bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 41
Ezekiel 41
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 40
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 42 →
1
Анан ал мени ийбадатканага алып келди, бир жагындагы мамылардын туурасын ченегенде алты чыканак, экинчи жагындагы мамылардын туурасын ченегенде алты чыканак болду, жыйын чатырынын туурасы ошончо болду.
2
Эшиктин туурасы он чыканак, эшиктин бир капталы беш чыканак, экинчи капталы беш чыканак. Ийбадаткананын узундугун ченегенде кырк чыканак, туурасын ченегенде жыйырма чыканак болду.
3
Анан ал ичине кирип, эшиктин оозундагы мамыларды ченегенде эки чыканак, эшикти ченегенде алты чыканак, эшиктин туурасын ченегенде жети чыканак болду.
4
Ал бөлмөнүн узундугун ченегенде жыйырма чыканак, туурасын ченегенде жыйырма чыканак болду, анын туурасы ийбадаткананын туурасына барабар. Анан ал мага: «Бул – ыйыктын ыйыгы», – деди.
5
Анан ал ийбадаткананын дубалын ченегенде алты чыканак болду, ал эми ийбадаткананын тегерегиндеги каптал бөлмөлөрдүн туурасын ченегенде төрт чыканактан болду.
6
Бөлмө үстүнө бөлмө болуп жайланышкан капталындагы бөлмөлөр отуз үч болду. Тегерете салынган бөлмөлөр ийбадаткананын тегерегиндеги дубалга кирип турат, бирок ийбадаткананын дубалына тийбейт, алар жалпы жабылган.
7
Yй тегерете жогорулаган сайын каптал бөлмөлөр кеңейген, анткени ийбадаткананын айланасы үй улам жогорулаган сайын кеңейген, ошондуктан ийбадаткананын жогору жагы кенен болчу. Төмөнкү кабаттан жогорку кабатка ортоңку кабат аркылуу көтөрүлүп чыкчу.
8
Мен үйдүн жогору жагын тегерете көрдүм. Каптал бөлмөлөрүнүн негизи – бир бүтүн таяк, ал – алты толук чыканак.
9
Сыртка чыгып турган каптал бөлмөлөрдүн дубалынын туурасы беш чыканак, ийбадаткананын каптал бөлмөлөрүнүн жанында ачык жер бар.
10
Ийбадаткананын тегерегиндеги бөлмөлөрдүн арасындагы аралык жыйырма чыканак.
11
Каптал бөлмөлөрдүн эшиктери ачык жерди карап турат, бир эшиги түндүк жакты, бир эшиги түштүк жакты карайт. Ал эми бул ачык жердин туурасы беш чыканак.
12
Батыш тараптагы аянттын алдындагы имараттын туурасы жетимиш чыканак. Ушул имараттын дубалынын туурасы беш чыканак, узундугу токсон чыканак.
13
Ал ийбадаткананын узундугун ченегенде жүз чыканак болду; короону, жанаша курулган үйдү жана анын дубалдарын ченегенде да жүз чыканак болду.
14
Ийбадаткананын алды жагы менен чыгышты караган аянттын туурасы да жүз чыканак.
15
Анан ал аянттын алдындагы, анын батыш тарабындагы имараттын узундугун тигил жана бул жагында жайланышкан каптал бөлмөлөрү менен бирге, ийбадаткананын ичи менен бирге, короонун кире бериш бөлмөлөрү менен бирге ченегенде жүз чыканак болду.
16
Эшик устундары жана тор терезелер, үч кабаттагы тегерете салынган каптал бөлмөлөрдүн эшиктеринин каршысы, үйдүн тактасынан терезеге чейин жыгач менен капталган, терезелер жабык турчу.
17
Эшиктердин үстү, ийбадаткананын ичи да, сырты да, дубалдын ички бети менен сырткы бети да жыгач менен капталган эле.
18
Алардын бетине керуптар менен пальмалар түшүрүлгөн эле: эки керуптун ортосунда бир пальма бар эле, ар бир керуптун эки бети бар эле.
19
Пальманы бир жагынан адам бети, экинчи жагынан арстан бети карап турат. Ийбадаткананын ичи бүт бойдон, тегерете мына ушундай жасалган.
20
Полдон эшиктин жогору жагына чейин керуптар жана пальмалар жасалган, ийбадаткананын дубалдары да ошондой.
21
Ийбадаткананын эшиктеринин кашектери төрт бурчтуу болчу. Ыйык жайга кирүүчү эшиктин көрүнүшү да ошол эшиктин көрүнүшүндөй эле.
22
Бийиктиги үч чыканак, узундугу эки чыканак болгон курмандык чалынуучу жай жыгачтан болчу. Анын бурчтары, таканычы, капталдары жыгачтан эле. Анан ал мага: «Бул – Теңирдин алдындагы дасторкон», – деди.
23
Ийбадаткананын жана ыйыктын ыйыгынын экиден эшиктери бар эле.
24
Бул эшиктер эки эшиктен турат экен, экөө тең жылып турма, биринчи эшикте эки эшик, экинчи эшикте да эки эшик.
25
Ийбадаткананын эшиктеринин бетине дубалдын бетиндегидей эле керуптар жана пальмалар түшүрүлгөн эле. Ал эми сыртта, кире бериш бөлмөнүн алдында тактайдан жасалган секиче бар экен.
26
Кире бериш бөлмөнүн тигил капталында да, бул капталында да, ийбадаткананын каптал бөлмөлөрүндө да, жыгач менен капталган мамыларда да бетине пальмалар түшүрүлгөн тор терезелер бар эле.
← Chapter 40
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 42 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48