bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 13
Ezekiel 13
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 14 →
1
Анан мага Теңирден сөз болду:
2
«Адам уулу! Пайгамбарчылык кылып жаткан Ысрайыл пайгамбарларына каршы пайгамбарчылык кыл, өз оюнан чыгарып пайгамбарчылык кылып жаткан пайгамбарларга айт: “Теңирдин сөзүн уккула!
3
Кудай-Теңир мындай дейт: «Эч нерсе көрбөй эле өзүнүн рухуна жетеленип жүргөн акылсыз пайгамбарларга кайгы!
4
Ысрайыл, сенин пайгамбарларың урандылардын арасында жүргөн түлкүлөрдөй.
5
Теңирдин күнү келгенде, согушта туруштук бериш үчүн, талкаланып тешилген жайга кирген жоксуңар жана Ысрайылды дубал менен курчаган жоксуңар».
6
Алар жалган көрүнүш көрүштү, «Теңир айтты» деп, жалган пайгамбарчылык кылышты. Бирок аларды Теңир жиберген эмес. Алар сөз ордунан чыгат деп үмүттөндүрүп жатышат.
7
Силер жалган көрүнүш көргөн жоксуңарбы? Мен айтпасам да, «Теңир айтты» деп, жалган пайгамбарчылык кылып жаткан жоксуңарбы?”
8
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер жалган нерселерди айтып жатканыңар үчүн, жалган көрүнүш көрүп жатканыңар үчүн Мен силерге каршымын, – дейт Кудай-Теңир.
9
Менин колум жалган көрүнүш көрүп жаткан, жалган пайгамбарчылык кылып жаткан ушул пайгамбарларга каршы болот. Алар Менин элимдин кеңешмесинде болушпайт, Ысрайылдын тизмесине жазылышпайт, Ысрайыл жерине киришпейт. Ошондо силер Менин Кудай-Теңир экенимди билесиңер.
10
Анткени алар тынчтык жок болсо да, «Тынчтык» деп, Менин элимди адаштырып жатышат. Эл дубал куруп жатса, алар аны ылай менен шыбап жатышат.
11
Дубалды ылай менен шыбап жаткандарга: «Дубал кулайт», – деп айт. Кара нөшөр төгөт, ошондо силер, таш мөндүрлөр, кулап түшөсүңөр; аны катуу шамал кулатат.
12
Дубал кулайт. Ошондо силерге: «Силер шыбаган баягы шыбак кана?» – деп кантип айтышпасын?”
13
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен каарданып жатканымда, катуу шамал жиберем, Мен ачууланып жатканымда, кара нөшөр төгүлөт, Мен кыжырданып жатканымда, кырыш үчүн таш мөндүрлөр түшөт.
14
Ошентип, силер ылай менен шыбаган дубалды кыйратам, аны жерге кулатам, ошондо анын пайдубалы ачылат, ал кулайт, силер да аны менен кошо өлөсүңөр. Ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер.
15
Ошентип, Мен Өз каарымды дубалга жана аны ылай менен шыбагандарга төгөм, анан силерге мындай дейм: Дубал да жок, аны шыбагандар –
16
тынчтык жок болсо да, тынчтык жөнүндө көрүнүш көрүп, Иерусалимге пайгамбарчылык кылган Ысрайыл пайгамбарлары жок, – дейт Кудай-Теңир.
17
Адам уулу, сен болсо өз элиңдин өз жүрөгүнөн пайгамбарчылык кылып жаткан кыздарына жүзүңдү буруп, аларга каршы пайгамбарчылык кылып,
18
мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт де: «Колтуктун астына сыйкырдуу жаздыкча тиккендерге, адамдарды тузакка түшүрүш үчүн, бою ар кандай адамдардын баштары үчүн жабуу жасагандарга кайгы! Менин элимдин жанын тузакка түшүрүү менен өз жаныңарды сактап калабыз деп турасыңарбы?
19
Жалганды уккан элиме жалган сүйлөп, өлбөш керек болгон жандарды өлтүрүп, жашабаш керек болгондордун жанын калтырып, бир ууч арпа үчүн, бир кесим нан үчүн Өз элимдин арасында Мени уят кылдыңар»”.
20
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен силердин сыйкырдуу жаздыкчаңарга каршымын, ал жаздыкчалар менен силер чымчыкты тузакка түшүргөнсүп, жандарды тузакка түшүрүп жатасыңар, Мен аларды колтугуңардан жулуп алып, тузакка түшкөн чымчыкты эркиндикке коё бергендей, силер тузакка түшүргөн жандарды эркиндикке чыгарам.
21
Мен силердин жабууңарды тытып, Өз элимди силердин колуңардан куткарам. Алар мындан ары колуңарга түшкөн олжо болбойт, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер.
22
Мен Өзүм кайгыга салууну каалабаган адил адамдын жүрөгүн силер жалгандык менен кайгыга салганыңар үчүн, мыйзамсыз киши өзүнүн бузулган жолунан бурулбасын деп, өз өмүрүн сактап калбасын деп, анын иштерин колдоп жатканыңар үчүн,
23
мындан ары жалган көрүнүш көрбөйсүңөр, жалган пайгамбарчылык кылбайсыңар. Мен Өз элимди силердин колуңардан куткарып алам, ошондо силер Менин Теңир экенимди билесиңер”».
← Chapter 12
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 14 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48