bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 33
Ezekiel 33
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 34 →
1
Анан мага Теңирден сөз болду:
2
«Адам уулу! Өз элиңдин уулдарына сүйлө, аларга мындай де: “Эгер Мен кайсы бир жерге кылыч каптатсам, ошол жердин эли өзүнүн арасынан бир адамды алып, аны өздөрүнө сакчы кылып койсо,
3
ал адам ошол жерге каршы келе жаткан кылычты көрүп, сурнай тартып, өз элин эскертсе,
4
ким сурнай үнүн угуп, бирок өзүн сактабаса, анда кылыч келип, аны колго түшүрөт, анын каны өз мойнунда болот.
5
Ал сурнай үнүн уккан, бирок өзүн сактаган эмес, анын каны өз мойнунда болот. Өзүн сактаган адам өз өмүрүн сактап калат.
6
Эгерде сакчы кылычтын келе жатканын көрүп сурнай тартпаса, эл эскертилбесе, кылыч келип, алардын бир кишисинин жанын алса, анда анын жаны өз күнөөсү үчүн алынды, бирок анын канынын кунун сакчыга төлөтөм”.
7
Сени да, адам уулу, Мен Ысрайылга сакчы койдум, сен Менин оозумдан чыккан сөздү угуп, аларды Менин атымдан эскертесиң.
8
Мен мыйзамсызга: “Мыйзамсыз! Сен өлөсүң”, – деп айтканда, сен мыйзамсызды өзүнүн жолунан сакташ үчүн эч нерсе айтпасаң, анда ал мыйзамсыз киши өз күнөөсү үчүн өлөт, бирок анын канын сага төлөтөм.
9
Эгерде сен жолунан бурулуу жөнүндө айтып, мыйзамсызга эскертсең, бирок ал өзүнүн жолунан бурулбаса, анда ал өз күнөөсү үчүн өлөт, сен болсо өз жаныңды сактап калдың.
10
Сен, адам уулу, Ысрайылга айт: Силер: “Биздин кылмыштарыбыз жана күнөөлөрүбүз өз мойнубузда, биз алардан чирип бара жатабыз: эми биз кантип жашайбыз?” – дейсиңер.
11
Аларга айт: “Мен тирүүмүн, – дейт Кудай-Теңир, – Мен күнөөкөрдүн өлүмүн каалабайм, тескерисинче, Мен күнөөкөрдүн өз жолунан бурулуп, тирүү калышын каалайм. Бурулгула, өзүңөрдүн жаман жолуңардан бурулгула. Ысрайыл эли, силерге өлүмдүн эмне кереги бар?”
12
Сен, адам уулу, өз элиңдин уулдарына айт: “Кылмыш кылган күнү адил адамды өзүнүн адилдиги сактап калбайт, мыйзамсыз адам өз мыйзамсыздыгынан бурулган күнү мыйзамсыздыгы үчүн өлбөйт, ошол сыяктуу эле адил адам да күнөө кылган күнү өзүнүн адилдиги үчүн тирүү калбайт”.
13
Мен адил адам жөнүндө: “Ал тирүү болот”, – деп айткандан кийин, ал өзүнүн адилдигине ишенип, адилетсиздик кылса, анда анын адилет иштеринин эч бири эске алынбайт, ал өзү кылган адилетсиздиги үчүн өлөт.
14
Ал эми мыйзамсыз адамга: “Сен өлөсүң”, – деп айткандан кийин, ал өз күнөөлөрүнөн бурулуп, акыйкаттык жана адилеттик боюнча иш кылса:
15
эгерде бул мыйзамсыз адам күрөөгө алганын кайтарып берсе, уурдаганын төлөп берсе, эч кандай жаман иштерди жасабай, өмүрдүн мыйзамдары менен жүрсө, анда ал өлбөйт, тирүү болот.
16
Анын эч бир күнөөсү эске алынбайт. Ал акыйкаттык жана адилеттик боюнча иш кыла баштады, тирүү болот.
