bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 34
Ezekiel 34
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 33
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 35 →
1
Анан мага Теңирден сөз болду:
2
«Адам уулу! Ысрайылдын кайтаруучуларына пайгамбарчылык кыл, пайгамбарчылык кылып, аларга, кайтаруучуларга, айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Өздөрүн өздөрү кайтарган Ысрайылдын кайтаруучуларына кайгы! Кайтаруучулар койлорду кайтарышы керек эмеспи?
3
Силер май жейсиңер, жүндөн кийим киесиңер, семиз койлорду соёсуңар, бирок койлорду кайтарбай жатасыңар.
4
Алсыздарга күч берген жоксуңар, оорулууну дарылаган жоксуңар, жаралууну таңган жоксуңар, адашканды кайрып келген жоксуңар, жоголгонду издеген жоксуңар, аларды зордук менен, катаалдык менен башкардыңар.
5
Алар кайтаруучусу жок болгондуктан, туш-тушка чачырап кетишти, бардык талаа жырткычтарына жем болушту.
6
Менин койлорум ар кайсы тоолордо, ар кайсы бийик адырларда адашып жүрөт, Менин койлорум бүт жер жүзүндө жүрөт, аларды сураштырган эч ким жок, аларды издеген эч ким жок.
7
Ошондуктан, кайтаруучулар, Теңирдин сөзүн уккула.
8
Мен тирүүмүн! – дейт Кудай-Теңир. – Кайтаруучусу жок болгондуктан, Менин койлорумду талап-тоноп кетишти, Менин койлорум ар кандай талаа жырткычтарына жем болду. Кайтаруучулар Менин койлорумду издешкен жок, кайтаруучулар өздөрүн өздөрү кайтарышты, ал эми Менин койлорумду кайтарышкан жок.
9
Ошон үчүн, кайтаруучулар, Теңирдин сөзүн уккула”.
10
Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен кайтаруучуларга каршымын, Өзүмдүн койлорумду алардын колдорунан төлөтүп алам, мындан кийин аларга койлорду кайтартпайм, мындан кийин кайтаруучулар өздөрүн өздөрү кайтарышпайт, Өзүмдүн койлорумду алардын оозунан куткарып алам, ошондон кийин алар кайтаруучуларга жем болушпайт”.
11
Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Өзүмдүн койлорумду Өзүм издеп табам, аларды карап чыгам.
12
Чачырап кеткен койлорунун арасында болгон күнү кайтаруучу койлорун кандай текшерсе, Мен да Өз койлорумду ошондой карап чыгам, булут жана туман каптаган күнү кайсы жерлерге чачылып кетишсе, ошол жерлерден аларды куткарып алам.
13
Аларды элдердин арасынан алып чыгам, аларды ар кайсы өлкөлөрдөн чогултам, аларды өз жерине алып келем, аларды Ысрайыл тоолорунда, агын суулардын жээгинде жана ушул жердин эл жашаган бардык жерлеринде кайтарам.
14
Аларды жакшы жайытка жаям, алардын кашаасы Ысрайылдын бийик тоолорунда болот. Алар ошол жерде, жакшы кашаада эс алышат, Ысрайыл тоолорундагы оттуу жайыттарда оттошот.
15
Өз койлорумду Мен Өзүм кайтарам, аларды Өзүм жуушатам, – дейт Кудай-Теңир.
16
Жоголгонду издеп табам, адашканды кайрып келем, жарадарын таңам, оорулуусуна күч берем, ал эми семирип кеткенин жана баш бербегенин жок кылам, аларды адилеттик менен кайтарам.
17
Кудай-Теңир мындай дейт: Менин койлорум, силерди Мен соттойм. Кой менен койдун ортосунда, кочкор менен текенин ортосунда сот Мен болом.
18
Жакшы жайытта оттоп жүргөнүңөр аздык кылгансып, жайыттардан калганды бутуңар менен тепсейсиңер, тунук суу ичесиңер, калганын бутуңар менен ылайлатасыңар.
19
Менин койлорум болсо силер бутуңар менен тепсеген жерден оттоп, бутуңар менен ылайлаткан суудан ичиши керекпи?”
20
Ошондуктан Кудай-Теңир аларга мындай дейт: “Семиз кой менен арык койдун ортосунда Мен Өзүм сот болом.
21
Силер алсыздардын баарын капталыңар жана ийиниңер менен түртүп жатасыңар, аларды мүйүзүңөр менен сыртка сүрүп чыгарганга чейин сүзгүлөп жатасыңар.
22
Ошондуктан Мен Өз койлорумду куткарам, ошондон кийин аларды талап-тоношпойт, кой менен койдун ортосунда сот жүргүзөм.
23
Алардын үстүнө бир Кайтаруучу коём, аларды кайтарганга Өз кулум Дөөттү коём. Аларды Ошол кайтарат, алардын кайтаруучусу Ошол болот.
24
Мен, Теңир, алардын Кудайы болом, Менин кулум Дөөт алардын арасында төрө болот. Муну Мен, Теңир, айттым.
25
Алар менен тынчтык келишимин түзөм, ал жерден катаал жырткычтарды жок кылам, ошондо Менин койлорум талаада коопсуз жашашат, токойлордо укташат.
26
Мен аларга жана Өзүмдүн адырымдын тегерегиндеги жерлерге батамды берем, жамгырды өз убагында жаадырам, ал батанын жамгыры болот.
27
Талаа дарагы өз мөмөсүн берет, жер өз түшүмүн берет. Алар өз жеринде коопсуз болушат. Мен алардын моюнтуругунун доголорун сындырганда, аларды кулга айландыруучулардын колунан бошоткондо, Менин Теңир экенимди билишет.
28
Ошондон кийин алар башка элдерге олжо болушпайт, аларды талаа жырткычтары жебейт. Алар коопсуздукта жашашат, аларды эч ким коркутпайт.
29
Алардын жеринде сонун бак-дарактарды өстүрөм, ошондон кийин алар жерде ачарчылыктан өлүшпөйт, башка элдерге шылдың болушпайт.
30
Ошондо Мен алардын Кудай-Теңири экенимди, Мен алар менен экенимди, Ысрайыл эли Менин элим экенин билишет, – дейт Кудай-Теңир.
31
Силер Менин койлорумсуңар, Менин жайытымдын койлорусуңар. Силер адамдарсыңар, Мен болсо силердин Кудайыңармын”», – дейт Кудай-Теңир.
← Chapter 33
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 35 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48