bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 23
Ezekiel 23
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 24 →
1
Анан мага Теңирден сөз болду:
2
«Адам уулу! Бир эненин кыздары болгон эки аял бар эле.
3
Алар Мисирде бузуктук кылышты, жаш чагынан бузуктук кылышты. Ошол жерде алардын төштөрү эзилди, ошол жерде алардын эркек тийбеген төштөрүнүн түймөлөрүн эзишти.
4
Алардын ысымдары: эжесинин ысымы Айола, ал эми сиңдисиники Айолиба эле. Алар Менин кыздарым эле, алар уулдарды жана кыздарды төрөштү. Айола Самария деп, Айолиба Иерусалим деп аталчу.
5
Айола Мени таштап, бузуктук кыла баштады. Ойношторуна, кошуналары болгон ашурлуктарга, кумарын арттырды.
6
Алар жакут түстүү кездемеден кийим кийген дубан башчылары жана шаар башчылары, ат үстүндө жүргөн жаш, сулуу жигиттер эле.
7
Ашур уулдарынын тандамал жигиттери менен ыксыз бузуктук кылды, кимге гана кумарын арттырбасын, ошонун бүт жасалма кудайлары менен өзүн булгады.
8
Мисирликтер менен бузуктук кылганын да токтотподу, анткени алар аны менен жаш чагында жатышкан, анын эркек тийбеген төштөрүнүн түймөлөрүн эзип, аны менен өздөрүнүн кумарын кандырышкан.
9
Ошон үчүн Мен аны өзүнүн кумарын арттырган ойношторунун – Ашур уулдарынын колуна салып бердим.
10
Алар анын жылаңач этин ачып, анын уулдары менен кыздарын алып кетишти, өзүн болсо кылычтап өлтүрүштү. Ошентип, ал аялдар арасында маскара болду, аны өлүм жазасына тартышты.
11
Анын сиңдиси Айолиба муну көрүп, өзүнүн кумарын андан бешбетер арттырды, анын бузуктугу эжесинин бузуктугунан ашып түштү.
12
Ал Ашур уулдарына – дубан башчыларына, шаар башчыларына, кошуналарына, жакшы кийинген, ат минген атчандарга, ат чапкандарга, тандамал жигиттерге кумарын арттырды.
13
Мен анын өзүн булгаганын, экөөнүн тең жолу бир экенин көрдүм.
14
Айолиба өзүнүн бузуктугун дагы арттырды, анткени дубалдын бетине чегилген эркектерди,
15
белдерине кур байлаган, баштарына баш кийим кийген, кебетелери болсо Каздим жеринде төрөлгөн Бабыл уулдарына окшош аскер башчыларын, дубалдын бетине боёк менен тартылган каздимдерди көрдү.
16
Ал аларды бир көргөндө ашык болуп, аларга, Каздим жерине элчилерди жөнөттү.
17
Ошондо Бабыл уулдары анын ойноштук төшөгүнө келишти, өздөрүнүн бузуку иштери менен аны булгашты, ал өзүн алар менен булгады, анан алардан жаны жийиркенди.
18
Ал өзүнүн бузуку иштерине ачык берилип кетип, өзүнүн жылаңач этин ачканда, Менин жаным анын эжесинен кандай жийиркенсе, Менин жаным андан да ошондой жийиркенди.
19
Ал Мисир жеринде, жаш чагында бузуктук кылган күндөрүн эсине түшүрүп, бузуку иштерин арттыра берди.
20
Денеси эшектикиндей болгон, кумары айгырдыкындай болгон ойношторуна кумарын арттыра берди.
21
Ошентип, сен өзүңдүн жаш кездеги бузуктугуңду, мисирликтер сенин эркек тийбеген төшүңдүн түймөлөрүн эзген учурду эсиңе түшүрдүң».
22
Ошондуктан, Айолиба, Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен сенин жаның жийиркенген ойношторуңду сага каршы козгойм, аларды туш-туштан сага каршы алып келем:
23
Бабыл уулдарын жана бүт каздимдерди, Пекотту, Шоаны, Коаны, алар менен бирге Ашурдун бүт уулдарын – сымбаттуу жаш жигиттерди, дубан башчыларын жана шаар башчыларын, мансаптуу жана атактуу кишилерди, бардык мыкты атчандарды сага каршы алып келем.
24
Алар сага каршы курал-жарак менен, аттары жана майдан арабалары менен, туулга, калкан, соот кийген сансыз кол менен келишет; сени тегеректеп, ортого алышат. Сени алардын сотуна берем, алар сени өз соту менен соттошот.
25
Мен Өзүмдүн кызганычымды сага каршы бурам, ошондо сени аёосуз жазалашат: Сенин кулагың менен мурдуңду кесишет, ал эми сенин калдыгың кылычтан өлөт. Уулдарың менен кыздарыңды алып кетишет, ал эми калган элиңди от жалмайт.
