bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 26
Ezekiel 26
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 27 →
1
Он биринчи жылдын биринчи айынын биринчи күнү мага Теңирден сөз болду:
2
«Адам уулу! Тир Иерусалим жөнүндө: “И-и! И-и! Элдердин дарбазасы болгон ал талкаланды. Ал мага бурулду, мен толом, анткени ал кыйрады”, – деп айтканы үчүн,
3
ошон үчүн Кудай-Теңир мындай дейт: Тир, Мен сага каршымын, деңиз өз толкунун көтөргөндөй, Мен да сага каршы көптөгөн элдерди көтөрөм.
4
Алар Тир дубалдарын талкалашат, анын мунараларын кыйратышат. Анын ичинен топурагын шыпырып салам, аны жылаңач аскага айлантам.
5
Ал деңиздин ортосунда балык кармаган тор жая турган жер болот, анткени муну Мен айттым, – дейт Кудай-Теңир, – аны элдер талап-тоношот.
6
Анын жер үстүндөгү кыздары болсо кылычтан өлүшөт, ошондо Менин Теңир экенимди билишет.
7
Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: Мен Тирге каршы түндүктөн падышалардын падышасы болгон Бабыл падышасы Небухаданасарды аттары, майдан арабалары, атчандары, аскерлери, көп сандаган эли менен алып келем.
8
Ал сенин жер үстүндөгү кыздарыңды кылычтап кырат, сага каршы курчоо мунараларын тургузат, сага каршы жал үйөт, сага каршы тосмолорду коёт.
9
Ал сенин дубалдарыңдын жанына дубал бузгучтарды орнотот, мунараларыңды балталары менен кыйратат.
10
Анын аттарынын көптүгүнөн сени чаң каптайт, талкаланган шаарга кирип келишкендей, ал сенин дарбазаңа кирип келгенде, атчандардын, дөңгөлөктөрдүн, майдан арабалардын дүбүртүнөн дубалдарың титирейт.
11
Ал сенин бардык көчөлөрүңдү аттарынын туягы менен тебелеп таштайт, элиңди кылычтап кырат, сенин кудуреттүүлүгүңдүн эстеликтерин жерге кулатат.
12
Байлыгыңды талап-тоноп кетишет, мал-мүлктөрүңдү уурдап кетишет, дубалдарыңды кыйратышат, кооз үйлөрүңдү талкалашат, таштарыңды, дарактарыңды жана топурагыңды сууга ыргытышат.
13
Сенин ырларыңды токтотом, арфаңдын үнү мындан ары угулбайт.
14
Ошентип, сени жылаңач аскага айлантам, сен балык кармаган тор жая турган жер болосуң. Кайра курулбайсың, анткени муну Мен, Теңир, айттым», – дейт Кудай-Теңир.
15
Кудай-Теңир Тирге мындай дейт: «Сенин ичиңде болуп жаткан катуу кыргында жарадар болгондордун онтоосунан, сен кулаганда чыккан дабыштан аралдар титиребес бекен?
16
Ошондо деңиз боюндагы төрөлөрдүн бардыгы өз тактыларынан түшүп, падыша кийимдерин чечип ыргытып, саймалуу кийимдерин чечип, коркунучка батып, жерге отурушат, көз ирмем сайын титиреп, сага таң калышат.
17
Анан сен үчүн ыйлап, сага: “Деңизде жүрүүчүлөр жашаган, деңиз үстүндө күч-кубаттуу болгон атактуу шаар, сен кандай жок болдуң! Сен жана сенин бүт тургундарың деңиздин айланасындагы элдерге коркунуч туудурчу элеңер!” – дешет».
18
Азыр, сен кулаган күнү аралдар титиреди. Деңиздеги аралдар сенин кыйраганыңды көрүп дүрбөлөңгө түштү.
19
Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Мен сени эл жашабаган шаарлардай кылып, ээн калган шаарга айлантканда, үстүңө суу иримин көтөргөндө, сени чоң суулар каптаганда,
20
Мен сени көргө түшүүчүлөр менен бирге небак жок болгон элдин жанына түшүрөм, сенде эч ким жашабашы үчүн, Мен сени көргө түшүүчүлөр менен бирге небак талкаланган жерлерге отурукташтырам. Тирүүлөрдүн жеринде Мен даңкты көрсөтөм.
21
Сени көргөндөрдүн үрөйү учат, сен жок болосуң, сени издешет, бирок сени мындан ары, түбөлүккө таба алышпайт», – дейт Кудай-Теңир.
← Chapter 25
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 27 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48