bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 10
Isaiah 10
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 11 →
1
«Адилетсиз мыйзам чыгаргандарга, ырайымсыз чечимдерди жазгандарга кайгы!
2
Анткени алар бей-бечараларды акыйкаттыктан четтетишет, Менин элимдин ичиндеги жакырларды укугунан ажыратышат, жесирлерди өздөрүнө олжо кылышат, жетимдерди талап-тоношот.
3
Алыстан бүлгүн келип, жазалана турган күн келгенде, силер эмне кыласыңар? Кимге жардам сурап кайрыласыңар? Байлыгыңарды кайда калтырасыңар?
4
Менсиз силер туткундардын арасында бүкүрөйүп каласыңар, өлтүрүлгөндөрдүн арасына кулайсыңар». Ошондо да Анын каары кайтпайт, Анын колу сунулган бойдон тура берет.
5
«Оо Ашур, Менин каарымдын таягы! Анын колундагы таяк Менин каарым!
6
Мен аны кудайсыз элге каршы жана Мени каарданткан элге каршы жиберем. Мен ага ошол элди талап-тоноону, олжолоону жана көчөдөгү баткактай тебелеп-тепсөөнү буйрук кылам.
7
Бирок ал мындай деп ойлобойт, анын жүрөгү башканы ойлойт, анын жүрөгүндө – бир топ элдерди кыйратуу, жок кылуу.
8
Анткени ал мындай дейт: “Падышалардын баары Менин төрөлөрүм эмес бекен?
9
Кално Каркемиштей эмес бекен? Хамат Арпаттай эмес бекен? Самария Дамасктай эмес бекен?
10
Менин колум буркандары Иерусалим менен Самарияныкына караганда көп болгон бутпарас падышачылыктарды ээлеп алды.
11
Анан мен Самарияга жана анын буркандарына кылганымды Иерусалимге жана анын жасалма кудайларына кылбай коймок белем?”»
12
Теңир Өзүнүн бардык иштерин Сион тоосунда жана Иерусалимде бүтүргөндөн кийин: «Ашур падышасынын текебер жүрөгү жеткен ийгиликти жана жогору караган көздөрүнүн менменсингендигин көрөм», – дейт.
13
Ал: «Мен муну өз колумдун күчү менен, өз даанышмандыгым менен кылдым, анткени мен акылдуумун. Элдердин чек арасын жылдырып жатам, алардын казына-байлыктарын талап-тоноп жатам, дөөдөй болуп тактарынан кулатып жатам.
14
Менин колум элдердин байлыктарын уяны тартып алгандай тартып алды. Уяларда калган жумурткаларды алгандай, мен бүт жерди тартып алдым, эч ким канатын кыймылдаткан жок, эч ким ооз ачкан жок, эч ким кыңк эткен жок», – деп жатат.
15
Балта өзү менен чаап жатканга кыйынсынмак беле? Араа өзү менен араалап жатканга менменсинмек беле? Союл өзүн көтөрүп жатканга каршы чыккансыйт! Таяк жыгач эмеске каршы көтөрүлгөнсүйт!
16
Ошон үчүн Эгедер, Себайот Теңир, анын семиздерин арыктатат, анын атактууларынын арасында оттун жалынындай жалын чыгарат.
17
Ысрайылдын Жарыгы от болуп, анын Ыйыгы жалын болуп, коко тикендери менен тикенектерин бир күндө жалмап,
18
атактуу токою менен багын түп-тамыры менен жок кылат. Ошондо ал алсырап өлүп бара жаткан адамдай болот.
19
Анын токоюнда дарактар ушунчалык аз калгандыктан, аларды жаш бала да эсептеп чыга алат.
20
Ошол күнү мындай болот: Ысрайылдын калдыгы, Жакыптын тукумунун аман калгандары, өздөрүн өлтүрүп жаткандарга таянбай калышат, тескерисинче, алар Ысрайылдын ыйык Теңирине чын жүрөктөн таянышат.
21
Калдык кайрылат, Жакыптын калдыгы, кудуреттүү Кудайга кайрылат.
22
Анткени Сенин элиң, Ысрайыл, деңиздин түгөнгүс кумундай болсо да, калдыгы гана кайрылат. Жок кылуу чечими чыкты, ал акыйкаттыкка толгон.
23
Анткени жок кылуу чечимин Себайот Кудай-Теңир бүт өлкөдө ишке ашырат.
24
Ошондуктан Эгедер, Себайот Теңир, мындай дейт: «Сиондо жашаган Менин элим, Ашурдан коркпо! Ал сени таяк менен чабат, Мисирдей болуп сага союлун көтөрөт.
25
Дагы бир аздан кийин, бир аз эле убакыттан кийин Менин сага каршы каарым кайтат, Менин жаалым аларды кырууга бурулат».
26
Сур-Орейип аскасынын жанында мидиандыктарды кыйраткандагыдай, Себайот Теңир ага камчы көтөрөт же Өзүнүн таягын деңизге көтөрүп, мисирликтерди чөктүргөндөй чөктүрөт.
27
Ошол күнү мындай болот: ийниңен анын жүгү алынат, мойнуңан анын моюнтуругу алынат, семиздиктен моюнтурук талкаланат.
28
Ал Айатка бара жатат, Мигрон аркылуу өтүп бара жатат, азык-түлүгүн Мукмаска жыйнап жатат.
29
Тар жерлерден өтүштү, Гебада түнөштү, Рама солкулдады, Шабулдун Гибасы туш-тушка качты.
30
Галим кызы, улуп-уңшуп ыйла! Сени Лаиш уксун, бактысыз Анатот!
31
Мадмейна туш-тушка качып кетти, Гейбимде жашагандар качканга шашылып жатышат.
32
Ал дагы бир күн Нопто турат. Ал өзүнүн колу менен Сион тоосун, Иерусалим дөңсөөсүн коркутуп жатат.
33
Мына, Эгедер, Себайот Теңир, коркунучтуу күч менен бак-дарактардын бутактарын жулат, бою менен мактангандар кыйылат, бийик өскөндөрү жерге кулатылат.
34
Токойлордун калың жерлерин темир менен кыят, Лебанон Кудуреттүүнүн колунан кулайт.
← Chapter 9
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 11 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66