bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 46
Ezekiel 46
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 45
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 47 →
1
Кудай-Теңир мындай дейт: “Ички короонун чыгышты караган дарбазасы алты иш күнү бою бек турушу керек, ал эми ишемби күнү жана ай жаңырган күнү ачык болушу керек.
2
Төрө сырттагы дарбазанын кире бериш бөлмөсү аркылуу кирип, ошол дарбазанын кашектеринин жанында турат. Ыйык кызмат кылуучулар анын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгы менен тынчтык курмандыгын чалышат. Ал дарбазанын босогосунун алдында Теңирге таазим кылат, анан сыртка чыгат, дарбазалар болсо кечке чейин ачык турат.
3
Ал жердин эли ишемби күндөрү жана ай жаңырганда, ушул дарбазанын кире бериш жеринде Теңирге таазим кылышат.
4
Төрөнүн ишемби күнү Теңирге арнап чала турган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгы кемчиликсиз алты козу жана кемчиликсиз бир кочкор болуш керек.
5
Бир кочкорго бир эйфа нан курмандыгын, ал эми козуларга колунан канча келсе, ошончо, бир эйфа нан курмандыгына бир гин зайтун майын кошуп алып келсин.
6
Ай жаңырган күнү ал кемчилиги жок бир букачар, ошондой эле кемчилиги жок алты козу жана бир кочкор чалсын.
7
Ал бир букачарга бир эйфа, бир кочкорго бир эйфа нан курмандыгын, ал эми козуларга колунан канча келсе, ошончо, бир эйфа нан курмандыгына бир гин зайтун майын кошуп алып келсин.
8
Төрө келгенде, дарбазанын кире бериш бөлмөсү аркылуу кирип, ошол эле жол менен чыксын.
9
Ал жердин эли майрам күндөрү Теңирдин алдына келгенде, табынуу үчүн түндүк дарбазасы аркылуу киргендер түштүк дарбазасы аркылуу чыгышсын, ал эми түштүк дарбазасы аркылуу киргендер түндүк дарбазасы аркылуу чыгышсын. Кирген дарбазасы аркылуу чыкпай, каршысындагы дарбаза аркылуу чыгышсын.
10
Төрө да алардын арасында болушу керек. Алар киргенде, ал да кирсин, алар чыкканда, ал да чыксын.
11
Майрамдарда жана салтанаттуу күндөрдө ал бир букачар үчүн бир эйфа, бир кочкор үчүн бир эйфа нан курмандыгын, ал эми козулар үчүн колунан канча келсе, ошончо, бир эйфа нан курмандыгы үчүн бир гин зайтун майын тартууласын.
12
Эгерде төрө өз каалоосу менен Теңирге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты же тынчтык курмандыгын чалгысы келсе, анда ага чыгышты караган дарбазаны ачып беришсин. Ал өзүнүн бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгы менен тынчтык курмандыгын ишемби күнү кандай чалса, ошондой чалат, андан кийин ал сыртка чыгат, ал сыртка чыккандан кийин дарбаза жабылат.
13
Теңирге арналып чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка күн сайын кемчилиги жок бир жылдык козу алып кел. Аны күн сайын эртең менен алып кел.
14
Ал козу менен бирге күн сайын эртең менен эйфанын алтыдан бир бөлүгүнчөлүк нан курмандыгын, майда унду нымдаш үчүн гиндин үчтөн бир бөлүгүнчөлүк зайтун майын алып кел. Теңирге арналып тартуулануучу нан курмандыгы жөнүндөгү өзгөрүлбөс, түбөлүк мыйзам ушундай.
15
Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка козу, нан курмандыгын, зайтун майын күн сайын эртең менен үзбөй чалып турушсун”.
16
Кудай-Теңир мындай дейт: “Эгерде төрө өз уулдарынын ичинен бирөөнө белек бере турган болсо, анда ал анын уулдарынын да мурасы болсун. Бул алардын мурасы болсун.
17
Эгерде ал өзүнүн мурасынан кулдарынын ичинен бирөөнө белек бере турган болсо, анда ал белек ага эркиндикке чыккан жылына чейин гана таандык, андан кийин ал төрөгө кайра кайтат. Анын мурасы өз уулдарына гана өтүшү керек.
18
Бирок төрө элди мураска алган жеринен сүрүп чыгарып, анын мурасынан албашы керек. Менин элимдин ичинен эч ким өз мурасынан куулуп чыкпаш үчүн, ал өзүнүн уулдарына өзүнүн мурасынан гана бере алат”».
19
Анан ал мени дарбазанын капталындагы жол менен ыйык кызмат кылуучулардын түндүктү караган ыйык бөлмөлөрүнө ээрчитип келди. Ошол жерде, алардын арт жагында, батыш тарабында бир жер бар экен.
20
Анан ал мага: «Ыйык кызмат кылуучулар айып үчүн чалынуучу курмандыкты, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкты жана нан курмандыгын бышыра турган жер ушул. Эл ыйыкталып калбаш үчүн, алар бул курмандыктарды сыртка алып чыгышпасын», – деди.
21
Анан ал мени сырткы короого алып чыгып, короонун төрт бурчу менен алып өттү, короонун ар бир бурчунда дагы бирден короо бар экен.
22
Короонун төрт бурчунда узундугу кырк чыканак, туурасы отуз чыканак болгон жабык короолор бар экен. Короонун төрт бурчундагы короолордун ченеми бирдей экен.
23
Ал төрт короону тегерете курчаган дубал бар экен, ал эми дубалдардын түбүндө коломтолор бар экен.
24
Анан ал мага: «Бул – курмандык бышыруучу жер, бул жерде ийбадаткананын кызматчылары элдин курмандыктарын бышырышат», – деди.
← Chapter 45
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 47 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48