bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 39
Ezekiel 39
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 38
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 40 →
1
Сен болсо, адам уулу, Гокко каршы мындай деп пайгамбарчылык кыл: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мешех менен Тубалдын башкы төрөсү Гок, Мен сага каршымын!
2
Сени буруп келем, сени жетелеп, эң алыскы түндүк жеринен алып чыгып, Ысрайыл тоолоруна алып келем.
3
Сол колуңдагы жааңды кагып түшүрөм, оң колуңдагы жебелериңди ыргытам.
4
Сен өзүңдүн сансыз аскериң менен, жаныңдагы элдер менен Ысрайыл тоолорунда өлөсүң. Сени ар түрдүү жырткыч канаттууларга жана талаа жырткычтарына жем кылам.
5
Сен ачык талаада өлөсүң, анткени муну Мен айттым, – дейт Кудай-Теңир.
6
Магокко жана аралдарда бейкапар жашап жаткандарга от жиберем, ошондо Менин Теңир экенимди билишет.
7
Өзүмдүн элим Ысрайылдын ичинде Өзүмдүн ыйык ысымымды таанытам, мындан ары Өзүмдүн ыйык ысымымдын булгануусуна жол бербейм, ошондо элдер Ысрайылдын ыйык Теңири Мен экенимди билишет”.
8
“Бул күн келет, ордунан чыгат, – дейт Кудай-Теңир, – бул күн – Мен айткан күн.
9
Ошол күнү Ысрайыл шаарларынын тургундары чыгып, курал-жарактар менен от жагышат: калкандар жана сооттор менен, жаалар жана жебелер менен, найзалар жана чокморлор менен от жагышат. Булар менен жети жыл от жагышат.
10
Талаадан отун ташышпайт, токойдон жыгач кыйышпайт, анткени жалаң курал-жарактар менен от жагышат. Өздөрүн карактагандарды каракташат, өздөрүн талап-тоногондорду талап-тоношот, – дейт Кудай-Теңир.
11
Ошол күнү мындай болот: Ысрайыл жеринде, деңиздин чыгыш жагында жаткан жолоочулардын өрөөнүндө Гокко бейит үчүн жер берем, ал бейит жолоочулардын жолун тосуп калат. Ал жерге Гокту жана анын сансыз аскерин көмүшөт, ошентип, аны Амон-Гок өрөөнү деп аташат.
12
Жерди тазалаш үчүн, Ысрайыл аларды жети ай бою көмөт.
13
Аларды ал жердин бардык эли көмөт. Мен Өзүмдү даңктаган күн алар үчүн даңктуу күн болот, – дейт Кудай-Теңир.
14
Жер бетин көмүлбөй калгандардан тазалаш үчүн, аларды жолоочулардын жардамы менен көмүү үчүн, жерди карап чыгууга туруктуу кишилерди дайындашат. Алар жети ай өткөндөн кийин издей башташат.
15
Жерди карап чыгуучулардын ичинен кимдир бирөө ал жерден адамдын сөөгүн көрсө, анын жанына белги коюп коёт. Ал белги сөөк көмүүчүлөр аны Гок өрөөнүнө койгонго чейин турат.
16
Ошондуктан шаардын аты Амона деп аталат. Алар жерди ошентип тазалашат”.
17
Кудай-Теңир мындай дейт: “Сен болсо, адам уулу, ар түрдүү канаттууларга жана талаа жырткычтарына айт: Чогулуп келгиле, Менин силер үчүн соё турган курмандыгыма, Ысрайыл тоолорундагы чоң курмандыкка туш-туштан чогулуп келгиле, эт жеп, кан ичесиңер.
18
Күчтүү адамдардын этин жейсиңер, жердин төрөлөрүнүн канын ичесиңер. Алардын баары – Башандын бордолгон кочкорлору, козулары, текелери жана букачарлары.
19
Менин силер үчүн сойгон курмандыгымдын майынан тойгуча жейсиңер, канынан мас болгуча ичесиңер.
20
Менин дасторконумдан аттарга жана чабандестерге, ар кандай күчтүү адамдарга жана аскерлерге тоёсуңар”, – дейт Кудай-Теңир.
21
“Ошентип, Мен элдердин арасында Өзүмдүн даңкымды көрсөтөм, бардык элдер Менин жүргүзгөн сотумду, Менин алардын үстүнө койгон колумду көрүшөт.
22
Ошол күндөн тартып, мындан ары Ысрайыл эли өздөрүнүн Кудай-Теңири Мен экенимди билет.
23
Ошондо элдер Ысрайыл өзүнүн күнөөсү үчүн туткундалып кеткенин билишет. Алар Менин алдымда жүзү каралык кылышканы үчүн, Мен алардан Өз жүзүмдү жашырып, аларды душмандарынын колуна салып бердим, ошондо алардын баары кылычтан кырылышты.
24
Мен аларга өздөрүнүн ыпыластыгы менен мыйзамсыздыгына жараша кылып, алардан Өз жүзүмдү жашырдым”.
25
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Жакыптын туткундалып кеткендерин азыр кайрып келем, бүт Ысрайылга ырайым кылам, Өзүмдүн ыйык ысымыма болгон кызганычымды көрсөтөм.
26
Алар өздөрүнүн жеринде эч ким коркутпай, коопсуз жашап жатышканда,
27
Мен аларды элдердин арасынан кайрып келгенде, аларды өздөрүнүн душмандарынын жеринен жыйнап келгенде, алар аркылуу көп элдердин көз алдында Өзүмдүн ыйыктыгымды көрсөткөндө, алар өздөрүнүн Менин алдымда кылган кылмыштары менен мыйзамсыздыктарын сезишет.
28
Аларды элдердин арасына чачып, кайрадан өз жерине жыйнап келгенде, алар өздөрүнүн Кудай-Теңири Мен экенимди билишет. Ошондон кийин ал жерлерге алардын эч бирин калтырбайм.
29
Ошондон кийин Мен Өз жүзүмдү алардан жашырбайм, анткени Мен Өз рухумду Ысрайылга төгөм”», – дейт Кудай-Теңир.
← Chapter 38
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 40 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48