bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 18
Ezekiel 18
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 19 →
1
Анан мага Теңирден сөз болду:
2
«Эмне үчүн силер Ысрайыл жеринде “Ата-бабалар кычкыл жүзүм жешти, ал эми балдардын тиши камалды” деген макалды пайдаланып жатасыңар?
3
Мен тирүүмүн! – дейт Кудай-Теңир. – Мындан ары бул макалды Ысрайылда айтышпайт.
4
Анткени мына, бүт адамдардын жаны Меники: атанын жаны да, баланын жаны да Меники. Күнөө кылган жан өлөт.
5
Ким адилет болсо, акыйкаттык жана адилеттүүлүк боюнча иш кылса,
6
бийик жерлерде чалынган курмандыктан жебесе, көзүн Ысрайылдын жасалма кудайларына бурбаса, өз жакынынын аялын булгабаса, аялына таза эместигинен тазаланып жаткан учурда жакындабаса,
7
эч кимге кысым көрсөтпөсө, карыздары калтырган күрөөнү кайра берсе, уурулук кылбаса, ачкага өз нанын берсе, жылаңачты кийим менен жапса,
8
үстөккө бербесе, ашыгы менен албаса, колун мыйзамсыздык кылуудан тартса, адам менен адамдын ортосундагы талашты адилет чечсе,
9
Менин мыйзамдарым менен жүрсө, Менин буйруктарымды чын жүрөктөн сактаса, анда ал – адил адам, ал сөзсүз тирүү болот, – дейт Кудай-Теңир.
10
Бирок андан кан төккөн кылмышкер уул төрөлсө, ал атасы кылбаган нерселерди кылса:
11
бийик жерлерде чалынган курмандыктан жесе, өз жакынынын аялын булгаса,
12
жакыр менен кедейди кысымга алса, зордук менен тартып алса, күрөөгө алган нерсени кайра бербесе, көзүн жасалма кудайларга бурса, жийиркеничтүү нерсе жасаса,
13
үстөк алса, ашыгы менен алса, анда ал тирүү калабы? Жок, ал тирүү калбайт. Ушундай жийиркеничтүү иштердин баарын жасаган адам сөзсүз өлөт, анын каны өзүнүн башында.
14
Бирок андан уул төрөлсө, ал атасы кылып жаткан күнөөлөрдүн баарын көрүп, анын кылганын кылбаса:
15
бийик жерлерде чалынган курмандыктан жебесе, көзүн Ысрайылдын жасалма кудайларына бурбаса, өз жакынынын аялын булгабаса,
16
адамды кысымга албаса, күрөө албаса, зордук менен тартып албаса, ачкага өз нанын берсе, жылаңачты кийим менен жапса,
17
кедейди ыза кылуудан колун тартса, үстөк албаса, ашыгы менен албаса, Менин буйруктарымды аткарса, Менин мыйзамдарым менен жүрсө, анда ал атасынын мыйзамсыздыгы үчүн өлбөйт, ал тирүү болот.
18
Ал эми анын атасы өз бир тууганын катуу кысымга алганы үчүн, тоногону үчүн, өз элинин арасында жаман иштерди кылганы үчүн, мына, ал ошол өз мыйзамсыздыгы үчүн өлөт.
19
Бирок силер: “Эмне үчүн уулу өз атасынын айыбын тартпайт?” – дээрсиңер. Уулу мыйзам боюнча жана адилеттик боюнча жүрөт, Менин мыйзамдарымды сактайт, аларды аткарат, ошондуктан ал тирүү болот.
20
Күнөө кылган жан өлөт. Уулу атасынын айыбын тартпайт, атасы уулунун айыбын тартпайт, адил адамдын адилдиги өзү менен калат, мыйзамсыздын мыйзамсыздыгы да өзү менен калат.
21
Эгерде мыйзамсыз адам өзү кылып жүргөн бардык күнөөлөрүнөн бурулса, Менин мыйзамдарымдын бардыгын сактаса, мыйзам боюнча жана адилеттик боюнча жүрсө, тирүү болот, өлбөйт.
22
Анын кылган бардык кылмыштары эске алынбайт, ал өзүнүн адилеттүүлүгү менен тирүү болот.
23
Мен мыйзамсыздын өлүмүн каалабайм, – дейт Кудай-Теңир, – тескерисинче, анын өз жолунан бурулуп, тирүү калышын каалайм.
24
Эгерде адил адам өз адилдигинен баш тартып, адилетсиздик кыла баштаса, мыйзамсыз адам кылган жийиркеничтүү иштердин баарын кылса, ал тирүү калабы? Анын кылган бардык жакшы иштери эске алынбайт. Ал өзүнүн кылган мыйзамсыздыгы үчүн, өзүнүн кетирген күнөөлөрү үчүн өлөт.
25
Бирок силер: “Теңирдин жолу туура эмес!” – деп айтып жатасыңар. Ысрайыл эли, ук! Менин жолум туура эмеспи же силердин жолуңар туура эмеспи?
26
Эгер адил адам өз адилдигинен баш тартып, мыйзамсыздык кылса жана ошон үчүн өлсө, анда ал өзүнүн кылган мыйзамсыздыгы үчүн өлөт.
27
Эгерде мыйзамсыз адам өзү кылып жүргөн мыйзамсыздыгынан бурулуп, акыйкаттык жана адилеттүүлүк боюнча иш кылса, анда ал өз жанын өмүргө кайрыйт.
28
Анткени ал көрүп, өзү кылып жүргөн бардык кылмыштарынан бурулду. Ал тирүү болот, өлбөйт.
29
Ысрайыл болсо: “Теңирдин жолу туура эмес!” – деп жатат. Ысрайыл эли, Менин жолум туура эмеспи же силердин жолуңар туура эмеспи?
30
Ошондуктан, Ысрайыл эли, Мен силерди, ар бириңерди жолуңарга жараша соттойм, – дейт Кудай-Теңир. – Күнөөңөрдү мойнуңарга алып, Кудайдан кечирим сурагыла, өзүңөрдүн кылмыштарыңар өзүңөргө тоскоол болбош үчүн, кылмыштарыңардан бурулгула.
31
Өзүңөр кылып жүргөн күнөөлөрдүн баарынан баш тарткыла, өзүңөргө жаңы жүрөк жана жаңы рух жараткыла. Ысрайыл эли, силерге өлүмдүн кереги эмне?
32
Анткени Мен өлүп бара жаткан адамдын өлүмүн каалабайм, – дейт Кудай-Теңир. – Бурулгула, жашагыла!
← Chapter 17
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 19 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48