсы урууда жашаса, ага мурасты ошол уруудан бергиле», – дейт Кудай-Теңир.
← Chapter 46
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 48 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48