17
Сенин элиңдин уулдары: “Теңирдин жолу туура эмес”, – деп жатышат, бирок өздөрүнүн жолу туура эмес.
18
Эгерде адил адам өзүнүн адилдигинен баш тартып, мыйзамсыздык кыла баштаса, ал ошол үчүн өлөт.
19
Эгерде мыйзамсыз адам өзүнүн мыйзамсыздыгынан баш тартып, акыйкаттык жана адилеттик боюнча иш кыла баштаса, ал ошол үчүн тирүү болот.
20
Бирок силер: “Теңирдин жолу туура эмес!” – деп жатасыңар. Ысрайыл эли, Мен силердин ар бириңерди өз жолдоруңарга жараша соттойм».
21
Биздин туткундалып кеткенибизге он эки жыл, он ай, беш күн болгондо, Иерусалимден качып кутулган бир адам мага келип: «Шаар кыйратылды!» – деди.
22
Бирок качып кутулган адам келгенге чейин эле, кечинде Теңирдин колу менин үстүмдө болгон, ал адам мага келердин алдында, эртең менен Теңир менин оозумду ачты. Менин оозум ачылып, ошондон кийин кайра сүйлөй баштадым.
23
Анан мага Теңирден сөз болду:
24
«Адам уулу! Ысрайыл жериндеги урандыга айланган жерлерде жашаган адамдар: “Ыбрайым жалгыз болчу, ал ушул жерди ээликке алган. Биз болсо көппүз, ошондуктан бизге ушул жер ээликке берилди”, – деп жатышат.
25
Ошондуктан аларга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер этти каны менен кошо жеп жатасыңар, көзүңөрдү өзүңөрдүн жасалма кудайларыңарга көтөрүп жатасыңар жана кан төгүп жатасыңар, анан жерди ээлегиңер барбы?
26
Силер өзүңөрдүн кылычыңарга таянып жатасыңар, жийиркеничтүү иштерди жасап жатасыңар, бири-бириңердин аялдарыңарды булгап жатасыңар, анан жерди ээлегиңер барбы?”
27
Аларга мындай деп айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен тирүүмүн! Урандыга айланган жерлерде жашагандар кылычтан кырылышат. Ачык талаада жашагандарды жырткычтарга жем кылам. Ал эми чептерде жана үңкүрлөрдө жашагандар жугуштуу оорудан өлүшөт”.
28
Жерди урандыга жана чөлгө айлантам, анын күчүнүн текебердиги жок болот, Ысрайыл тоолору ээн калат, ал жерден эч ким өтпөй калат.
29
Алардын бардык жийиркеничтери үчүн жерди урандыга жана чөлгө айландырганымда, Менин Теңир экенимди билишет.
30
Адам уулу, сен жөнүндө өз элиңдин уулдары дубалдардын жанында, эшиктеринин алдында сүйлөшүп жатышат, бири-бирине, ар бири өз бир тууганына: “Жүргүлө, Теңирден кандай сөз чыкканын угалы”, – деп жатышат.
31
Алар сага элдик жыйынга келгенсип келип жатышат; Менин элим сенин бет алдыңда отуруп алып, сенин сөздөрүңдү угуп жатат, бирок аларды аткарбайт, анткени алар ооздору менен жалган убада беришет, жүрөктөрү болсо өздөрүнүн керт башынын кызыкчылыгын ойлойт.
32
Сен алар үчүн үнү мукам күү аспапта жакшы ойногон, сүйүү ырларын ырдаган ырчыдайсың. Алар сенин сөздөрүңдү угуп жатышат, бирок аларды аткарышкан жок.
33
Бирок ал жүзөгө ашканда, мына, ал азыр эле жүзөгө ашып жатат, алар өздөрүнүн арасында пайгамбар болгонун билишет».
← Chapter 32
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 34 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48