bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Ezekiel 8
Ezekiel 8
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 9 →
1
Алтынчы жылы, алтынчы айдын бешинчи күнү мен өзүмдүн үйүмдө отургам. Жүйүт аксакалдары алдымда отурушкан. Мага ошол жерде Кудай-Теңирдин колу түштү.
2
Ошондо мен отко окшогон бирөөнү көрдүм, анын белинен өйдө от, белинен жогору жалындын жарыгындай жаркырак эле.
3
Ал колго окшогон бир нерсени сунуп, мени чачтан алды, ошондо рух мени асман менен жердин ортосуна көтөрдү, ал мени Кудайдын көрүнүштөрүндө Иерусалимге, түндүктү караган ички дарбазанын кире беришине, кызганчаактыкты ойготкон кызганчаактыктын жасалма кудайы орнотулган жерге алып келди.
4
Ошол жерде мен талаадан көргөн даңкка окшош Ысрайыл Кудайынын даңкы турган эле.
5
Ал мага: «Адам уулу! Түндүк тарапка көз чаптыр», – деди. Мен түндүккө көз чаптырдым, мына, кире бериште турган ошол кызганчаактыктын жасалма кудайы курмандык чалынуучу жайдын дарбазасынын түндүк жагында экен.
6
Ал мага: «Адам уулу! Алардын эмне кылып жатышканын көрүп турасыңбы? Мен Өзүмдүн ыйык жайымдан кетип калышым үчүн, ушул жерде Ысрайылдын кандай чоң жийиркеничтүү иштерди жасап жатканын көрүп турасыңбы? Дагы кара, мындан да көп жийиркеничтүү иштерди көрөсүң», – деди.
7
Анан Ал мени короонун кире беришине алып келди, мен көз жибердим, дубалда бир тешик бар экен.
8
Ал мага: «Адам уулу! Дубалды теш!» – деди. Мен дубалды тештим, кандайдыр бир эшик көрүндү.
9
Ошондо мага: «Кир, алардын ушул жерде кылып жаткан эң жаман жийиркеничтүү иштерин көр», – деди.
10
Мен кирип, ысрайылдыкар табынган сойлоочулардын, таза эмес жаныбарлардын ар кандай айкелдерин, дубалдарга тегерете оюп түшүрүлгөн ар кандай жасалма кудайларын көрдүм.
11
Алардын алдында Ысрайылдын аксакалдарынан жетимиш киши туруптур, алардын арасында Сапан уулу Жазания да бар экен. Ар биринин колунда жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү чөйчөк бар эле, жыпар жыттуу заттын коюу түтүнү жогору көтөрүлүп жатты.
12
Анан Ал мага мындай деди: «Адам уулу, Ысрайылдын аксакалдары караңгы жерде, ар бири өзүнүн сүрөт тартылган бөлмөсүндө эмне кылып жатышканын көрүп турасыңбы? Анткени алар: “Теңир бизди көрбөйт, Теңир бул жерди таштап кетти”, – дешет».
13
Ал мага: «Дагы кара, ошондо алардын мындан да жаман жийиркеничтүү иштерди жасап жатканын көрөсүң», – деди.
14
Ал мени Теңир үйүнүн түндүк тарабындагы дарбазасынын кире беришине алып барды, мен ал жерден Тамузду жоктоп ыйлап отурган аялдарды көрдүм.
15
Ал мага: «Адам уулу, көрүп турасыңбы? Дагы кара, мындан да жаман жийиркеничтүү иштерди көрөсүң», – деди.
16
Ал мени Теңир үйүнүн ички короосуна алып барды, Теңирдин ийбадатканасынын эшигинин алдында, кире бериш бөлмө менен курмандык чалынуучу жайдын ортосунда жыйырма бешке жакын эркек Теңирдин ийбадатканасына артын салып турушуптур. Алар жүздөрү менен чыгышка бурулуп, чыгыштагы күнгө табынып жатышты.
17
Ал мага мындай деди: «Адам уулу, көрүп турасыңбы? Жүйүт тукумуна өздөрүнүн ушул жерде кылган ушундай жийиркеничтүү иштери аздык кылып жатабы? Мындан сырткары, алар жерди кыянат иштерге толтуруп, Мени өзгөчө каардантып жатышат. Алар өз мурундарына бутактарды жакын алып барып жатышат.
18
Ошондуктан Мен да каардуу мамиле кылам, Менин көзүм аябайт, ырайым кылбайм. Алар Менин кулагыма катуу кыйкырышса да, аларды укпайм».
← Chapter 7
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 9 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48