26
Yстүңдөгү кийимдериңди чечип кетишет, жасалгаларыңды алып кетишет.
27
Ошентип, сенин Мисир жеринен алып келген аягы суюктугуңду, бузуктугуңду токтотом. Ошондон кийин сен аларга көзүңдү бурбай каласың, Мисир жөнүндө эстебей каласың».
28
Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Мына, Мен сени өзүң жек көрүп калгандардын колуна, жаның жийиркенгендердин колуна берем.
29
Алар сага жек көрүү менен мамиле кылышып, эмгектенип тапканыңдын баарын алып кетишет, өзүңдү жабуусуз, жылаңач калтырышат, ошондо жийиркеничтүү жылаңачтыгың да, бузуктугуң да, аягы суюктугуң да айгине болот.
30
Элдер менен ойноштук кылып, алардын жасалма кудайлары менен өзүңдү булгагандыгың үчүн сага ушундай болот.
31
Сен эжеңдин жолу менен жүрдүң. Ошон үчүн анын чөйчөгүн сенин колуңа берем.
32
Кудай-Теңир мындай дейт: “Сен эжеңдин чуңкур, чоң чөйчөгүнөн ичесиң, анын чоң сыйымдуулугуна жараша шылдыңга каласың, маскара болосуң.
33
Мас болосуң, күйүткө толосуң: сага коркунучка жана кыйроого толгон чөйчөктү, эжең Самариянын чөйчөгүн ичирем!
34
Анын түбүн какшыта ичесиң, сыныктарын кемиресиң, төшүңдү тытасың, анткени муну Мен, Теңир, айттым”».
35
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: «Мени унутуп, Менден бурулуп кеткендигиң үчүн, өзүңдүн мыйзамсыздыгыңдын, бузуктугуңдун азабын тарт».
36
Анан мага Теңир мындай деди: «Адам уулу! Айола менен Айолибаны соттогуң келеби? Аларга өздөрүнүн ыпыластыктары жөнүндө айт.
37
Анткени алар ойноштук кылышты, алардын колдору кан, алар өздөрүнүн жасалма кудайлары менен ойноштук кылышты, Мага төрөп берген уулдарын аларга жем кылып, отко өрттөштү.
38
Алар Мага дагы мындай кылышты: ошол эле күнү Менин ыйык жайымды булгашты, Менин ишембилеримди ыйык тутушкан жок.
39
Алар жасалма кудайларына арнап өз балдарын курмандыкка чалгандан кийин, ошол эле күнү Менин ыйык жайымды булгаганы келишти. Алар Менин үйүмдө ушундай кылышты!
40
Андан тышкары, алыстан келгендерге киши жиберишти, аларга элчилерди жөнөтүштү. Алар келишти. Сен алар үчүн жуундуң, көзүңө сурма койдуң, жасалгалар менен жасалгаландың.
41
Жаткан жериңдеги кооз төшөккө отурдуң, анын алдында даярдалган дасторкон бар эле, анын үстүнө Менин жыпар жыттуу заттарымды, Менин зайтун майымды койдуң.
42
Аныкынан шаттанган элдин үнү жаңырып турду, калың топтун арасына чөлдөн мастарды жетелеп келип жатышты. Алар булардын колдоруна билерик, баштарына кооз таажы тагып жатышты.
43
Ошондо Мен карыганча ойноштук кылган бул аял жөнүндө: “Эми анын бузуктугу өзү менен кошо бүтөт”, – дедим.
44
Бирок ага бузулган аялга келгендей келип жатышты. Айола менен Айолибага бузулган аялдарга келгендей келип жатышты.
45
Бирок аларды адил адамдар ойноштук кылган аялдарды соттогондой соттошот, аларды кан төккөндөрдү соттогондой соттошот, анткени алар – ойноштук кылган аялдар, алардын колдорунда кан бар».
46
Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Аларга каршы топ эл чакыр, аларды коркунучка, талап-тоноого салып бер.
47
Ошондо аларды топ эл таш бараңга алат, аларды өздөрүнүн кылычы менен кыя чабат, алардын кыздары менен уулдарын өлтүрөт, үйлөрүн өрттөйт.
48
Бул жердеги бузуктуктун аягына ушинтип чыгам. Ошондо бардык аялдар сабак алып, силерге окшоп уят иштерди кылышпайт.
49
Бузуктугуңарды өз мойнуңарга салышат, өзүңөрдүн жасалма кудайларыңар менен кылган күнөөңөр үчүн жазаланасыңар, ошондо силер Менин Кудай-Теңир экенимди билесиңер».
← Chapter 22
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 24 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48