bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 24
Ezekiel 24
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 25 →
1
Тогузунчу жылдын онунчу айынын онунчу күнү мага Теңирден сөз болду:
2
«Адам уулу! Ушул күндүн атын, ушул күндүн өзүн жазып ал: так ушул күнү Бабыл падышасы Иерусалимге келет.
3
Козголоңчул тукумга үлгү-насаат айт, аларга Кудай-Теңир мындай дейт: “Казан асып, ага суу куй.
4
Ага жиликтеп бөлүнгөн эттерди сал, эттин эң жакшысын: жамбашты жана далыны сал, аны тандалган сөөктөргө толтур.
5
Тандалган койлордон ал, казандын астына от жак, казандагы сөөктөр этинен шылынып бышканча кайнат”.
6
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Кандуу шаарга кайгы! Ичинде даты бар казанга, даты кетпеген казанга кайгы! Өкчөмө таш ыргытпастан, андан жилик артынан жилик ыргыткыла.
7
Анткени анын каны өз ичинде. Ал аны жылаңач аскада калтырды. Топурак басып калбаш үчүн, аны жерге төккөн жок.
8
Өч алыш үчүн каарды козгосун деп, топурак басып калбасын деп, Мен анын канын жылаңач аскага калтырдым”.
9
Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Кандуу шаарга кайгы! Мен да чоң от жагам.
10
Отун сала түш, от жак, этти эзилте бышыр. Шорпо соолуп, сөөктөр күйүп кетсин.
11
Казан бошогондо, аны чокко кой, ал кызарып күйсүн, анын жези абдан кызысын, ичиндеги таза эместиги эрисин, анын бүт даты кетсин.
12
Жумуш оор болот, бирок анын калың даты кетпейт, анын даты отто да кетпейт.
13
Сенин таза эместигиң ушунчалык жийиркеничтүү болгондуктан, Мен сени канча тазаласам да, сен баары бир таза эмессиң. Мен Өзүмдүн сага болгон каарымды кандырмайынча, сен мындан ары да өзүңдүн таза эместигиңден тазаланбайсың.
14
Мен Теңирмин, Мен айтып жатам: Ал келет, Мен аны жасайм. Жасабай койбойм, аябайм, ырайым кылбайм. Сени жолдоруңа жараша, иштериңе жараша соттошот”», – дейт Кудай-Теңир.
15
Анан мага Теңирден сөз болду:
16
«Адам уулу! Мен сенин көзүңдүн ыракатын оорутуп, күтүлбөгөн жерден алып кетем. Бирок сен кайгырба, ыйлаба, көзүңдөн жаш чыкпасын.
17
Yнүңдү чыгарбай онто, өлгөндөрдү жоктоп аза күтпө, бирок башыңды таңып ал, бутуңа бут кийим кий, сакалыңды жаппа, башкалардын колунан нан жебе».
18
Мен эртең менен элге сөз айткандан кийин, кечинде аялым өлдү. Эртеси эртең менен мага кандай буйрулса, ошондой кылдым.
19
Ошондо эл мага: «Сен кылып жаткандын биз үчүн кандай мааниси бар экенин айтып бербейсиңби?» – дешти.
20
Мен аларга мындай деп айттым: «Мага Теңирден сөз болду:
21
“Ысрайылга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: «Силердин күчүңөрдүн таянычы болгон, силердин көзүңөрдүн ыракаты болгон, силердин жаныңардын кубанычы болгон Өзүмдүн ыйык жайымды маскаралоого берем, силер таштап кеткен уулдарыңар менен кыздарыңар болсо кылычтан өлүшөт»”.
22
Ошондо мен кылганды силер да кыласыңар. Сакалыңарды жаппайсыңар, башкалардын колунан нан жебейсиңер.
23
Башыңар таңылуу болот, бутуңарда бут кийимиңер болот. Кайгырбайсыңар, ыйлабайсыңар, бирок күнөөңөрдүн азабынан соолуйсуңар, бири-бириңердин алдыңарда үшкүрөсүңөр».
24
«Ошентип, Жезекиел силерге белги болот: ал кылгандын баарын силер да кыласыңар. Бул жүзөгө ашканда, силер Менин Кудай-Теңир экенимди билесиңер.
25
Сага болсо, адам уулу, Мен алардын даңкынын жасалгасын, көздөрүнүн ыракатын, жандарынын кубанычын, уулдары менен кыздарын тартып алган күнү,
26
ошол күнү качып кутулган бир адам сага кабар бериш үчүн келет.
27
Качып кутулган адам келген күнү сенин оозуң ачылат, сен сүйлөй баштайсың, ошондон кийин унчукпас болбойсуң, алар үчүн жышаан болосуң, ошондо алар Менин Теңир экенимди билишет».
← Chapter 23
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 25 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48