bible
ra
🌐 Language
English
Español
Français
Deutsch
Português
Italiano
Nederlands
Русский
中文
日本語
한국어
العربية
Türkçe
Tiếng Việt
ไทย
Indonesia
All Languages
Home
/
Kyrgyz
/
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
/
Isaiah 65
Isaiah 65
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
← Chapter 64
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 66 →
1
«Мен Мени сурабагандарга ачылдым. Мени издебегендер Мени табышты. Менин ысымым менен аталбаган элге: “Мына Мен! Мына Мен!” – дедим.
2
Мен баш ийбеген, жаман жол менен жүргөн, өз ойлору менен жүргөн элге,
3
токойлордо курмандык чалып, кыш үстүндө жыпар жыттуу зат түтөтүп, Мени дайыма ачууланткан,
4
мүрзөлөрдө отурган, үңкүрлөрдө түнөгөн, чочконун этин жеген, идиштерине жийиркеничтүү тамак бышырган элге бир күн бою колумду сунуп турдум.
5
Ал эл: “Токто, мага жакындаба, анткени мен сенден ыйыкмын”, – дейт. Ал эл – Менин таноом үчүн түтүн, бир күн бою күйүп турган от.
6
Менин алдымда мына мындай деп жазылган: Унчукпай калбайм, жазалайм, аларды мыйзамсыздыгына жараша жеткире жазалайм.
7
Силерди мыйзамсыздыктарыңар үчүн, – дейт Теңир, – тоолордо жыпар жыттуу зат түтөтүп, адырларда Мени шылдыңдаган ата-бабаларыңардын мыйзамсыздыгы үчүн жазалайм. Аларды мурунку иштерине жараша жеткире жазалайм».
8
Теңир мындай дейт: «Жүзүмдүн шиңгили ширелүү болуп турганда: “Ага зыян кылба, анткени ал бата алган”, – дешет. Ошол сыңары, бардыгын өлтүрбөш үчүн, Мен Өзүмдүн кулдарым үчүн ушундай кылам.
9
Жакыптан тукум чыгарам, Жүйүттөн Менин тоолорума мурасчы чыгарам: Менин тандалган адамдарым ал жерди ээлеп алышат, Менин кулдарым ал жерде жашап калышат.
10
Шарон койлор үчүн жайыт болот, Акор өрөөнү Мени издеген Өз элимдин өгүздөрүнө жата турган жай болот.
11
Ал эми Теңирди таштаган, Менин ыйык тоомду унуткан, Гат үчүн дасторкон даярдаган, Мени үчүн чөйчөк толо шарап куйган силерди болсо
12
Мен кылычка салып берем, баарыңар мууздалууга тизе бүгүп бересиңер, анткени Мен чакырганда, силер жооп берген жоксуңар, Мен сүйлөгөндө, силер укпай койдуңар, тескерисинче, Менин көз алдымда жамандык кылдыңар, Мага жакпаган нерсени тандап алдыңар».
13
Ошондуктан Теңир мындай дейт: «Менин кулдарым жешет, силер болсо ачка болосуңар. Менин кулдарым ичишет, силер болсо суусайсыңар.
14
Менин кулдарым кубанышат, силер болсо уятка каласыңар. Менин кулдарым жүрөктөрүнүн кубанганынан ырдашат, силер болсо жүрөгүңөрдүн кайгысынан кыйкырасыңар, рухуңардын кыйналганынан боздоп ыйлайсыңар.
15
Өзүңөрдүн ысымыңарды Менин тандап алган адамдарым үчүн каргышка калтырасыңар. Сени Кудай-Теңир өлтүрөт, Өзүнүн кулдарын болсо башка ысым менен атайт.
16
Ал ысым менен ким өзүнө жер үстүндө бата берсе, ал чындыктын Кудайынан бата алат. Ким жер үстүндө ант берсе, ал чындыктын Кудайы менен ант берет, анткени мурунку кайгылар унутулат жана Менин көз алдымдан жок болуп кетет.
17
Анткени мына, Мен жаңы асманды жана жаңы жерди жаратып жатам, мурункулар мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт.
18
Силер болсо Мен жаратканга кылымдар бою кубанып, шаттанасыңар: анткени мына, Мен Иерусалимди шаттык менен жаратып жатам, анын элин кубаныч менен жаратып жатам.
19
Мен Иерусалимге кубанам, Өз элиме сүйүнөм. Эми анын ичинде ыйдын үнү, боздогон үн угулбайт.
20
Ал жерде эми жетер жашына жетпеген ымыркай бала же кары адам болбойт, анткени жүз жаштагы адам жаш бойдон өлөт, бирок жүз жаштагы күнөөкөр каргышка калат.
21
Жаңы үйлөрдү куруп, ошол үйлөрдө жашашат, жүзүмзарларды отургузуп, мөмөлөрүн жешет.
22
Алар башка бирөө жашаш үчүн үй курушпайт, башка бирөө жеш үчүн жүзүмзар отургузушпайт, анткени Менин элимдин өмүрү дарактын өмүрүндөй болот. Мен тандап алган адамдар өз эмгегинин үзүрүн көпкө чейин көрүшөт.
23
Алар текке эмгектенбейт, балдарын кайгы үчүн төрөбөйт, анткени алар Теңирдин батасын алган тукум болот, алардын укум-тукуму өздөрү менен бирге болот.
24
Алар чакырардан мурун эле, Мен жооп берем. Алар сүйлөп жатканда эле, Мен угам.
25
Карышкыр менен козу бирге жайылат, арстан өгүздөй болуп саман жейт, ал эми жыландын тамагы топурак болот. Алар Менин ыйык тоомдун эч бир жерине зыян келтирбейт, жамандык кылбайт», – дейт Теңир.
← Chapter 64
Jump to:
Chapter 1
Chapter 2
Chapter 3
Chapter 4
Chapter 5
Chapter 6
Chapter 7
Chapter 8
Chapter 9
Chapter 10
Chapter 11
Chapter 12
Chapter 13
Chapter 14
Chapter 15
Chapter 16
Chapter 17
Chapter 18
Chapter 19
Chapter 20
Chapter 21
Chapter 22
Chapter 23
Chapter 24
Chapter 25
Chapter 26
Chapter 27
Chapter 28
Chapter 29
Chapter 30
Chapter 31
Chapter 32
Chapter 33
Chapter 34
Chapter 35
Chapter 36
Chapter 37
Chapter 38
Chapter 39
Chapter 40
Chapter 41
Chapter 42
Chapter 43
Chapter 44
Chapter 45
Chapter 46
Chapter 47
Chapter 48
Chapter 49
Chapter 50
Chapter 51
Chapter 52
Chapter 53
Chapter 54
Chapter 55
Chapter 56
Chapter 57
Chapter 58
Chapter 59
Chapter 60
Chapter 61
Chapter 62
Chapter 63
Chapter 64
Chapter 65
Chapter 66
Chapter 66 →
All chapters:
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
32
33
34
35
36
37
38
39
40
41
42
43
44
45
46
47
48
49
50
51
52
53
54
55
56
57
58
59
60
61
62
63
64
65
66