bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 7
Ezekiel 7
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 8 →
1
Теңирден мага сөз болду:
2
«Сен, адам уулу, айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ысрайыл жеринин акыры келди, өлкөнүн төрт тарабынын акыры келди.
3
Эми сенин күнүң бүттү. Сага каршы Өзүмдүн каарымды жиберем, сени жолдоруңа жараша жазалайм, жийиркеничтүү иштериңдин баарын өзүңө жүктөйм.
4
Менин көзүм сени аябайт, сага ырайым кылбайм, жолдоруңа жараша тиешеңди берем, жийиркеничтүү иштериң өзүң менен болот, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер”».
5
Кудай-Теңир мындай дейт: «Кырсык, мына, бир кырсык келе жатат.
6
Акыры келди, акыры келди, ал сага каршы көтөрүлдү, мына, жетти.
7
Кырсык сага жетти, өлкөнүн тургуну! Убакыт келди, ал күн жакын, тоолордогу кубанычтуу кыйкырыктын күнү эмес, дүрбөлөңдүү күн келерине жакын калды.
8
Мына, Мен жакында сенин үстүңө Өзүмдүн каарымды төгөм, Өзүмдүн сага каршы ачуумду бүт төгөм, сени жолдоруңа жараша жазалайм, жийиркеничтүү иштериңдин баарын өзүңө жүктөйм.
9
Менин көзүм сени аябайт, сага ырайым кылбайм, жолдоруңа жараша тиешеңди берем, жийиркеничтүү иштериң өзүң менен болот, ошондо Менин жазалоочу Теңир экенимди билесиңер.
10
Мына, ал күн, мына, келди! Сенин убагың келди! Таяк гүлдөдү, текебердик өрчүп кетти.
11
Кыянаттык мыйзамсыздыктын таягына айланды. Алардан, алардын тукумунан эч ким калбайт, алардын байлыгынан эч нерсе калбайт, аларды жоктоп ыйлашпайт.
12
Убакыт келди, күн жакындады. Сатып алган адам кубанбасын, саткан адам ыйлабасын, анткени каар алардын көп сандаган элинин үстүндө.
13
Анткени саткан адам өзү тирүү калса да, сатылган нерсесине кайрылып келбейт. Анткени алардын көп сандаган эли жөнүндөгү пайгамбарчылык көрүнүш жокко чыкпайт, мыйзамсыздыгы менен эч ким өз өмүрүн чыңдай албайт.
14
Сурнай тартышты, бардыгы даяр болду, бирок согушка барган эч ким жок. Анткени Менин каарым алардын көп сандаган элинин үстүндө.
15
Yйдүн сыртында – кылыч, ал эми үйдүн ичинде – жугуштуу оору жана ачарчылык. Ким талаада болсо, ал кылычтан өлөт, ал эми ким шаарда болсо, аны жугуштуу оору менен ачкачылык жейт.
16
Алардын арасынан аман калгандар качып кетишет, алардын баары тоолордо болушат. Ар бири өз мыйзамсыздыгы үчүн өрөөндүн көгүчкөндөрүндөй болуп онтойт.
17
Баарынын колдору шалдаят, баарынын тизелери сууга окшоп титирейт.
18
Ошондо алар зумбал курчанышат, аларды калтырак басат. Алардын баарынын жүздөрүндө уялуу болот, баштарындагы чачтары түшөт.
19
Алар өздөрүнүн күмүштөрүн көчөгө ыргытышат, алтындары алар үчүн таза эмес нерсе сыяктуу болуп калат. Теңирдин каары төгүлгөн күнү аларды өздөрүнүн алтыны менен күмүшү куткара албайт. Алар аны менен жандарын тойгуза алышпайт, курсактарын да толтура алышпайт, анткени алардын мыйзамсыздык кылуусуна ошолор түрткү болгон.
20
Алардан жасалган сонун жасалгаларды алар өздөрүнүн даңкы үчүн колдонушту, алардан өздөрүнүн жийиркеничтүү буркандарынын айкелдерин жасашты. Ошондуктан аларды алар үчүн таза эмес нерсеге айландырам.
21
Аны башкалардын колуна олжого берем, жер жүзүнүн мыйзамсыз адамдарына талатам, алар аны булгашат.
22
Мен алардан Өз жүзүмдү бурам, ошондо алар Менин ыйык сактаган жайымды булгашат, ага талап-тоноочулар кирип, аны булгашат.
23
Чынжыр жаса, анткени бул жер кандуу кылмыштарга толгон, шаар зордук-зомбулукка толгон.
24
Мен элдердин арасынан өтө каардуу адамдарды алып келем, алар алардын үйлөрүн ээлеп алышат. Күчтүүлөрдүн текебердигин аягына чыгарам, алардын ыйык жайлары булганат.
25
Кыргын келе жатат. Тынчтыкты издешет, бирок табышпайт.
26
Кырсыктын артынан кырсык, кабардын артынан кабар келет, пайгамбардан көрүнүш сурашат, ыйык кызмат кылуучулар мыйзамды окута албай, карылар акыл-насаат айта албай калышат.
27
Падыша аза күтөт, төрөнү коркунуч басат, бул жердеги элдин колдору калтырайт. Аларга өздөрүнүн жолдоруна жараша кылам, аларды өздөрүнүн сотторуна жараша соттойм. Ошондо Менин Теңир экенимди билишет».
← Chapter 6
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 8 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48